ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЗДЕНҮҮ – БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУНУН БАШАТЫ

  • 10.01.2019
  • 0

Ыйык Ата Журткоомдук жаштар фонду тарабынанПедагогикалык изденүүбилим берүүнүн сапатын жакшыртуунун башатыаттуу мастеркласс региондордогу мектептердин кыргыз тили сабагынын жана жалпы мугалимдер үчүн багытталып уюштурулду.

ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЗДЕНҮҮ – БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУНУН БАШАТЫ

ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЗДЕНҮҮ – БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУНУН БАШАТЫ

Региондордо ЖРТга даярдоо курстарынын аз санда болгондугуна байланыштуу мастер-класста мугалимдерге ЖРТ боюнча жалпы түшүнүк берилди. Мастер-класска Жалал-Абад шаарынын жана ага жакын жайгашкан региондорунун ЖОЖдорунун, мектептеринин жана жалпы эле билим берүү жаатында эмгектенген 68 кызматкер катышты. Мастер-класста негизги “Окутуунун интерактивдүү усулдары”, “Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу”, “Өлкөбүздүн билим берүү системасындагы айрым көйгөйлөр” аттуу маселелер каралды. Мастер-классты тренерлер — Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү (ЦООМО), “Тил club” окуу борборунун жетектөөчү адиси Бурул Шамбаева жана Билим берүү жаатында эксперт жана тренер, “Жайлоодогу өнүгүү борборлору” долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбековдор өткөрүштү.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер