ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЧИЛИКТИН НЕГИЗДЕРИ

  • 17.12.2019
  • 1

Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттери жана мектеп мугалимдери үчүн “Педагогикалык чеберчиликтин негиздери” аттуу окуу куралы жарыкка чыкты. Анын авторлору белгилүү окумуштуулар, п.и.к., алсак, профессор А.Калдыбаева, Н.Койлубаева, Т.Бектуров, Б.Жолдошова, С.Челпакова жана С.Иманкулова.

Бул окуу куралы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттерине жана мектеп мугалимдерине көп кырдуу педагогикалык ишмердүүлүктүн тарбиятын илимий-аналитикалык өңүттөн ачып берүү максатында жазылган.

  • Мында өткөн кылымдардагы ойчул-педагогдордун концепциялары менен бирге жаңы доордогу жана бүгүнкү күндөгү белгилүү педагогдордун билим берүү жана тарбия мейкиндигиндеги колдонулуп жаткан илимий-методикалык көз караштарынын практикалык тажрыйбалары сунушталат. Ал келечектеги педагогдун өз компетенттүүлүгүн аныктай турган тесттер, анкеталар, сунуштар жана студенттердин чечим кабыл алуу жөндөмүн калыптандырууну көздөп, таңууланбай коштолгон суроолор менен толукталган. Китеп тарбиялоо, билим берүү, башкаруу тармагындагы адистер, аспиранттар, магистранттар үчүн баалуу маалыматтарды берет, — дейт авторлордун бири С.Челпакова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

Kyzjibek / 10.04.2020 14:41
Sonun✌️