“ПЕДАГОГИКАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТЫ – КУТ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

  • 10.04.2023
  • 0

Улуттук китепканада 11-апрелде “Эл агартуу” журналынын 95, “Кут Билим” гезитинин 70 жана “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдык мааракесине арналган, алардын тарых-таржымалын чагылдырган “Педагогикалык маалымат каражаты – кут билим казынасы” деген аталыштагы көргөзмө ачылат.

“ПЕДАГОГИКАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТЫ – КУТ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

2023-жылдын 7-апрелинде “Кут Билим” гезитине 70 жыл толду. Ошондой эле өткөн кылымда 1928-жылы негизделген кыргыз тилиндеги биринчи журнал “Жаңы маданият жолунда”, азыркы “Эл агартуу” журналына май айында 95 жыл болот. Ал эми “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналына январь айында 65 жыл болду. Совет заманында негизделип, эгемендик доордо да үзгүлтүксүз чыгып келаткан бул басылмалар ондогон жылдар бою билим берүү менен илим тармагынын маалыматтык жүгүн көтөрүп, улуттук педагогикалык акыл-ойдун өзүнчө бир интеллектуалдык казынасына айланды.

“ПЕДАГОГИКАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТЫ – КУТ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

“Ардак белгиси” ордендүү «Эл агартуу» илимий-педагогикалык жана методикалык журналынын алгачкы саны 1928-жылдын 5-майында “Жаңы маданият жолунда” деген ат менен жарыкка чыккан. Кыргыздын биринчи билим берүү комиссары Касым Тыныстанов баштаган Токчоро Жолдошев, Эшеналы Арабаев, Осмонкул Алиев, Төрөкул Айтматов сыяктуу кыргыздын алгачкы интеллигенттери өз чөнтөктөрүнөн чогулткан каражатка чыгарышкан. Бул кыргыз тилинде жарык көргөн туңгуч журнал болуп саналат. Алгач журнал билим берүү, илим, маданият, адабият, аялдар теңсиздиги, айыл чарбасы, экономика ж.б. тармактарды камтыган энциклопедиялык маанидеги журнал болгон болсо, кийин негизинен билим берүү жана илим багытында ишин уланткан. Журналдан алгачкы жооптуу редактору К.Тыныстанов, анын автордук курамы ошол кездеги кыргыздын алгачкы интеллигенциясы, мугалимдик курстардын окутуучулары жана жогорку курстардын угуучулары болгон. Журналдын беттеринде окутуунун ыкмалары, сунуштамалар, кыргыздын жана орус акын-жазуучуларынын чыгармалары жарык көрүп турган.

Журнал 1932-жылдан “Маданий майдан”, 1938-жылдан “Окутуучуларга жардам”, Улуу Ата мекендик согуштан кийин “Мугалимдерге жардам” деген аталышта жарык көрүп келип, 1972-жылы “Эл агартуу” деп аталган.

“ПЕДАГОГИКАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТЫ – КУТ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

1978-жылы 5-майда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен “Эл агартуу” журналы “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган. Бул билим берүү ишин өнүктүрүүдө анын сиңирген эмгегинин бийик баасы болуп калды.

Азыркы убакта “Эл агартуу” журналы эки айда бир жолу чыгууда. Анда сабакты окутуунун заманбап усулдарынан тартып илимий изилдөөлөргө чейинки ар кыл багыттагы материалдар жарык көрүүдө.

Ал эми мурдагы “Мугалимдер газетасы”, азыркы “Кут Билим”  1953-жылы январь айында негизделип, биринчи саны 7-апрелде жарык көргөн. Ошол тарыхый мааниси чоң окуянын башында кыргыздын мекенчил уулу Исхак Раззаков өзү турган.  Гезиттин алгачкы редактору окумуштуу педагог Дүйшө Айтмамбетов. Андан соң  партиялык кызматкер Дүйшөке  Орозалиев бир топ жыл жетектеген. 1971-жылдан 1989-жылга чейин  КР Эл жазуучусу, КР эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавлянов башкы редактор болгон. Алардын ишин кийин Абдыжапар Эгембердиев, Талант Конокбаев, Кубатбек Чекиров сыяктуу жогорку кесипкөй журналисттер татыктуу улантты.

Элибиз эгемендик алган жаңы доор келгенде, 1993-жылы “Мугалимдер газетасы” улуу даанышман бабабыз Жусуп Баласагындын дүйнөгө белгилүү чыгармасына уйкаш “Кут Билим” деген атка көчтү. “Кут Билим” Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик саясаттын эң башкы жарчысы жана бүткүл мугалимдердин кесиптик кеңешчиси, коомдук трибунасы катары белгилүү. Окуу жана өнүгүү программаларын, усулдук иштелмелерди, алдыңкы мугалимдердин иш-тажрыйбасын бала бакчадан тартып бардык мектептерге жеткирип жаткан, бул тармактагы күнүмдүк жаңылыктар менен орчундуу окуяларды оперативдүү чагылдырган, билим берүүнүн азыркы учурдагы көйгөйлөрүн көтөрүп, ачык талкуулаган республикалык бирден бир басылма.

“ПЕДАГОГИКАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТЫ – КУТ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

“Русский язык и литература в школах Кыргызстана” илимий-методикалык журналы 1958-жылы январь айында профессор Лев Шеймандын демилгеси менен жарык көрүп, көп жыл анын өзүнүн редакторлугу астында чыгып келди. Ал бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй КМШ аймагындагы орус тилин окуткан педагогдордун алдыңкы иш тажрыйбасын пропаганда кылып, эң жаңы окуу лингводидактикалык, адабий дидактикалык жана агартуучулук материалдарды орус тил жана адабиятын окуткан мугалимдерге жеткирип, оперативдүү методикалык жардам көрсөтүп келаткан илимий-методикалык эле эмес, академиялык жана предметтик-методикалык басылма болуп саналат.

Улуттук китепканадагы көргөзмө педагогикалык басылмалардын мааракесине арналган иш чаралардын биринчиси. Жыл соңуна чейин бардык билим берүү мекемелеринде педагогикалык басылмалардын тарыхы менен ишмердигине арналган тематикалык бурчтарды уюштуруу, чыгармачылык жолугушууларды, конференцияларды өткөрүү сыяктуу иш-чаралар каралууда.

Өткөн жылы Билим берүү жана илим министрлиги үч басылманын редакцияларын бириктирип, “Кут Билим” медиа борбору түзүлгөн.

“Кут Билим” медиа борбору. [email protected]

 https://kutbilim.kg/ http://elagartuu.site.kg/ https://ryalshk.edu.kg/

Т. 620468. 0554-265202 (директор), 703 800 991 (“Кут Билим” баш ред.),  0700193925 (“Эл агартуу”, баш редак.), 553 520 101 (“Русский язык и литература в школах Кыргызстана”, баш редак.).

 

Бөлүшүү

Комментарийлер