ПЕДАГОГИКАЛЫК КИТЕПТЕРДИН БЕТ АЧАРЫ

  • 23.12.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде “Дене тарбия жана спорт педагогикасы” жана “Ата-эне менен баланын мамилеси: балдарды тарбиялоо боюнча сабактар” деген эки китептин бет ачары болуп өттү.

ПЕДАГОГИКАЛЫК КИТЕПТЕРДИН БЕТ АЧАРЫ

 Аталган иш-чаранын башында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов сөз сүйлөп, жаңы жарык көргөн эмгектердин маанисине токтолду:

-«Дене тарбия жана спорттун педагогикасы» деген китеп биринчи жолу жарык көрүп жатат, биз муну сөзсүз колдошубуз керек. Азыркы учурда дене тарбия жана спортко дагы министрлик тарабынан жакшы көңүл бурулуп жаткан чагы. Дене тарбия академиясы менен биргеликте он мектепке волейбол секцияларын ачтык. Бул адистикке биздин жаш жарандарыбызды тартуу, ошондой эле спортко кызыктыруу иш-чараларын алып барып жатабыз. Мындан тышкары, “Алыш” федерациясынын президенти менен биргеликте алыш күрөшүн мектептерге пилоттук түрдө киргизели деген пландарыбыз бар”.

“Дене-тарбия жана спорттун педагогикасы” китеби 14 бөлүмдөн жана 79 бөлүмчөлөрдөн турат. Жалпы жонунан 37 адабият колдонулуп үч жолку талкуудан өтүп басылып чыкты,-деди анын автору Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Жанузаков Канат:

«Китептин жаралуу себептерине көңүл бура турган болсок, албетте, биринчи кезекте президентибиз Садыр Нургожоевичтин инсандык руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө деген жарлыгынын негизинде китепти иштеп чыктык. Бул китеп келечекте окуучулардын педагогикалык чыгармачылыгын тереңдетүүгө багытталган. Китепте биринчи кезекте адептүүлүккө, тартиптүүлүккө, мекенчилдикке, каршылашты урматтоого, эрежеге баш ийүүгө спорттук калыптандыруунун тарбиялык мазмунуна да терең көңүл бурулду. Авторлору: Джанузаков К.Ч.,Абдыбеков Н.А., Рыспаева Ч.К.».

Ал эми “Ата-эне менен баланын мамилеси: балдарды тарбиялоо боюнча сабактар” китебин англис тилинен кыргыз тилине которуп чыккан окумуштуу Ибраев Алмаз.

“Негизинен тарбия процесси баладан эмес ата-эненин өзүнөн башталуу керек. Бул китептеги эң негизги ойлордун бири бул бала жакшы байкоочу жана жакшы көрүүчү, бирок начар талдоочу. Ата-эне бул баланын биринчи мугалими, биринчи машыктыруучусу, биринчи дем берүүчүсү катары өзүн-өзү кабыл алышы керек. Китептин дагы бир өзгөчөлүгү бул үй-бүлө курам деген жаштарга багытталып, келечектеги жубайын туура тандоого жол көрсөткөн китеп”,-деди автор.

Китептин авторлору:

  • Хишам Яхья аль-Талиб – 1940-жылы Ирактын Ниневадагы Мосул шаарында туулган. Доктор аль-Талиб – SAAR фондунун негиздөөчүсү, Ислам ойлору Эл аралык институтунун негиздөөчү мүчөсү, 20дан ашык тилге которулган атактуу “Мийсак аш-Шараф ад-Да вий” (арабча) жана белгилүү “Ислам эмгекчилери үчүн окуу куралы” китебинин автору. Эл аралык институтунун каржы директору.
  • Абдулхамид Ахмад Абу Сулайман,1936-жылы Мекке шаарында төрөлгөн. Ал жерде орто мектепти аяктаган жана Каир университетинин комерция тармагы боюнча Бакалавр даражасына ээ. Каир унивеситетинин саясий илимдерининмакгистри жана Пенсильвания университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүндө илимдин доктору.Коптогон мамлекеттик кызматтарды аркалаган.
  • Омар Хишам аль-Талиб. – 1967-жылы Ирактын Киркук шаарында туулган жана ата-энеси менен АКШга 1968-жылы көчүп келген. 1989-жылы Джордж Мейсон университетинин экономика адщистигин бакалавр даражасы менен аяктаган жана социология боюнча магистр, ошондой эле Чикаго университетинин социология илиминин доктору. Омар Хишам аль-Талиб  — Эшланд университетинин социология жана криминология кафедрасынын ассистент профессору(2000-2003), Александриядагы Сайнс Эпликейшнз Интернешнл корпорациясында башкы инженери болуп иштеген (2005-2006). Эл аралык ислам университетинин Социология кафедрасынын доценти, Малайзия (2009-2011 жж.) Доктор аль-Талиб – үй-бүлө, билим берүү, кайрымдуулук уюмдары жана коомдук иштер боюнча бир нече макалалардын автору.

Бөлүшүү

Комментарийлер