ПЕДАГОГДОР МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ ЫКМАЛАРЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 29.12.2022
  • 0

28-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун адистери, ЖОЖдордун, КООЖдордун окутуучулары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары жана Дүйнөлүк Банктын “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун консультанттары тренингдик модулдарды өркүндөтүүнү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн методикалык сунуштарды иштеп чыгууну талкуулашты.

ПЕДАГОГДОР МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ ЫКМАЛАРЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

Жолугушуунун катышуучуларына төмөндөгү документтер берилди:

  • мектепке чейинки билим берүү боюнча тренинг модулунун долбоору;
  • мектепке чейинки курактагы балдарды дифференциалдуу окутуу боюнча методикалык колдонмо;
  • мектепке чейинки билим берүү уюмунун педагогунун кесиптик компетенттүүлүгүнүн модели;
  • мектепке чейинки билим берүү уюмунун педагогунун компетенцияларынын деңгээлдери боюнча колдонмо.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча документтерди толуктап иштеп чыгуу боюнча сунуштар түзүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер