ПЕДАГОГИКАДАГЫ ҮЧ АЗАМАТТЫН КӨТӨРГӨН ЖҮГҮ 

  • 25.08.2021
  • 0

  Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына  

Редакциядан: Республикага аттын кашкасындай белгилүү педагогдор Советбек Байгазиев, Абдыкерим Муратов, Сулайман Рыспаевдер Кыргыз билим берүү академиясына (ал кезде институт) өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында келишкен. С. Байгазиев “Кыргыз тили жана адабияты” секторун жаш жана таланттуу кадрлар менен чыңдоо максатында А. Муратов менен С. Рыспаевди Ош, Жалал-Абад областтарынын мектептеринен издеп таап, экөөнү институтка иштөөгө чакырган. А. Муратов менен        С. Рыспаев  күткөн үмүттү актап, бара-бара чыгаан илимпоз-педагогдор болуп калыптанып, күлүктөй  бөлүнүп өсүп чыгышты. Төмөндө Эгемендүүлүк жылдарында үч азаматтын көтөргөн жүгү жөнүндө кыска жана нуска аңгемелерди сунуш кылабыз.

Советбек БАЙГАЗИЕВ

Советбек Байгазиев окутуу, тарбиялоого байланышкан «Гумандуу педагогика», «Окутуунун жана тарбиялоонун философиясы», «Этика жана этнопедагогика» сыяктуу бир катар олуттуу эмгектерди, китептерди жаратты, педагогика маселелерине арналган 300дөн ашык макалаларды жазды. С.Байгазиевди мугалимдер “Педагогикалык публицистиканын атасы” деп аташкан. “Мугалими күндөй тийсе чачырап,окуучусу гүл сыяктуу бажырайып ачылат” деген С. Байгазиевдин сөзү мектеп чөйрөсүнө афоризм юолуп кирип кеткен. “XX кылымдагы кыргыз драматургиясынын тарыхы”, “Талант жана адабий прогресс” сыяктуу адабият таануу китептери ЖОЖдордо колдонулуууда. Ал “Бүркүттүн көз жашы”, “Кишенден бошонгон рухтун ырлары”, “Жалгыз кайык” деген мыкты поэтикалык жыйнактардын да автору. Эгемендүүлүк жылдарында 7 томдук публицистикалык эмгекти да окурмандарга тартуулаган. Бул публицистикалык 7 томдук менен кыргыз адабиятында аталган жанрды жаңы деңгээлге көтөрдү. С.Байгазиев Октябрь революциясына чейин кыргыздын манаптары, молдолору ачкан мектептерди изилдеп, өзүнчө китеп чыгарды. СССрдин тушунда бул жабык тема эле. С.Байгазиев Орхон_Енисей жазууларынын этикасын жана педагогикасын Борбордук Азияда биринчилерден болуп иликтеп, өзүнчө китеп жараткан. С.Байгазиев айрыкча “Манас” эпосунун нарк-дөөлөттөрүн, баалуулуктарын, идеологиясын талдап ачуууга көп эмгек жумшады. Советбек Байгазиев 1990-жылы мектептер үчүн “Кыргыз адабияты” программасын жаңылап кайрадан түзүп, ССРдин тушунда “Манас” эпосуна окуу программасында берилип жүргөн 10 саатты 50 саатка чейин көбөйтүп, эпосту кененирээк үйрөнүүгө шарт түзгөн. 1994-жылы ““Манас” эпосун мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуунун актуалдуу проблемалары” аттуу республикалык илимий конференцияны уюштуруп өткөрүп, анда башкы докладды жасаган. Мындай деңгээлдеги конференция Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулган эле. Манастын 1000 жылдыгына карата өткөрүлгөн “Манас” боюнча Республикалык илимий конкурста “Улуу Манас- улутубуздун тил жана дил бешиги.” аттуу китеби үчүн С. Байгазиев экинчи сыйлыкты жеңип алган. ЖОЖдорго арналып биринчи жолу жазылып, министрлик тарабынан бекитилген “Манастаануу” окуу китебинин автору. С. Байгазиев ““Манас” эпосун мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуунун концепциясын” түзүп, ал Билим берүү жана илим министирлигинин Коллегиясында бекитилген. Ошондой эле, С. Байгазиев 2013-жылы Республиканын жаштар министирлиги бекиткен “Жаштарды рухий-адептик, патриоттук жактан тарбиялоонун концепциясынын” да автору болуп саналат. КРдин Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү”  Жарлыгынын негизинде тарбия концепциясын түзүү боюнча Республикалык жумушчу топто иштеп, ал концепция өлкөнүн Президенти тарабынан бекитилди. С. Байгазиев авторлош болуп жазган  “Манастаануу” окуу китеби 2016-жылы Кытайда басылып чыккан. Окумуштуу ““Манас” эпосу: Каныкейдин улуу махабаты жана анын образынын рухий-адептик, патриоттук сабактары”, “Улуу “Манас” эпосунун улуттук жана дүйнөлүк мааниси”, “Бакай-чыгыштын акылманы, кыргыз калкынын руханий жол башчысы жана улуу патриоту”, “Кошой даанышмандыктын, улутмандыктын жана мекенчилдиктин улуу өрнөгү”, “Улуу Манас баатыр- урпактардын патриоттук идеалы”, “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси”, “Манас жана Чыңгыз”, “Манас, Бакай, Кошой- Ата журтка жеңиш жана бакыт алып келген жарандык улуу биримдиктин символу”, “Улуу “Манас” эпопеясы- дүйнөлүк көркөм маданияттын өчпөс жылдызы”, “Манас” эпосун интерактивдик усул менен окутуу”, ““Манас” эпосунун педагогикасы”, “Улуу “Манас” эпосунун руханий, адептик-ыймандык, идеялык-философиялык, патриоттук баалуулуктары” сыяктуу көптөгөн орчундуу китептерди жазып, билим берүү системасына жайылткан. Эмгектери үчүн ал төмөнкүдөй наамдарга жана сыйлыктарга ээ болуп отурат. Бүгүнкү күндө С. Байгазиев КРдин эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор, Крдин Илим жана Техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү. Орус педагогикасынын атасы-Ушинский атындагы медалдын ээси, И. Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз педагогика академиясынын академиги, КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын ээси. Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты. Нарын, Талас областтарынын, Жумгал, Ала-Бука райондорунуну Ардактуу атуулу, Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайынын Ардактуу профессору. С. Байгазиевдин ысымы Жумгал райондук борбордук китепканага ыйгарылган.

Сулайман РЫСБАЕВ

Окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор белгилүү балдар жазуучусу Рысбаев Сулайман Казыбаевич 1987-жылы Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтуна конкурс менен өтүп, ошондон бери азыркы Кыргыз билим берүү академиясында,  адегенде,  ага илимий кызматкер, сектор башчысы, бөлүм башчы, соӊку жыдарда лаборатория башчысы  болуп иштеп келди. Бул мезгилдин ичинде өзүн  эне тилибиздин учурдагы талылуу проблемаларын изилдеген белгилүү окумуштуу, окуу китептердин изденгич автору жана таланттуу балдар жазуучусу катары тааныта алды.

Анын авторлугу менен жазылган 14 окуу китеп Кыргызстандын, Өзбекстандын жаан Тажикстандын мектептеринде негизги окуу китептер катары окулуп келатат. Тактап айтканда, кыргыз мектептеринин 1-класстарынын «Алиппе», “Адеп алиппеси” жана 2-3-класстарынын «Кыргыз тили» жана “Адабий окуу”   аттуу окуу-комплекстери. Булардын ичинен   «Алиппе» китеби 2000-жылы Вильнюс шаарындагы бүткүл дүйнөнүн 300дөн ашык тилдеринин жана диалектилеринин «Алиппелеринин» музейине коюлган. Ошону менен катар,  С.Рысбаевдин бул «Алиппе» окуу-методикалык комплекси Республикабыз эгемендигин алгандан кийинки  алгач ирет этнопедагогикалык багытта жазылган “улуттук Алиппе” катары таанылып бааланды.

Рысбаев Сулайман – кыргыз тилин окутуу методикасы илими боюнча Республикабызга таанымал адис. 1995-жылы педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргогон, ал эми докторлук даражага 2006-жылы ээ болуп,  2010-жылы профессор илимий наамын алган.2015-жылы  Кыргыз билим берүү академиясынын корреспондент мүчөсү болуп шайланган.

С.Рысбаевдин педагогикалык ишмердүүлүгү ар тараптуу. Ал кыргыз тилин окутуунун методикасы менен бирге, кыргыз балдар адабиятынын өнүгүш проблемалары, учурдагы абалы жана аны окуп-үйрөнүү боюнча да изилдөөлөрүн жүргүзүүдө. Буга байланыштуу ал  «Азыркы кыргыз балдар адабияты: проблемалары, портреттер» (Б., 2000), «Кыргыз  балдар фольклорунун педагогикасы» (Б.2006), “Кыргыз акын-жазуучулары- балдарга” (2 томдук, 2010-ж.)  хрестоматиясын ж.б. жарыялаган жана өзүнүн адабий чыгармачылыгы педагогикалык ЖОЖдордун окуу программасына (түзүүчү: профессор  А.Муратов) киргизилген.  Мындан сырткары, анын 5 томдук илимий-методикалык эмгектеринин жыйнактары  жана монографиялык эмгектери  окуу куралы катары педагогикалык жогорку окуу жайлардын студенттери жана окутуучулары тарабынан колдонулуп келе жатат.

Ал Республикабыз эгемендүүлүгүн алгандан  кийин улуттук балдар адабиятыбызга жомокчу катары кирди. Улуттук адабиятыбыздагы унутулуп бараткан  адабий жомок жанрын кайрадан жандандырып, ондогон жомок жыйнактарын чыгарды. Буга мисал: анын “Бакыи издеген бала”, “Шамбала”, “Балык балдар”, “Умай бала”, “Миӊ бир туугандар” ж.б. Алардын бир катары мектептен окуу программаларынан (түзүүчү –профессор С.О Байгазиев) туруктуу ордун таап келетет. Аңгеме жана жомокторунун топтомунан турган 3 томдугу (1-том-«Баланын канаты”,  2-том- «Шамбала», ал эми  3-том- «Сүйлөөчү китеп») да басылып чыгып, жеткинчек балдардын сүйүктүү китептерине айланган.   Көптөгөн аӊгеме-жомоктору боюнча мультфильм тартылып, куурчак театрлары сахналаштырган.

Мына ушундай илимий-педагогикалык жана адабий чыгармачылык  көп жылдык эмгеги бааланып, Тоголок Молдо, Э.Арабаев атындагы республикалык абройлуу сыйлыктар ыйгарылган. Улуттук балдар адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаты, КР ЖСнын “Алтын калем” сыйлыгынын ээси, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери   болду.

2018-жылы Париждеги эл аралык китеп көргөзмөсүндө «Алиппе» китеби Алтын медалга татыктуу болгон. 2019-ж. Америкадагы «BUUК-ЭХРО- Америка” эл аралык китеп көргөзмөсүндө ошол эле “Алиппе” китеби үчүн  Алтын медаль ыйгарылган.

С.Рысбаев илимий-педагогикалык кадрларды тарбиялап чыгарууга да жигердүү иштөөдө. Анын жетекчилиги менен педагогика адистигинен 19 кандидаттык, 1 доктордук  иш корголгон.Учурда илдимий-педагогикалык  жана адабий чыгармачылыгынын үстүндө үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Абдыкерим МУРАТОВ

Абдыкерим Муратов Ноокат районунда мектептерде мугалим, Ош пединистутунда окутуучу булуп иштеп жүргөн өткөн кылымдын 70-80-жылдарында мектеп публицистикалары аркылуу, мугалимдердин көйгөйлөрүн көтөргөн курч макалалары аркылуу тааныла баштаган. Бул учурда мектепте адабий билим берүүнүн, балдарды окутуунун жана тарбиялоонун проблемалары анын «Проблемалык суроо – проблемалык жагдай түзүүнүн башкы формасы», «Отур, «эки», же бир баа тууралуу бир топ ой», «Биз муну өткөн эмеспиз…: мектепте адабият теориясын окутуу тууралуу», «Курсташтарга кат, же айыл мектеби жөнүндө ойлор», «Класс жетекчилик жеңил ишпи?», «Кесипти туура тандасак…», «Адабият сабагы: ал жөнүндө ой толгоо», «Рухий байлыкты өстүрүүнүн сабагы» ж.б. макалаларында, публицистикаларында чагылдырылган. Булардын айрымдары газета бетинде талкуулардын жаралашына жем таштаган. Дал ушул макалалардын мазмунунда улуттук рухтун идеялары, эгемендүүлүктүн зарылдгы көрсөтүлгөн.

Азыркы учурда жалпы билим берүүчү мектептер дээрлик чейрек кылымга жакын анын С.Байгазиев менен бирге түзгөн окуу программасы менен билим алып келет, ал 7-класстар жана 11-класстар үчүн кыргыз адабияты окуу китептерине авторлош. Соңку учуларда ал авторлош болгон 5-класстар, 6-класстар үчүн адабият окуулуктары конкурстан жеңип чыгып, практикага сунуш кылынды. Кыргыз адабиятынын мектеп программаларына кирген чыгармаларын талдоонун жана жолдорун көрсөткөн «Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романын үйрөнүүнүн айрым маселелери» (1988), «V-VIII класстарда адабият теориясын окутуу» (1990), «Көркөм текстти жана адабият теориясын үйрөнүү» (1992) деген усулдук колдонмолору чыгып, мектептерге таратылган. Балдардын эне тилин унутуп жатышы, руханий маданиятыбыздын жана эне тилибиздин өкүнүчтүү абалы «Далил керекпи?.. (Эне тил көйгөйлөрү)», «Эне тилдин эртеңи кандай?», «Тереңдеги тамырлар: Маданий мурастарга мамилебиз кандай?», «Кыргызга окшоп турабыз, бирок…», «Келгиле!.. (Балдар адабияты тууралуу)», «Кыргызбызбы?», «Гимнби, же кошоматчылыктын ырыбы?..», «Эне тилин жана адабиятын окутуу эмнеге муктаж?» аттуу макалаларында курч жана таамай айтылды.

Ал И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасында 2010-жылдан бери профессор кызматында иштейт. Адабиятчы жана педагог катары «Манас», «Кыргыз адабияты», «Кыргыз педагогикасы», «Кыргызстан», «Токтогул», «А.Осмонов» «Сагынбай», «Саякбай»  энциклопедияларында педагогикага байланыштуу көптөгөн макалаларын басып чыгарды. Кенже мектеп жашындагы окуучулар үчүн жазган аңгемелери ар кандай хрестоматияларга киргизилип, атайын кыргыз тилин үйрөнүү үчүн жаңылмачтары мектептердин окуу куралдарынан жана хрестоматиялардан орун алып жүрөт. 2001-жылы «Адабий-теориялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун илимий-методикалык негиздери» деген темада кандидаттык, 2010-жылы «Көркөм адабий тексттердеги элдик педагогикалык ойлор жана аларды окутуу процессинде интерпретациялоонун илимий-методикалык негиздери (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мисалында)» деген темада докторлук диссертациясын коргогон.

Анын катышуусунда жазылган кыргыз адабияты терминдердин түшүндүрмө сөздүгү мугалимдердин жана окуучулардын, студенттердин үстөл китебине айланып, 6-жолу басылып чыкты. Ал соңку учурда адабияттаануу менен этнопедагогиканы интеграциялоо аркылуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы элдик таалим-тарбиялоо салттарынын чагылдырылышын изилдеп жүрөт. Бул багытта анын «Чыңгыз Айтматов – жазуучу-этнопедагог» деген китеби жарык көрдү жана бул китеп улуттук айтматовтаануу илимине кошулган салым болду.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер