Ph.D. ДАРАЖАСЫН ПЛАГИАТ АРКЫЛУУ АЛА АЛБАЙСЫЗ

  • 16.09.2022
  • 0

Урмат ТЫНАЛИЕВ,

АКШдагы Миннесота университеттин Ph.D. программасын бүтүрүүчү.

Ph.D. ДАРАЖАСЫН ПЛАГИАТ АРКЫЛУУ АЛА АЛБАЙСЫЗ

Бул чакан макалада “Ph.D. деген эмне?”, “Башка мамлекеттерде ал кандай кабылданат?”, “Анын азыркы Кыргызстандагы калыптанып калган илимий даражалардан кандай айырмасы бар?” деген суроолорго жооп издейбиз.
Макаланы жазганда Беннеттин 2021-2022-жылдары “FindAPh.D.” сайтында жарыяланган эмгегине таянып, анын кээ бир жерлери түздөн-түз которуп келтирдим. Башка пайдаланылган булактарга шилтеме жасадым. Мында Америкадагы университеттин Ph.D. даражасынын ээси, Борбордук Азия университетинде Магистр жана Ph.D. даражасын алууга умтулган жаштарды Батыштын белгилүү университеттеринде даярдоо программанын (Central Asian Faculty Development Programme) менеджери (2009-2013 жылдар), АКШ, Казакстан жана Венгрияда Ph.D. докторанттарды окуткан мугалим катары катары өз тажрыйбамды да бөлүшмөкчүмүн.

Ph.D. деген эмне?

Беннетт (2021а) Европадагы (Улуу Британиядагы) программалар жөнүндө жазып, Ph.D. даражасына төмөндөгүдөй аныктама берет: “Ph.D. — бул докторлук илимий даража, сиз жетише ала турган академиялык квалификациянын эң жогорку баскычы. Бул даражаны алуу үчүн адатта үч-төрт жылга чейин толук убакытта өзүӊүздүн тема боюнча оригиналдуу салым болгудай диссертацияны иштеп чыгуу талап кылынат”. (АКШдагы системанын айырмачылыктар жөнүндө төмөндө өзүнчө сөз болот).
“Үч-төрт жылдык толук убакыт” күндүзгү бөлүмдө окуп, жумасына 40-50 саат убакыт тынымсыз дегенди билдирет. Эгерде толук эмес окуу болсо, 7-8 жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн. “Өзүӊүздүн тема боюнча оригиналдуу салым” – бул тийиштүү тармактагы кандайдыр бир теорияларга таянып, аларга ылайык гипотезаларды/божомолдорду аныктап, анан көрсөткүчтөрдү чогултуп, анализдеп, өзүӊүздүн божомолдорду тастыктаган кандайдыр бир жыйынтыктарга келүү, же жаңы теорияны ачуу.
Ph.D. (лат. Philosophiae Doctor) – «философия доктору». Бул жерде «философия» илимий багытты эмес, эзелки «акылмандыкты сүйүү» (грек.) дегенди гана билдирет.
Ph.D. — докторантуранын эң кеңири таралган түрү, ал дүйнө жүзүндөгү университеттерде дээрлик бардык предметтер же багыттар боюнча ыйгарылат. Башка докторлук даражалар кыйла адистештирилген же практикалык жана кесиптик багыттар үчүн аныкталган (Беннет, 2021). Мисалы D.Phil — Doctor of Philosophy, BA — Doctor of Business Administration, EdD — Doctor of Education, MD-Doctor of Medicine, JD — Doctor of Law or Doctor of Jurisprudence, EngD — Doctor of Engineering жана башка аталыштар колдонушу мүмкүн. Демек, “негизинен, бардык Ph.D.’лер илимдин докторлору, бирок бардык эле илимдин докторлору Ph.D. эмес” (Беннет, 2021).

Германия, АКШ жана Кыргызстандагы илимий даражалар

Адегенде Кыргызстандагы илимдин кандидаты жана доктору даражалары СССР учурунда калыптанып, андан кийинки 30 жыл эгемендик учурунда эч кандай өзгөрүүсүз колдонулуп келе жатат. Бул система учурунда Германиядан Россияга келип, андан кийин 1934-жылдан баштап союздук республикаларга тараган. Ошентип, биздеги илимий даража ыйгаруу системасы тагыраагы, 1934-жылы СССРдин Эл комиссарлар кеӊешинин токтому менен кабыл алынган. Дээрлик 100 жыл мурунку Токтомдун дагы эле күчүн жогото электиги күлкүнү да, кыжырды да келтирет…

Германиядага Ph.D. докторантура

Германияда Ph.D. даражасын алуу үчүн сиздин дисциплинаңызга, окуу тармагына, жеке жагдайларыңызга жана расмий квалификацияларыңызга жараша эки башка жол бар (Doing a Ph.D. in Germany, 2019).
1. Жеке докторлук программалар. Бул илимий иш бир профессордун жетекчилиги астында өз алдынча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде аткарылат. Германияда бакалавр жана магистр программаларында илимий изилдөө усулдары жана статистикалык жана башка тиешелүү сабактар өтө дыкаттык менен окутулат. Ошондуктан докторанттардын 75%тен көбү ушул салттуу жолду тандайт.
Кыргызстанда аспирант бир-эки сабакты окуйт да, кандидаттык минимум (көбүнчө англис тили, философия жана информатика боюнча) экзамен тапшырып, жана жеке илимий жетекчи менен гана иштешүүсүн билдирет. Аспирант жетекчиге толугу менен көз каранды болот: анын илимий көз карашына ыӊгайлашат, ал сунуштаган темада диссертация жазат). Тилекке каршы, бул жол көптөгөн коррупциялык мүмкүнчүлүктөргө да жол ачат. Немис тилинде да айтылган “Doktorvater” (доктор ата) же “Doktormutter” (доктор апа) ушундай жетекчилер болушат (Doing a Ph.D. in Germany, 2019, p. 14).
2. Түзүмдүү Ph.D. программалары
Бул Германияда кийинки мезгилде көбүрөөк жайылган окуу формасы, англис тилдүү өлкөлөргө туура келет. Докторанттар бир нече илимий жетекчинин көзөмөлүндө болушат да, башка докторанттар менен бирге курстарга, лекцияларга жана семинарларга катышат, илимий изилдөөгө тиешелүү сабактарды окуп, кредиттик сааттарды топтошот. Диссертация көбүнчө англис тилинде жазылгандыктан, бул программа боюнча көптөгөн мамлекеттерден келип окушат (Doing a Ph.D. in Germany, 2019).
Бул эки жол менен Германияда жакталуучу Ph.D. даражасы Россияда же Кыргызстанда илимдин кандидаты деген наамга барабар. Эмне үчүн “кандидат”? Же илимдин докторуна өмүр бою кандидат болосуң дегениби?..
Ушуга байланыштуу бакалавр же англис тилинде Bachelor (BA/BS) даражасы кыргызча “бечел” деп эле окулат, андыктан магистрдик диплом зарыл деп эл аралык илимий конференцияларда сүйлөгөн “жолдошторду” да көргөнбүз… Баса, дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, сиздин бакалавр, магистр жана Ph.D. даражаларыңыз бир гана дисциплинада же бизде айтышкандай профилде болушу зарыл. Бул кандайдыр бир деңгээлде адамдардын өздөрү каалаган тармакта билим алуусун же өркүндөтүшүн чектейт.
Ал эми биздеги илимдин докторуна келсек, бул Германиядагыдай Habilitation процессине окшош нерсе. Habilitation биздегидей өзүнчө даража болуп эсептелбейт. Көпчүлүк өлкөлөрдө Ph.D. докторантурадан кийин Германиядагыдай Habilitation же биздегидей өзүнчө илимдин доктору деген даража жок, жана андай жол сунушталбайт. Себеби көпчүлүк өлкөлөрдө Ph.D. эң акыркы баскычтагы академиялык даража болуп эсептелет. Германиянын өзүндө да бу Habilitation процесс өзгөрүүлөргө туш болууда (https://www.quora.com…).
Биздеги докторантура да жеке бир гана илимий консультант менен иштөөнү талап кылат, ал азыркы заманбап жумшак (soft), техникалык көндүмдөрдү же илимий иш жүргүзүү усулдарын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Албетте, докторант өз ыктыяры менен өз алдынча үйрөнсө болот.

АКШдагы Ph.D. докторантура

“АКШнын Ph.D. же магистратурага болгон мамилеси Улуу Британия менен Европадан түп тамырынан айырмаланып, комплекстүү окутууну камтыган түзүмдүү программалар менен катар көз карандысыз изилдөөлөрдү да камтыйт. Бул уникалдуу сапаттар АКШнын Ph.D. даражасынын артыкчылыктарын айгинелейт. Ошондуктан он миңдеген эл аралык Ph.D. докторанттар кызыгып, бул жакта окугулары келишет” (Бенет, 2022).
АКШда Ph.D. докторантуранын узактыгы адатта 3-6 жылды түзөт (күндүзгү бөлүк же толук убакыт). Докторанттар бөлүгүнө (course work) 1-4 жыл өз программасынын окуп-үйрөнүп, диссертациясын 2-4 жыл иштеп чыгышат. Эгер магистр даражасына таанымал университеттен окуп жетишкен болсоӊуз, айрым сабактарды же кредиттерди которуп алсаңыз болот. Мисалы, мен 2 жылда окуу бөлүгүн бүтүрүп, магистрдик программамдан да кредиттерди которттум да, жазуу жана оозеки сынактарынан (изилдөө проект/пропозал же бизче автореферат жактап) өткөндөн кийин гана диссертациямды баштоого мүмкүндүк алдым.
АКШдагы Ph.D. түзүмдүү программалары үч негизги компоненттин тегерегинде иштелип чыккан: жалпы өӊүттөрү, адистешүү жана илимий изилдөө усулдары (general aspects, specialization, and research). Ар бир компонентти ийгиликтүү окуп бүтүрүп, орто эсеп менен 24-30 жана 60-90 кредит саат топтоо зарыл. Бул кредит сааттарын ECTSке (European Credit Transfer and Accumulation System) которуу үчүн 2ге көбөйтүү керек.
АКШдагы Ph.D. докторантуранын сапаты жана профессорлорунун жогорку дэңгээли менен катар дал ушул окуп-үйрөнүү (course work) бөлүгү уникалдуу. Мында сиз адегенде өзүӊүздүн адистикке жана илимий изилдөө ишине байланышкан сабактарды окуп-үйрөнөсүз. Ошондон кийин гана изилдөө темаңызды аныктап, диссертациянын үстүнөн иштей баштайсыз.

Корутунду

Кыргызстан үчүн АКШ же Канадалык Ph.D., же болбосо Германиядагы түзүмдүү Ph.D. программасы ылайык келет деп эсептейм. Анткени алар докторанттарга бардык тиешелүү сабактарды/курстарды окуткандан кийин гана диссертациянын темасын аныктоого убакыт беришет. Ошондуктан алар кууш адистик боюнча эле оку деген талап коюшпайт. АКШ же Канада ар ким каалаган учурда илимий же билим алуу багытын/кесибин алмаштыра алат. Алардын Ph.D. тутумунун мындай ийкемдүүлүгү көптөгөн изденүүчүлөрдү кызыктырат да, мыкты илимий ачылыштарга, жаңылыктарга өбөлгө түзөт.
Бизде аспирантурага же докторантурага тапшыргандар дароо эле өзүнүн изилдөө темасы жөнүндө авторефераттын тапшыруусу керек. Эч кандай изилдөө усулдарын, же адистиги боюнча тереңдеп окубай туруп эле бир жетекчинин колуна түшөт. Эгер ал жетекчи өзү илимий изилдөө усулдарын жакшы билген жана окута алган адам болсо, ал аспиранттын чыныгы илимге жолу ачылат. Бирок көбүнчө андай болбойт да, изденүүчү башка авторлордун эмгегин уурдап алууну гана үйрөнөт (мунун жакында эле болгон мисалы жөнүндө өзүнчө сөз кылабыз).
Дагы бир белгилей кетчү жагдай — Ph.D. программасы боюнча окуткан ар бир университет бул даражаны өзүнүн атынан гана ыйгарат. Эч кандай илимдер академиясы же сырттан түзүлгөн диссертациялык кеңеш буга аралашпайт. Андыктан Кыргызстандын Жогорку аттестация комиссиясынын илимдин доктору болуш үчүн 2 макала Scopus же Web of Science базасындагы журналдарга чыгаруу керек деген талабы абдан туура. Ушул багытта ырааттуу иш жүргүзсөк гана илимдин докторлорунун санын эмес, сапатын көтөрө алабыз.
Муну Билим берүү жана илим министрлигинин Алмазбек Бейшеналиев баш болгон кызматкерлери жакшы түшүнөт деп ойлойм. Анткени министр өзү жана орун басарлары АКШдагы бул Ph.D. системасын жакшы билишет. Алардын азыркы жогорку билим берүү сапаттын көтөрүү, чыныгы Ph.D. даражасын киргизүү жана университеттерди эл аралык рейтингдерге катыштыруу демилгеси толугу менен колдоого татыйт. Кыргызстандын ичинде жана сыртында иштеп жаткан биздин мекендештердин билимин жана тажрыйбаларын туура колдоно алсак, бул максатка тезирээк жетебиз деп ишенем.

Пайдаланылган адабияттар:

1. Bennet, M. (2021, December). What is a Ph.D.? FindAPhD. Бул сайтта: https://www.findaPhD.com/guides/what-is-a-PhD…
2. Bennet, M. (2022, November). PhD Study in the USA – A Guide for 2022. Бул сайтта: https://www.findaPhD.com/guides/PhD-study-in-usa
3. Doing a PhD in Germany. (2019). An initiative of the Federal Ministry of Education and Research: Research in Germany. DAAD Deutscher Akademischer Austauschdienst. Бул сайтта: http://www.research-in-germany.org/
4. Совет Народных Комиссаров СCCР. Постановление От 13 Января 1934 Года № 79: Об ученых степенях и званиях. Бул сайтта: https://ru.wikisource.org/wiki/Постановление_от_13.01_
1934_года_№_79_«Об ученых степенях и званиях»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер