ПИЛОТТУК МЕКТЕПТЕР АРАСЫНДА ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- 29.03.2023
- 0
26-мартта волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды.
Мелдешке 10 пилоттук мектептен 10 мырзалар жана 6 кыздар командасы катышты.
2022-жылдын 1-декабрынан Бишкек шаарынын 10 пилоттук жалпы билим берүү уюмдарында волейбол боюнча секциялар ачылган. Секцияларды Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 2-3-курсунун 22 студенти өттү.
Уюштуруучулар — Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору жана Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы.
Бөлүшүү
Комментарийлер