PISA–2024 : АЗЫРТАН ДЫКАТ ДАЯРДЫК ЗАРЫЛ

  • 18.09.2019
  • 0

Кыргызстан 2024-жылы PISA сынагына кайрадан катышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу 12-13-сентябрда Бишкек шаарында бир катар эл аралык уюмдардын катышуусунда өткөн семинарда кенен сөз болду.

Мурунку тажрыйба — келечекке өбөлгө

Келечек үчүн тарыхый мааниси бар бул семинарды ачып жатып, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Кыргызстандын  2006 жана 2009- жылдардагы PISA сынагына катышуу тажрыйбасын эске сала кетти.

— Биздин мурунку эки жолку тажрыйбабызды эстегенибизде баарыбыз капа болобуз. Анткени ошондо 15 жаштагы өспүрүм окуучуларыбыздын 80%ы коомдо жашоого зарыл билим, көндүмдөргө ээ болушканын тастыктай алышпады. Анткен менен программага катышуунун өзү биз үчүн пайдалуу болду деп ойлойм, — деди Надира Сынташевна.

Чындыгында Кыргызстан, 2006-жылкы тестирлөөнүн жыйынтыктары жарыяланары менен, билим берүүнүн мазмунун өзгөртүү, ошондой эле мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу жаатында  бир катар чечкиндүү кадамдарга барганы белгилүү. Мында бдюжеттин мүмкүнчүлүктөрү жана донордук уюмдардын каржылык колдоосу байма-бай колдонулганы эсибизде. Бул иштердин туура нукта экенин PISAнын кийинки 2009-жылкы иликтөөлөрү айдан-ачык көрсөттү: үч жылдын ичинде окуу боюнча жыйынтыктар 5%га, математикадан 3%га, табигый илимдер боюнча жыйынтыктар дээрлик 5%га өскөн.

Билим берүү жана илим министринин орун басары өлкөбүздө мектептик билим берүү системасын реформалоо, окуучулардын билим сапатын жакшыртуу боюнча акыркы жылдардагы көрүлүп жаткан аракеттерге токтолуп келип, бул жаңылануу аракеттери, тилекке каршы, 15 жаштагы өспүрүмдөр билим алган 8-9-класстардын окуучуларын камтый албаганына токтолду.

— 2024-жылы PISAга кайтып баруу тууралуу чечимди кабыл алып жатып, биз буга чейинки билим берүү системасын реформалоо аракеттерибиз кандай жыйынтыктарды берерин көргүбүз келди. Мындай кадамга барууга  2014чү жана 2018-жылдардагы ЖРТ менен окуучулардын жетишкендиктерин  Улуттук баалоо жыйынтыктары бизге дем берди, -деп айтты Надира Сынташевна.

Семинардын катышуучуларын бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучуларынын бири болгон ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлү Кристин Жольм айым кызуу куттуктады жана семинардын ишине ийгиликтерди каалады.

— Мен баарынан мурун Билим берүү министрлигине биздин демилгенин колго алганы үчүн зор ыраазычылык билдирем. Буйруса, биздин кош аракет жакынкы келечекте өзүнүн жемиштүү үзүрүн берет деп ишенем, — деди Кристин Жольм айым.

 

Айкын максаттар — ийгилик ачкычы

Алдыдагы зор окуяга даярдык азыртан көрүлүүгө тийиш. Бул тууралуу 2030-жылга карата Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын эксперти Лариса Марченко өз докладында кенен токтолду.

Аталган маанилүү документке келсек, анын максаты  2030-жылга карата ар бир адамдын сапаттуу билим алууга жеткиликтүүлгүн камсыз кылууга багытталганын көрөбүз. Бул бир жагынан инсандын таанып-билүү керектөөсүн канааттандырса, экинчиден Кыргыз Республикасынын адамдык капиталын өнүктүрүүнү камсыз кылат.

— Бул стратегияны ишке ашыруу аркылуу биз 2030-жылы күчтүү байланыш көндүмдөрүнө ээ, санариптик маалымат жана байланыш технологияларын колдоно билген, өз пикирин ачык билдирип, өз алдынча иш алып барууга жөндөмдүү, кесиптик иштеринде чыгармачылык жана новатордук ыкмаларды пайдаланууга жөндөмдүү, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлай билген, гендердик, маданий, этностук жана саясий көп түрдүүлүк боюнча  баалуулуктарды бөлүшүүгө даяр, турмушта жана эмгек рыногунда ийгиликтүү болуш үчүн  жалпы жана өзгөчө жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон коомдун активдүү атуулун даярдай алабыз, — деди Лариса Юревьна.

Стратегияда «Билим берүүнүн максаты, ар бир бүтүрүүчүнүн керектүү компетенттүүлүктөргө, анын ичинде санариптик компетенттүүлүккө ээ болуусун көздөйт. Бул анын глоболдык дүйнөгө аралашып, глобалдык, регионалдык жана өлкөнүн эмгек рыногунда ийгиликтүү аракеттенүүсүн камсыз кылат» деп таамай көрсөтүлгөн.

— Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын  2021 – 2030 -жыл  үчүн максаты бул  билим берүү системасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн ички жана тышкы ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу, билим берүүнүн жеткиликтүүгү жана көрсөтүлгөн билимий кызматтардын сапаты үчүн зарыл шарттарды түзүү болсо, ал эми PISA программасынын максаты 15-жаштагы балдардын мектепте алган билимдерин турмушта колдонуу жөндөмүн баалоо болуп саналат, -деди Лариса Юревьна максаттардын шайкештигин белгилеп.

PISAда башкалардын табылгасы да маанилүү

Семинарда атактуу PISA сынагын уюштурууну колго алган Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) өкүлү Софи Вайсетт окуудагы жетишкендиктерди баалоонун бул эл аралык программасы тууралуу  маалымат берди. Анын айтуусунда программа аркылуу 15 жаштагылардын билими, көндүмдөрү жана бейпилдиги текшерилип, ошондой эле алар билим алган өлкөлөрдүн билим берүүдөгү улуттук саясатына баа берилет, башкалардын жетишкендиктери менен салыштырылат. Ошон үчүн дүйнөдө PISAнын жыйынтыктары менен бардык өлкөлөр, саясатчылар эсептешкенге мажбур.

—  PISAнын уникалдуулугу анын саясатынын «сабаттуулук» инновациялык концепциясына, үзгүлтүксүз билим берүүгө, регулярдуулукка, географиялык жактан кенендикке багытталганында турат. Мисалы 2018-жылы бул иликтөөгө ЭКӨУнун 37 мүчө өлкөсү жана 42 шериктеш өлкөсү катышты. Сандык жактан айтсак, 2018-жылы 79 өлкөнүн 32 миллион 15 жаштагы өспүрүмдөрүнүн атынан 600 000 окуучулары эки сааттык сынактан өтүштү. Алар окуудан, математикадан жана табигый илимдерден сынак тапшырышты, — деди Софи Вайсетт.

Серепчилер бул эл аралык программанын атак-даңкы көп эсе ал тутунган принциптерге байланыштуу экенин айтып жүрүшөт. Семинарда ошол принциптерге: адамдардын кеңири катмарын камтуусуна, программанын ар түрдүү өлкөлөр үчүн ылайыктуулугуна  жана башкалардын тажрыйбасын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө, программага катышуучу тараптардын көз карашын триангуляциялоосуна, түрдүү деталдаштыруу деңгээлиндеги алдыңкы методдоруна жетик баа берилди.

Софи Вайсетт өзүнүн андан аркы сөзүндө PISA иликтөөсүн ишке ашырган ЭКӨУ уюмуна, анын түзүмүнө, башкармалыгына, уюмдун секретариатынын аткаруучу ишине, подрядчиктерге  токтолду жана Кыргызстан сыяктуу өз улуттук билим берүү ситстемасын мыктылоо, жакшыртуу жолуна түшкөн өлкөлөргө ар убак компетенттүү жардам берилерин убада кылды.

Семинардын катышуучулары, атап айтсак Сауле Хамзина PISA–2024кө даярдык көрүүнүн планын, уюштуруу маселелерин азыртан ачыктап алууну, Марина Глушкова башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап чыгууну өтүнүшсө, дагы башкалары программага катышуу акысы канча экендигине, программадагы кайсыл методдор Кыргызстанга ылайыктуулугуна кызыгышты. Журналист катары мага Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметовдун сунушу абдан жакты.

—              PISA – 2024 иликтөөлөрүнүн маанисин коомчулукка кимдер ынанымдуу жеткире алышат? Албетте, журналисттер. Алар бул ишти башкалардан мыктыраак аткарышат деп ойлойм. Андай болгон соң, биз аларга да программа тууралуу семинарларды өткөрүшүбүз керек, -деди Алмаз Даткабекович.

Эртеси 13-сентябрда семинар өз ишин улантып, иликтөө ишинин мөөнөтү, программанын улуттук менеджеринин аткаруучу иштери тыкыр талкууга алынды.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер