ПЕДАГОГ ҮЧҮН ЭӉ КЕРЕКТҮҮ ПРИНЦИП

  • 15.02.2018
  • 0

 

ПЕДАГОГ ҮЧҮН ЭӉ КЕРЕКТҮҮ ПРИНЦИП

Кожобекова Кундузкан, Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылындагы Абдилазиз Мурзакулов атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалими

 

Азыркы педагогикалык-психологиялык адабияттарда «шарт жана педагогикалык шарт» деген түшүнүк бар. Көбүнчө мектеп жашына чейинки жана андан жогорку балдардын чыгармачылык изденүүсүнө тиешелүү болуп колдонулуп келе жатат. Эгер шартты философиялык категориядан  карасак, анда ал обьектин өзү көз каранды болгон айлана-чөйрөгө болгон мамилесин көрсөтөт. Азыркы педагогика-психология «шарты» «чөйрө» «себеп-натыйжа» «катнаш» деген бөлүктөргө караганда,  обьектердин биригишин, камыр-жумур болуп кетиши катары карайт. Белгилүү орус педагогдорунун эмгектеринде шарт максаттуу топтом мазмундун, о.э.окутуунун методдорунун жана дидактикалык максатта тарбиялоонун элементтеринин консультациясы жана колдонулушу катары берилген.

Окуучуларды окутууда жана тарбиялоодо мына ушул шартты жакшы түшүнүп алуу керек. Демек, бул педагог үчүн эң керектүү принцип. Анткени окуучунун чыгармачылыгындагы зарыл нерсени көрбөй, билбей туруп, окуучуну алга сүрөө, эстетикалык-моралдык көз карашын калыптандыруу мүмкүн эмес. Бала (окуучу) ар дайым чоңдордун (белгилүү чоңдордун, мисалы, ата-энеси, мугалими, туугандары, чоң атасынын ж.б.,) эмоциялык колдоосуна дайым муктаж. Андай болбогон күндө балада кызыгуу жоголот. Эгер ошол колдоону мугалимден тапса, бала үчүн эң мыкты ийгилик.

Чоңдор да баланы (окуучуну) өзү билгенге үйрөтөт. Андан ашык эч нерсеге үйрөтө албайт. Демек, бул педагог үчүн өтө чоң эскертүү. Мугалим дайыма ойлонуу, изденүү, окуучуга үлгү жана устат  болуунун үстүндө иштөө керек. Немец ойчулу Гете: «Бизди окуткандарды мугалим деп аташат, а бирок бардык эле окуучулар бул атка татыктуу эмес»,-дептир. Педагогдун мойнунда канчалык оор жүк илинген, анча-мынчалар аны байкай бербейт.

Негизинен балдардын чыгармачылыгы дегенде көп нерсени түшүнөбүз. А көпчүлүк убакта ыр, бий, сүрөт ж.б. элестетебиз. «Аа мына бул талантуу экен»-деп баалай салабыз. Аларды ар кандай кароо-сынактарга, конкурстарга катыштырабыз (көбүнчө татыктуу эмес болсо да).

А негизги максат эмне эле? Окуучунун чыгармачылыгы мугалим тарабынан бааланып, колдоого алынып туруусу зарыл. Бул өтө зарыл нерсе. Бирок бул маселеде мугалим (педагог) тюринин ролунда болбоосу керек. Деги эле ошончо окуучунун эмгегин баалап жаткан мугалим ким өзү? Мына ушул суроонун үстүндө иштешибиз керек деп ойлоймун. Жогору жакта көрсөтүлгөн тапшырманы чыгармачыл мугалим гана аткара алса керек.

Окуучунун чыгармачылыгына мугалимдин кийлигишүүсү- бул, демек, педагогдун, чыгармачыл педагогдун мазмундарды, методдорду, формаларды жана ыкмаларды, окуучулар өздөрү дидактикалык окуу материалдарын жасап жаткан иш үстүндө комбинациялап жол көрсөтүп, багыттап, максаттуу нукка буруп турушу. Мында окуучуларга эмнелердин негизги экенин көрсөтүү керек? Мына алар: кызыгуу, ойлоп табуу, кесипкөйлүк, чеберчилик, өз алдынчалуулук! Мына ушуларды көрө билиши керек педагог.

ПЕДАГОГ ҮЧҮН ЭӉ КЕРЕКТҮҮ ПРИНЦИП

Көрүп тим болбостон, аларды өркүндөтүүгө шыктандырышы керек. Мугалим окуучулардан, өзгөчө чыгармачыл окуучулардан өзүн эч качан жогору койбошу керек. Аны менен «тең катарда» болуусу зарыл. Себеби,чыгармачылык иштөө жумушун уюштурууда бул көп нерсени камтыйт. Мында окуучу өзүнү ишеничтүү сезет. Ошондой эле колдоочу, үйрөтүүчү, багыттап туруучу мугалим да жанында. Окуучуда активдүүлүк, өзүн-өзү баалоо пайда болот. Мисалы, сүрөт сабагында окуучунун өзүнүн колун башкаруу жөндөмү болбосо, анда ал бул сабактан тез көңүлү калат.

 

«Азыркы кезде топтор менен иштөө» деген принцип бар. Демек, бул коллективде иштөө дегендин эле өзү. Ар кандай формасына карабастан, ал топ бир нече окуучудан же жуптан болушу мүмкүн. Мында ар кандай тапшырмага карабастан, окуучунун иши, жумушу бирөө менен тил табышууда, берилген тапшырманы максаттуу, туура, кызыктуу аткарууда турат. А бул коллективдүү жумушту аткарууда мугалим дагы эле зор роль ойнойт. ьБалдардын милдеттерин бөлүштүрүү, о.э. коллективдүү жумуштун бир бөлүгүн «тымызын» кошо аткарып, кээде окуучуга сюрприз жасап туруусу керек.

 

Предметтик чөйрөнүн өнүгүп туруусу-бул баланын ишмердүүлүгүнүн материалдык обьектеринин системасы. Анын физикалык жана руханий өсүп калыптануусунун модели десек болот. Мугалим (чыгармачыл педагог) мына ушундай чөйрөнү түзө билүүсү керек. Тарбия, өнүгүү, окутуу чөйрөсүнүн турушунда,окуучунун турмуштук ар кандай катнаштарга адаптацияланган личносттун калыптануусу жатат. Окмуштуулар, алдыңкы педагогдор чөйрө адамга түз да, кыйыр да таасир этерин көрсөтүшкөн. Демек, мугалимдин милдети-окуучуларга татыктуу чөйрө түзө билүүсү! Ал эми татыктуу чөйрө түзө билүүдө мугалим ошол чөйрөгө кирген баланын мүнөзүн, ички дүйнөсүн таанып билүүсү зарыл. А бул чөйрө, шарт ордунда турбаш керек, мында тынымсыз изденүү, баланын чыгармачылык изденүүсү, жеке мүнөзүнө жараша өз алдынчалуулугу, о.э. таанып билүү жана практикалык- чыгармачылык ишмердүүлүгү алдыга чыгыш керек. Мисалы, топторго түстүү кагаздардан конфигурацияларды жасоо тапшырмасы берилди,  а иштин жыйынтыгы мугалим үчүн «күтүүсүз» болуп аякташы кандай сонун! Бир топ эң эле мыкты иштеген да, ал турсун бул иште жеке коллективдин чыгармачылыгы көрүнүп турат!

 

Ошол эле учурда личносттун калыптануу процесси туруп жатат! Окуучунун чыгармачылыгы анын келечектеги турмушуна маяк болуп жатпасын?

 

Демек,эстетикалык табити, мүнөзү, дүйнө таануусу калыптанып жатат да. Окуучунуун коллективде иштөөсү, көндүмдөрү, ар тараптуу өнүгүүсү, курбулары менен мамилеси жана өзүн-өзү тартипке калыптандыруунун принциптери келип чыгып жатат да!

 

Окуучунун чыгармачылыгы көп түрдүү болушу мүмкүн. Ар бир окуучунун мүмкүнчүлүгүнө жараша. Биз вундеркинддер жөнүндө сөз кылбадык. Биз кадимки эле өзүбүз окуткан айылдык балдар жөнүндө кеп салдык. Негизги максат-окуучуну инсан катары калыптандыруу, анын эстетикалык-эмоциялык табитин өркүндөтүү жана ойлоп табуу, чеберчилик шыгын калыптандыруу.

 

Окуучунун чыгармачылыгына өтө аяр мамиле жасоо зарыл. Ар бир окуучунун өзүнүн «мени» бар. Анын ички энергиясын тескери жакка буруп жиберүү коркунучу бар. Тилекке каршы, бул көрүнүш мектептерде өтө эле арбын. Ал эми педагогдун милдети инсанды бардык жактан калыптануусуна таасир этүүчү, түрткү берүүчү чөйрөнү, шартты жаратып алуусу! Мына ошону мен балдардын чыгармачылыгын туура өнүктүрүү, колдоо, баалоо деп ойлойм!

 

Бала мугалимди класста (чөйрөдө, сиз түзгөн чөйрөдө) зарыгып күтсүн. Ал кайсы предмет экенине карабастан! Окуучунун эстетикалык табитин, көркөм ойлоосун, ой жүгүртүүсүн, ойлоп табуусун, талантын баалоодо жагымдуу чөйрө түзүү — ушул менин педагогдук негизги максаттарымдын бири.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер