ПЕДАГОГИКАЛЫК МАДАНИЯТЫ ЖОГОРУ МУГАЛИМГЕ ОКУУЧУЛАР ТҮЗДӨНӨТ

  • 17.02.2020
  • 0

Атайын иш сапар алып, алыскы Ак-Талаа районуна көптөн бери максат кылган жолугушууга жөнөдүм. Аппак карга бөлөнгөн Ак-Талаанын сулуулугу көз тайгылтып, кычыраган кышы бети-колду тызылдатып, коюн-колтукка кирген суугу ич-коюнду ичиркентип турса да, алдыдагы жолугушуу мага дем берип турду. Себеби, Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын М.Базаркулов атындагы орто мектебинде 40 жылдан бери музыка мугалими   болуп талыкпастан эмгектенип, ал мектептин ар бир бүтүрүүчүсүнүн сый-урматына татыган   Олпоңбаева Бүбүалима эже  менен жолукмакмын. Эженин ак эмгеги мен өңдүү окуучуларына беш колдой белгилүү, өзгөчө сыймыктуу.

Жолугушуунун максаты – эженин тажрыйбасын башкалар менен бөлүшүү, ар бир баланын урмат-сыйына ээ болуусунун сырын билүү эле.

ПЕДАГОГИКАЛЫК МАДАНИЯТЫ ЖОГОРУ МУГАЛИМГЕ ОКУУЧУЛАР ТҮЗДӨНӨТ

Мугалим окуучуга канткенде жагат?

Негизи, бүгүнкү күндө балага кандай мугалим жагат? Бүгүнкү ата-эне баласын кандай мугалимге окуткусу келет? Бүгүнкү мугалим колективге канткенде жагат? Бүгүн жетекчи мугалимге кандай талаптарды коёт? Дегеле, бүгүн мугалим кандай болуусу керек? – деген сыяктуу суроолорго жоопту   Бүбүалима эже  менен бирге талкуулагым келди. Эмесе ошол суроолорго көңүл буралы.

— Азыркы мектеп окуучусуна мугалимдин жагышы өтө кыйын болуп турган учурда жашап жатабыз. Себеби, окуучунун окууга, мектепке коюлган талабы бийиктеп, мугалимдин билим деңгээли төмөндөп кетти (албетте, барыныкы эмес). Бүгүнкү мектеп окуучусунун тарбияга, билимге суусап турган боштугу бар. Ал ошол боштукту мектептен толукташы керек. Мугалимдин көрөңгөсү бай, тарбиясы мыкты, билими жогору болсо окуучусу ага карап түздөнөт. Мугалим окуучуну тарбиялайм же аны билимдүү кылам деп эмес, эң биринчи өзүнүн жүрүм-турумун, билимин тереңдетиши керек. Ошондо гана башкага үлгү болуп көрүнөт, — дейт эже.

Чындыгында бүгүн өзүнө-өзү талапты катуу коё билген, максатына жетүүгө өтө тырышкан, аракетчил, келечегин көрө билген өтө акылдуу балдарды, о.э., тескерисинче, башкалардын шары менен күн өткөрүп жүргөн, илээнди, жеңил жашоого көнүп бүткөн, кайдыгер баланы да көрүүгө болот. Бирок мындай эки башка балага тең жан дүйнөнүн боштугуна азык керек. Бала жан дүйнөсүн күн сайын азыктандырып турушу зарыл. Эже айткандай, баладагы андай боштукту мектептен мугалим толуктайт. Музыканын жана комуз күүсүнүн таасири балким ушундадыр – класстагы дээрлик көпчүлүк окуучу музыка сабагына же комуз ийримине тартылышат. Балким менин оюма кошулбагандар да болоттур. Бирок математика сабагы менен музыка сабагын мыкты өздөштүргөн окуучу – келечектеги жашоосун да жөндөп кете алчу окуучу деген ойго келип такалам. Сабакта эженин бир да окуучуну урушканын көргөн эмесмин. Комуз үйрөтүп жаткандагы же музыка сабагындагы кандайдыр бир ээн баштыкты өзүнүн тамашалуу сөзү менен, же бутубузду бутунун учу менен басып тыйып койчу.

ПЕДАГОГИКАЛЫК МАДАНИЯТЫ ЖОГОРУ МУГАЛИМГЕ ОКУУЧУЛАР ТҮЗДӨНӨТ

Ата-эне баласын кандай мугалимге окуткусу келет? 

— Ар бир ата-эне баласын жакшы мектепке орноштурсам (өзгөчө шаар жеринде), жакшы мугалимге окутсам деп тилейт. А бирок жакшы мугалим «ар кандай» болот.  Эң негизгиси башкалардан балага бир кадам жакын, баладан бир кадам алыс болушу керек. Баланын табитин таба билген мугалим өзүнүн предметин окутуп алышы маселе эмес. Кээ бир окуучунун баа алыш үчүн гана окуп жатканын сезген мугалим аны жолго коё албаса, анда ал өзүн кылмышкер катары эсептеш керек. Окууга тартылган бала – ата-энесине үмүт жаратат, – деген ой айтат эже.

Чынында бүгүн коомчулукта, соц. тармактарда, телеберүүлөрдө, радио-уктурууларда ата-энелердин мугалимге карата жасаган мамилелери (өзгөчө мугалимге карата терс мамилелери), ага болгон сый-урматынын төмөндөгөнү боюнча көптөгөн фактылар жазылып, айтылып, көрсөтүлүп келет.

Дүйнөнүн 35 өлкөсү катышкан The Varkey Foundation фонду тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчетту карап көрдүм. Анда мугалимдин социалдык чөйрөдөгү статусу, иши боюнча айлык маянасы, мугалимдик кесипти тандоо боюнча каалоочулар, мугалимдин коомдогу сый-урматы жана окуучулардын ага болгон мамилеси тууралуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Бул изилдөөдө жалпы эле билим берүүнүн сапаты маселесинен мугалимдик кесиптин коомчулуктагы кабыл алынышы боюнча маселе өз-өзүнчө бөлүнүп каралган. Негизинен мугалимдик статус мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүнө жараша айырмаланаары, ошондой эле элдердин жаш өзгөчөлүгү, жынысы, билими, дини, ал тургай балдарынын санына жараша да болоору  белгилүү болгон.

Жыйынтыгында, изилдөөчүлөр, улгайган адамдар  жаштарга караганда, билими бар адамдар  билими жокторго караганда, эркектер  аялдарга караганда, көп балалуу ата-энелер – баласы жокторго караганда мугалимди көбүрөөк сыйлашаарын аныкташкан. Ал эми алты жылдан берки изилдөөлөрдө Кытай өлкөсүндө мугалимдин мартабасы өтө бийик болуп, Бразилия менен Израилде мугалимдин статусу өтө төмөн экендиги өзгөргөн эмес. 2013-жылга салыштырмалуу 2018-жылы Япония менен Швейцарияда мугалимдик статус абдан жогорулаган.

Индияда, Кытайда, Малайзияда жана Ганада ата-энелердин 50% ашыгы келечекте баласынын мугалимдик кесипти тандоосуна колдоо көрсөтүшсө, Израиль менен Россияда бул көрсөткүч 8% гана болгон. Демек, статистикадан улам балдардын келечектеги мугалимдик кесипти тандоосу өлкөнүн коомчулуктагы мугалимдин сый-урматына жараша болоору маалым болду.

Биз бир балага үйрөтө албаганды мугалим жүз балага үйрөтөт

Бүбүалима эжеден сабак алып жаткан окуучунун апасы Жыпаркүл эжеге кайрылганыбызда, ал буларга токтолду:

— Кызым Элзат беш жылдан бери комуз ийримине барат. Бүбүалима эжеси эртең менен кел десе  эртең менен, кечинде сабактан кийин кел десе — кечинде эжесин күтүп, сабагына катышып, анан келет. Башында комузду кыңгыратып эле отурса көп көңүл бурчу эмеспиз. Азыр кадимкидей ыр, күүлөрдү чертип калды. Кызымдын аракетин көрүп, биз үйдөн өзүбүзчө кымыңдап калабыз. Мектептеги ар кандай иш-чараларга тынбай катышып, эжекеси кээде район, облуска чейин балдарды алып барып келет. Эгерде балаң бир нерсеге дилгирленип турса, ага кубаныч алып келе турган болсо  ата-эне балага шарт түзүп бергенге, мугалимине жардамдашканга аракет кылат экенсиң. Биз кээде үйдөн бир жумушту балага жасатыштын айласын кыла албай жатабыз, а мугалим бир нече баланы кадимкидей тартипке салып койгонуна чоң баа беришибиз керек. Бүбүалима эже бир канча жылдан бери айылыбыздын идиреги бар балдарына комузду бир жыл эмес, бир нече жылдап, тажабай үйрөтөт. Андай бала, алардын ата-энелери, биз, эже менен сыймыктанабыз, — дейт Жыпаркүл Курманбекова.

Жетекчи жана мугалим кантип тил табышат?

Бүгүн жетекчи мугалимге кандай талапты коёт? Дегеле, бүгүн мугалим кандай болуусу керек? — деген суроолорго жооп алгым келди. Бүбүалима эже иштеген М.Базаркулов атындагы мектептин директору Чыныбаев Нурланга   кайрылганымда ал буларды айтып берди:

— Бүбүалима эже 40 жылдан бери ушул мектепте эмгектенип келатат. Эженин коллективдеги орду өзгөчө десем болот. Себеби, мектеп кандай гана иш-чараларды уюштурбасын, мейли окуучулардын арасында, мейли коллективдин арасында  Бүбүалима эже катышпаган иш-чара жокко эсе. Республикалык масштабдагы иш-чараларга чейин окуучуларды жетектеп алып барып келүүдө. Эже тууралуу окуучулардан, коллективден, ата-энелерден, дегеле айыл элинен терс пикир укпаптырмын. Ал эми иштеген ишиндеги өзгөчөлүгүн айта турган болсом, бир караган кишиге музыка сабагында жөнөкөй эле салттуу методдорду колдонгондой көрүнөт, бирок кеп ошол методу аркылуу баланы сабакка тарта алгандыгында жатат. Бул өзгөчө эженин комуз ийримин алып баруусунда көрүнөт.

Комузду эже балдарга нота аркылуу эмес, уктуруу (слух) аркылуу үйрөтөт. Уктуруу менен комузду үйрөткөн мугалим чанда гана кездешет. Балдар да укканын чертип, көргөнүн эстеп калып комузду үйрөнүп кетишет. Бул – баланын эс тутумун, ички туюмун, зиректигин, шыгын өстүрүүгө чоң таасир берет. Албетте, балдар ар түрдүү, алардын ата-энелери да андан бетер түрдүү болушат. Бирок ар бир баланын тилин таап, тажабастан жекече отуруп иштеп, балдарды комуз чертүүгө үйрөтүү — чынында чоң эркти, эмгекти, күчтү жана убакытты талап кылат.

Бүгүнкү жетекчи үчүн эң негизгиси — мугалимге баланын окуюн деп тартылганын көргөнү, ал мугалимге карата ата-энелерден оң пикирлерди укканы, коллектив арасындагы сый-урматын сезгени гана керек. Бүбүалима эже ушулардын барысына татыды, –  дейт мектеп директору.

Агай айткандай, бүгүнкү мугалимге окуучу менен ата-эненин урмат-сыйынан өткөн нерсе жок. Муну эл аралык изилдөөлөр да («Global Teacher Status Index 2018» отчету) PISA изилдөөсүнө катышкан өлкөлөрдүн мисалында көрсөттү. Мисалы, кайсыл өлкөдө мугалимдин статусу жогору турса (М.: Кытай, Тайвань, Корея, Сингапур, Япония) – ошол өлкөнүн окуучуларынын жетишкендиктери эл аралык деңгээлде жогору болгон. Ал эми, тескерисинче, кайсыл өлкөдө мугалимдин статусу төмөн бааланса (М., Бразилия, Израиль, Кыргызстан болсо эң акыркы орунда) – ал өлкөнүн окуучуларынын да эл аралык деңгээлдеги көрсөткүчтөрү төмөн болуп калган. Ошол себептүү, окумуштуулар мугалимдин аброюн көтөрүүгө мамлекеттин өкмөтү көбүрөөк көңүл буруш керектигин айтышат.

Бүбүалима эженин Баатыр эне, Кара-Бүргөн айылынын ардактуу атуулу, Нарын облусунун Ардактуу айымы, билим берүүнүн мыктысы, айылдын, райондун, облустун бир нече Ардак грамоталарынын ээси экенин көрүп көз кубанып, бир канчалаган  Ыраазычылык каттарды окуп сыймыктандым.

Айжан Ибирайым кызы,  педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз билим берүү академиясынын Техн ология жана искусство лабораториясынын башчысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер