ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАГЫ ЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫН МАЙРАМДООГО АРНАЛГАН ИШ-ЧАРАЛАРГА КАТЫШУУ ҮЧҮН МОСКВАГА КЕЛДИ
- 23.06.2020
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июнда, Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапары менен келди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.
Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.
Бөлүшүү
Комментарийлер