PISA ИЛИКТӨӨСҮНӨ АЗЫРТАН ДАЯРДЫК ЗАРЫЛ

  • 12.08.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин Дүйнөлүк Банк каржылаган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өлкөнүн окуучуларын PISA-2025 изилдөөсүнө даярдоо боюнча иш-чаралар тоолуу өлкөбүздө тыкыр жүрмөкчү.

Бул тууралуу долбоордун координатору Мира Мыкыева маалымдады. Ал долбоор алдында жакынкы аралыкта санариптик чөйрөдө функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу үчүн тесттер банкын иштеп чыгуу, жыйынтыктоочу баалоо үчүн стандартташтырылган тесттердин банкын түзүү, аралыктан онлайн жана оффлайн баалоо кызматтарын көрсөтүүчү электрондук платформаны иштеп чыгуу милдеттери турганын көрсөттү.

Белгилей кетсек, PISA (Program for International Student Assessment, PISA) окуучуларды баалоо боюнча эл аралык программа болуп саналат. Тестке дүйнөнүн ар тарабынан келген 15 жаштагы өспүрүмдөр катышат. Изилдөөдө окуучулардын функционалдык сабаттуулугу, мектепте алган билимдерин иш жүзүндө колдонуу жөндөмдүүлүгү бааланат.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер