ПРЕЗИДЕНТТИН АТА-ТЕГИ ТУУРАЛУУ КИТЕП ЧЫКТЫ

  • 24.05.2023
  • 0

Мамлекет башчысынын ата-теги тууралуу оригиналдуу изилдөө жарыкка чыкты.

Өлкөбүздүн китеп фонду жакында Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр  Жапаровдун ата-тегин сүрүштүрүп изилдөөгө арналган “Аталар жолунда”   аттуу жаңы оригиналдуу эмгек менен толукталды. Автору — К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин “Кыргызстан жана Чыгыш чет өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасынын башчысы, белгилүү тарыхчы, профессор Дөөлөтбек Сапаралиев.

Д.Сапаралиевдин изилдөөсүндөгү бардык баяндоолордун, жалпылоолордун жана корутундулардын калыс, объективдүү, сезимден, курулай пафостон оолак илимий нукта жүргүзүлгөндүгү анын салыштырып жасаган тыянактарынын ынанымдуулугун бекемдейт. Автордун мындай ыкмасы китепке оригиналдуулук маани берип, анын маалыматтарынын ишенимдүүлүгүн арттырып, окурмандардын мыйзамдуу кызыгуусун жаратаары анык. Китептин дагы бир өзгөчө баалуулугу- Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын архивдик фонддорунан табылган материалдарды жарыялоо жана китепке 60 жаңы илимий айлампага киргизиле элек архивдик документтердин тиркелгендигинде болуп саналат. Алардын ичинде кыргыздын уруу башчыларынын жазган каттарынын он чакты түп нускасы жана алардын азыркы кыргыз тилине оодарылган котормолору бар. Алар конкреттүү жаңы тарыхый изилдөөлөрдө биздин билимибизди толуктоого эң сонун булак болоору шексиз.

Китепте Бугу уруусунун манаптарынын, бийлеринин жана ардактуу, атактуу инсандарынын 1863-жылдын 29-сентябрында Ала-Тоо окуругунун башчысы, генерал-майор Г. Колпаковскийге жазган  кайрылуусунун түп нускасынын көчүрмөсү да кездешет. Ал кайрылуунун ээлери Россия мамлекетине чын дили менен берилгендигин ырасташкан экен. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясат архивинен табылган бул кайрылууга басылган көптөгөн жеке мөөрлөрдүн арасында С. Жапаровдун бешинчи чоң атасы Солтонкул Алыбаевдин да мөөрү бар.

Архивдик материалдардын арасында дагы бир кызыктуу тарыхый документ — 1865-жылдын 25-июнунда Солтонкул Алыбаев биринчи башкаруучу болуш болуп шайланган Бирназаров волостун уюштуруу боюнча өкүмдүн фотокөчүрмөсү кездешет. Китепте болуш С.Алыбаевдин падышалык Россиянын уезддик, округдук жана генерал-губернатордук башкармалыктарынын ар кандай инстанциялары менен кат алышууларынын көчүрмөлөрү да камтылган. Анда ал өзүнө ишенип берилген волосттун калкынын көйгөйлөрүн көтөрүп, аларды чечүүгө бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн бурууга аракет кылган. Жогоруда айтылып кеткендей илимий жүгүртүүгө биринчи жолу киргизилген архивдик документтердин түп нускасынын мындай фотокөчүрмөлөрү китепте абдан эле көп. Бул документтерде падышачылык Россиянын мезгилиндеги Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы администрация башчыларынын иш-аракеттери тууралуу материалдар кеңири чагылдырылат.Автордун айтымында, бул китепти жазуудагы негизги булактардын бири Президент С. Жапаровдун атасы Нургожо Мусталы уулунун «Кыргыздын сыры санжыра» (Б., 2010-ж.) аттуу оригиналдуу эмгеги болгон. Бул факты президенттин атасы кыргыздын өткөн тарыхына, санжырасына кызыккан кайдыгер эмес аксакалдардын салтын ийгиликтүү улантып, өз алдынча материалдарды чогултуп, китеп чыгарганын айгинелейт. Нургожо аксакал китебинде Кыргызстанда жана Кытайда чыккан оозеки чыгармаларга, санжыраларга жана илимий тарыхый эмгектерге таянып, XV-кылымда жашаган Долон бийге чейинки ата-бабаларыбыздын 16-муунуна чейинки санжыраны берет. Президент С.Жапаровдун бул китепте берилген ата-теги (генеалогиялык дарагы) Д.Сапаралиевдин изилдөөсүндө таң калыштуу түрдө тастыкталып, жаңы архивдик материалдар, конкреттүү окуялар менен дагы бир топ байытылганын белгилемекчибиз.Мындай пикирибиздин негизи катары, Д.Сапаралиевдин С.Жапаровдун ата-бабаларынын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу кызыктуу фактыларды архивдик фонддордон, ошондой эле орус авторлорунун илимий чыгармаларынан материалдарды кылдаттык менен чогултканын айтууга болот. Президенттин 7-муундагы бабасы Бирназар бий жөнүндө айтып, жазып кеткен авторлордун арасында орусиялык белгилүү тарыхчылар Иван Андреевдин, Николай Аристовдун ысымдары аталат.Д.Сапаралиевдин эмгегинде президенттин 5-муундагы бабасы, Кең-Суу болуштугунун биринчи башкаруучу-болушу, манап Солтонкул Алыбаевдин өмүрүн жана ишмердүүлүгүн тактоого, калыбына келтирүүгө жана баян кылууга көп орун берилген. Китепте биздин көз алдыбызга кайраттуу, жалындуу мамлекеттик жана коомдук ишмер Солтонкул Алыбай уулунун «Орусияга болгон багытын эч качан өзгөртпөгөн жана алысты көрө билген, даанышман саясатчы» катары элеси тартууланат. Автор далил катары С.Алыбаевдин полковник А.Е. Циммермандын (1825 — 1884) 1860-жылы сентябрда Чүй өрөөнүндөгү Кокон хандыгынын чептери – Токмак жана Пишкекти талкалоо боюнча согуштук экспедициясына, 1862-жылдын жай айларында капитан Проценконун жетекчилиги астында орус отрядынын курамында Цин империясынын жоокерлерине каршы салгылашууларда дагы бир жолу эрдик көрсөтүп өзгөчөлөнгөндүгүн келтирет. Болуш болуп иштеген жетекчинин мындай кынтыксыз кызматы, тажрыйбасы жана эпчилдиги, ошондой эле Солтонкул Алыбаевдин бекем жана ырааттуу позициясы жогору бааланган. Ал бир нече жолу сыйлыктарды да алган. Мисалы, 1858-жылы   моюнга илинип тагынуучу «За преданность» күмүш медалын алган.1860-жылы 3-даражадагы ардактуу сый халат менен сыйланган. С.Алыбаев сыйлыктардан тышкары хорунжий наамына ээ болгон. Бул наам орус армиясынын казак аскерлеринде (атчан аскерде) алгачкы офицердик наам корнетке жана (жөө аскерде) подпоручик наамына ылайык, же дал келген биринчи офицердик наамга ээ болгон. Ошондой эле ага 1864-жылы 17-декабрда 2-категориядагы ардактуу сый чапан (кафтан) сыйлыгы тапшырылган.С.Алыбаевдин падышачылык Россия өкмөтүнөн алган жети сыйлыгы такталып, хронологиялык тартипте тыкыр сүрөттөлүп эле жазылбастан, ал сыйлыктар эмне үчүн берилгендиги да изилденип жазылган. С.Алыбаев Кыргызстандын колониялык мезгилиндеги тарыхында орус администрациясынан ушунча көп сыйлыктарды алган экинчи адам болушу ыктымал. Ал эки күмүш медаль, төрт ардактуу сый чапан, бир мактоо баракчасы жана хорунжий аскердик наамы биригип бардыгы сегиз сыйлык алган болсо, мындан көбүрөөк сыйлыкка кыргыздын белгилүү манабы Шабдан Жантаев гана ээ болгон. Бир орден, алты ар кандай деңгээлдеги медалдар, алты ардак сый халат, бир алтын саат жана орус армиясынын подполковнигинин офицердик наамына барабар милициянын старшинасы аскердик наамы болуп бардыгы 14 сыйлыкты алган.

Изилдөөдө Садыр Нургожоевич Жапаровдун төртүнчү чоң атасы — Көчкүн Солтонкулов (1856-жылы туулган) тууралуу кызыктуу маалыматтар  орун алган. Мисалы, ал 1882-жылы 8-ноябрда болуп өткөн Кең-Суу болуштугунун жергиликтүү администрациясына болгон шайлоодо № 8 айылдын аксакалы (башчысы) болуп шайланыптыр. Китепте 1909-жылдын 13-июлунда жана 1912-жылдын 22-апрелинде (1913-1915-ж. үч жылдык мөөнөт үчүн) Пржевальский уездинин Кең-Суу волостунун администрациясына болгон кезектеги шайлоого, Президенттин үчүнчү чоң атасы — 26 жаштагы Жапар Көчкүнов (1884-ж. туулган) элүү башы кызматына шайлануу үчүн катышкандыгы тууралуу дагы маалыматтар келтирилген. Шайлоонун документтеринде анын араб арибиндеги  “Көчкүн уулу Жапар» деген жеке мөөрүнүн изи калган. Бул болсо анын сабаттуулугунун айкын далили болуп эсептелет.

Д.Сапаралиев китебинде С.Жапаровдун ата-бабаларынын чарбалык ишмердүүлүгүн изилдеп талдоого да көңүлүн бөлгөн. Орус колониялык бийликтери чогулткан салыктын көлөмүн так аныктоо үчүн өз калкынын санын катуу эсепке алганы белгилүү. Автор туура белгилегендей, маалыматтарда кыргыздардын байлыгы туура бааланбай, кыйла эле азайтып берилген. Бирок ошого карабастан алардан кыргыз чарбаларынын салыштырмалуу абалын элестетип билүүгө болот. Мисалы, 1885-жылкы эл каттоонун материалдарына ылайык Кең-Суу болуштугунун № 6 «Алыбай» айылында, ал жердин тургуну Көчкүн Солтонкуловдун № 33 үй-чарбасында тогуз адам — ​​үй-бүлө башчысынан тышкары анын эки аялы, эки уулу жана 4 кызы катталган. Эң кызыгы, эки жаштагы уулу Абдыжапар деп аталып, кийинчерээк ал ат Жапар болуп кыскарып өзгөрүп кеткен. Алардын алты төө, 60 жылкы, үч бодо малы жана 100 койу болгон. Бул фактылар К. Солтонкуловдун үй-бүлөсүнүн оокаттуу, бай экендигин жана бардарчылык, бакубат турмушта өмүр сүрүшкөндүгүн айгинелейт.

Д.Сапаралиев архивдерден издеп тапкан Садыр Жапаровдун ата-бабалары жана анын жакын туугандары тууралуу башка маанилүү маалыматтардын арасында бабасы Алыбай Бирназаровдун урпактары, анын неберелери Бектен Юнусов менен Сарыбай Солтонкулов жана чөбөрөсү Букара Сарыбаевдин аттары аталат. Алар Кыргызстандагы 1916-жылдагы элдик боштондук көтөрүлүшкө активдүү катышып, Пржевальски уездиндеги көтөрүлүштүн жетекчилеринин катарында болушкан.

Президент С.Жапаровдун энеси жагынан туугандары тууралуу кызыктуу маалыматты КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги А.Асанкановдун “Синьцзян кыргыздары” (КЭР-Б.,2010) аттуу китебинде кезиктирүүгө болот. Анда академик өзүнүн 2005-2009- жылдардагы этнологиялык экспедиция учурунда Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Текес шаарындагы кыргыз автономиялык Көк-Терек айылындагы Моюнтай чарбасында болуп,  Садыр Жапаровдун тайакеси Абийир менен таанышып, маектешип, элестүү фотосүрөттөргө тарткан. Абийир аксакал үй-бүлөсү менен фермерлик чарбасынын түйшүктүү ишин ийгиликтүү жүргүзүп, өздөрүнүн айдоо аянттарына, ал жерди иштеткенге зарыл болгон техникаларга ээлик кылып, көп сандаган мал жандыгы менен бакубат жашоо кечирет.

Жыйынтыктап айтканда, Д.Сапаралиевдин изилдөөсү жогорку илимий-теориялык деңгээлде жүргүзүлгөн. Ал өз окурманын табат жана кыргыз таануу илиминдеги инсандардын тарыхнаамасын байытуу менен бирге Кыргызстандын, анын ичинде Ысык-Көл облусунун тарыхын, өзгөчө Россия империясынын курамына киргенден кийинки мезгилин тактап, байытуу ишине өзүнүн  бараандуу салымын кошот деп ишенебиз.

А.АСАНКАНОВ, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, академик;

С.ДЮШЕНБИЕВ, Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Этнология бөлүмүнүн башчысы.

                

Бөлүшүү

Комментарийлер