ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: Ар бир курулган мектеп— өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошулган салым

  • 06.05.2024
  • 0

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: Ар бир курулган мектеп— өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошулган салым

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Мектептин эски имараты 2015-жылдагы жер титирөөдө катуу жабыркап, жараксыз деп табылган, ал эми окуучулары И.В.Панфилов атындагы мектеп-гимназиясына көчүрүлгөн болчу. Жаңы имараттын курулушу ошол жылдары эле башталганы менен, долбоор 2020-жылга чейин токтолуп калган. Бүгүн 720 окуучуга ылайыкташкан жаңы имарат өз окуучуларын, өз мугалимдерин кучак жая тосуп алууга даяр турат.

Раззаков мектеби менен катар Мамлекет башчысынын катышуусунда жалпы өлкө боюнча курулушу аяктаган 9 мектептин, 2 бала бакчанын онлайн ачылышы болуп өттү.

Садыр Жапаров өз сөзүндө жаш муундардын татыктуу билим алуусуна салым кошо турган жагымдуу жагдайлар абдан сүйүндүрөрүн айтты.

Мамлекет башчысы бүгүн ошондой жакшы саамалыктардын бирине — белгилүү саясий жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун атын алып жүргөн мектептин жаңы имаратынын ачылышына күбө болуп жатканын сыймыктануу менен баса белгиледи.

Садыр Жапаров республика аймагында ачылып жаткан мектептердин жагдайы дээрлик окшош экенин: же эскилиги жеткен, же жаратылыш кырсыгынан жабыркаганын айтып өттү. Көп жылдардан бери билим берүү имараттарынын эскилиги башкы көйгөй болуп келген.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары балдардын билим сапатын жакшыртуу үчүн билим уяларынын көйгөйүн чечүүгө батыл киришип, мектеп имараттарынын курулушу масштабдуу түрдө колго алынганын эске салды. Президент акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп жана 69 бала бакча салынганын айтып, жылдан жылга билим берүү тармагына каралган каражаттардын динамикасы өсүп жатканын кошумчалай кетти.

Садыр Жапаров мектептерди куруп, капиталдык ремонттон өткөрүп, окутуунун жаңы технологиялары менен билим берүү уюмдарын жабдуу – негизги максаттардын бири деп атады. Бул үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда. Татыктуу билим берүү үчүн сапаттуу мектептерди куруу – учур талабы болгондуктан,  мындан ары дагы жаңы мектептер курула бермекчи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ар бир курулган мектеп— өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошулган салым болуп эсептелет деп, билим сапатын көтөрүүдө окуу китептеринин мааниси чоң экендигин белгиледи. Ошондуктан өткөн жылы 152 млн сомго 574 миң нуска китеп басылып чыкты.

Садыр Жапаровдун айтымында, жүргүзүлгөн талдоолорго ылайык, балдардын сапаттуу билим алып чыгуусунда мектеп, китеп жана башка көйгөйлөрдөн сырткары, билим берүүнүн ыкмаларын өзгөртүү дагы башкы маселе экени аныкталды.

Бизде окутуу программалары маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, жасалма интеллект өнүгүп жаткан шартта заман талабына канчалык жооп берет, деп Мамлекет башчысы суроо салды.  Буга байланыштуу тармактык министрликтин алдына катуу тапшырма коюлуп, бул багытта тыкыр иш алып баруу зарылдыгы айтылды.

Президент белгилегендей, мектептерде билим берүүгө байланыштуу иш-чаралардын көпчүлүгүндө ал ата-энелерге дайыма кайрылып, мугалимдер жамааты менен тыгыз кызматташып, балдардын билим алуу процессине жигердүү катышууга чакырат.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы өткөн жылы “Акылман” президенттик лицейи түзүлгөнүн эске салды. Анын башкы максаты — жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү келечекте республикада жооптуу кызматтарды ээлеши керек. Алар катардагы кызматкерден министрликтин жетекчисине чейин жолду басып өтүп, балким, өлкөнүн президентинин ордун ээлешет. Лицейге академиялык жетишкендиктери жогору болгон таланттуу окуучулар гана тандалып алынат.

Президент Садыр Жапаров өлкөнү өнүктүрүүгө ийгиликтүү катышуу үчүн зарыл болгон заманбап билимге жана жөндөмгө ээ билимдүү адистерди даярдамайынча күчтүү мамлекетти куруу мүмкүн эместигин белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер