ПРЕЗИДЕНТТИН ӨЛКӨНҮ ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ИЛИМДИН САЛЫМЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА ЖАРЛЫГЫ КҮЧҮНӨ КИРДИ

  • 24.02.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы ПЖ № 26 “Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы 21-февралда күчүнө кирди.

ПРЕЗИДЕНТТИН ӨЛКӨНҮ ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ИЛИМДИН САЛЫМЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА ЖАРЛЫГЫ КҮЧҮНӨ КИРДИ

Жогорку окуу жайларында илимди чыңдоо жана өнүктүрүү, изилдөө ишинин сапатын жакшыртуу жана илимий иштердин жыйынтыктарынын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, мамлекеттик илимий мекемелерди тиешелүү штаттарын, материалдык-техникалык базасын, жанаша аймактарын жана колдонуудагы каржылоо булактарын сактоо менен мамлекеттик ЖОЖдордун карамагына өткөрүлүп берилет.

Жарлык ведомстволук таандыгына карабастан илимий-изилдөө мекемелеринин ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү; илимий тармакты оптималдаштырууну; илимий-изилдөө мекемелеринин кадрдык потенциалын жана материалдык-техникалык базасын инвентаризациялоону; мамлекеттик, жеке жана башка заказдардын эсебинен мамлекеттик илимий мекемелердин иши үчүн шарттарды түзүүнү; илимий тармакты каржылоого багытталган мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын үлүшүн негиздүү жогорулатууну карайт. 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 16-февралы ПЖ № 26

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө

Жогорку окуу жайларында илимди чыңдоо жана өнүктүрүү, изилдөө ишинин сапатын жакшыртуу жана илимий иштердин жыйынтыктарынын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6671-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

— белгиленген тартипте төмөнкү мамлекеттик илимий мекемелерди тиешелүү штаттарын, материалдык-техникалык базасын,жанаша аймактарын жана колдонуудагы каржылоо булактарын сактоо менен өткөрүп берсин:

“Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн гуманитардык жана региондук изилдөөлөр институту” мекемесин “Ош мамлекеттик университети” мекемесинин карамагына;

“Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Дж. Алышбаев атындагы экономика институту” мекемесин “Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети” илимий-изилдөө университети” мекемесинин карамагына;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтун анын экономикалык блогун “Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети” илимий-изилдөө университети” мекемесинин карамагына өткөрүп берүү менен белгиленген тартипте кайра уюштурууну жүргүзсүн;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарын мамлекеттик жогорку окуу жайлары менен тиркемеге ылайык интеграцияласын;

— 2023-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө интеграциянын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын айрым илимий-изилдөө институттарын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын карамагына өткөрүп берүү маселеси боюнча негизделген сунуштарды киргизсин;

— ведомстволук таандыгына карабастан илимий-изилдөө мекемелеринин ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзсүн;

-Жарлык күчүнө киргенден кийин эки айлык мөөнөттө илимий тармакты оптималдаштыруу боюнча жол картасын бекитсин;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, жогорку окуу жайларынын илимий-изилдөө мекемелеринин жана тармактык илимий-изилдөө институттарынын кадрдык потенциалына жана материалдык-техникалык базасына инвентаризация жүргүзсүн, алардын ишинин натыйжалуулугун аныктасын;

— мамлекеттик, жеке жана башка заказдардын эсебинен мамлекеттик илимий мекемелердин иши үчүн шарттарды түзсүн;

— илимий тармакты каржылоого багытталган мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын үлүшүн негиздүү жогорулатууну карасын;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Респуьликасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” газетасынын 2023-жылдын 21-февралында № 13(3462) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

С.Н. Жапаров

Мамлекеттик жогорку окуу жайларына бекитилип берилүүчү
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын
илимий-изилдөө институттарынын тизмеси

Илимий-изилдөө институтунун аталышыМамлекеттик жогорку окуу жайынын аталышы
1Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтуИ. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
2Геология институту
3Машина таануу жана автоматика институту
4Жаратылыш ресурстары институту
5Биология институтуК. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
6Биотехнология институту
7Математика институтуЖ. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
8Академик Ж. Жеенбаев атындагы физика институту
9Химия жана фитотехнология институту
10Жалал-Абад илимий борборуБ. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети
11Тоо физиологиясы жана медицина институтуИ. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Бөлүшүү

Комментарийлер