ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТ

  • 23.08.2024
  • 0

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТДен соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга,  майыптарды шыктандырып, жан дүйнөсүнө жарык чачып, аларга ишеним жаратып, дем-күч берүү  үчүн уюштурулган Паралимпиада оюндарына саналуу гана күндөр калды. Жайкы олимпиада оюндарын үч ирет кабыл алган Париж шаары 11-августта оюндарды салтанат менен жыйынтыктап, эми Паралимпиада оюндарына эшигин ачууга даяр турушат.  Майып спортчуларга арналган Паралимпиадалык оюндар кайрадан Парижде 28-августта башталып, 8-сентябрга чейин уланат.

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТМүмкүнчүлүктөрү чектелген майып спортчулардын көңүлүн көтөрүү жана алардын өзүнө болгон ишенимин жаратып, ооруну жеңип, башкаларга үлгү болуп, спорттук ийгиликтерди жатаруусу кандай керемет. Спорт- тоскоолдукту тааныбайт. Демек, спорттун туу чокусуна жетүү үчүн эч кандай тоскоолдук жок. Кандай гана адам болбосун,  кырсыктан улам 12 мүчөсүнөн кемиген болсун, ден-соолугунан жабыр тартып, мүмкүнчүлүгү чектелген болсун, тубаса майып да болсун ооруну жеңүүгө умтулуп,  ийгиликти, жеңишти чын дили менен кааласа ага сөзсүз жол ачылат. Арабызда ооруну эмес өзүн жеңе албай  оюндар- ооруну гана эмес, тоскоолдукты жеңген,  майыптар үчүн ийгиликтин, жеңиштин туу чокусу десем жарашат. Майып спортчулардын да ийгиликтерди багынтып, дүйнө элине олимп духун сездирип, башка оорукчан адамдарга үлгү, өрнөк болуп, алардын жашоого болгон үмүтүн жандыра турган Паралимпиаданын мелдештерине  саналуу күндөр, сааттар калды. Бул иш-чара Эл аралык Паралимпиада комитети тарабынан уюштурулууда.

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТБул ирет 17-ирет өткөрүлө турган Паралимпиадалык оюндарга 185 мамлекеттен жалпысынан 4400 спортчу катышаары белгилүү болду. Анда спорттун 22 түрү боюнча майып спортчулар мөрөй талашып, күч сынашат. 2024 Париж Паралимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү үчүн 542 комплект медаль даярдалды. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген майыптар ден соолугу боюнча кемчиликтерине карабастан, эң баалуу өмүрдү,  спортту даңазалап жар салышмакчы. Алар физикалык жактан майып, тагыраагы колу-буту жок, көрүүсү начар азиз спортчулар болсо дагы бийиктиктерге умтулган, эрки күчтүү адамдар. Алардын каармандыктары баарыбыз үчүн үлгү.

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТПаралимпиада оюндары — Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн өткөрүлүүчү эл аралык спорттук мелдеш. Англиялыктардын “parapledgia” деген сөзүнөн келип чыккан. Биздин тилибизде “кол-буту шал” дегенди билдирет. Паралимпиаданын алгачкы мелдешине омуртка оорусунан жабыркагандар катышкан. Кийинчерээк башка оорулардын айынан да майыптыкка чалдыккандар катышып, улам кулачы кеңири жайыла баштаган.

Паралимпиадалык оюндардын жаралышы

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТАнглиялык нейрохирург Людвиг Гуттмандын эмгеги менен майыптар спорт чөйрөсүнө аралашкан. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Сток-Мандевиль госпиталында жүлүнү жабыркап, майыптыкка чалдыккан согуш ардагерлерин топтойт. Майыптарды дарылап жатканда жаа тарттырып, бастырып, гимнастика жасатып, спорт менен машыктырып, жашоого болгон үмүтүн жандырган.  Ошентип, жарым жан ардагерлерди спорт чөйрөсүнө жетелеп, ооруну да жеңүүгө болоорун далилдеп, алар үчүн мелдеш өткөрүүнү чечет. Майыптардын алгачкы спорттук мелдеши 1948-жылы госпиталдын атынан “Сток-Мандевиль” деп аталып, анда улгайгандар, согуш ардагерлери жана майыптар катышат. Ошол күндөн тартып, жыл сайын майыптардын мелдеши өткөрүлүп баштайт.

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТ1960-жылы Италиянын  Рим шаарында өткөн жайкы Олимпиада  учурунда “Сток-Мандевиль” мелдеши тогузунчу жолу уюштурулуп, ал мелдеш алгачкы Паралимпиада оюну деп расмий аталып калат. Ал мелдешке 23 өлкөдөн 400 майып спортчу катышат. 4 жылдан кийин майып спортчулардын Эл аралык спорттук уюму түзүлүп, 16 өлкө мүчө болот. 1964-жылы Токио Паралимпиадалык оюндарында расмий түрдө желек көтөрүлүп, Гимн ойнотулат. Паралимпиаданын расмий эмблемасы да ошол жылы иштелип чыккан. Ал эми 1976-жыл кышкы Паралимпиада оюндары алгач ирет Шевциянын Эрншельдсвик шаарында старт алып, бери төрт жылда бир ирет өткөрүлүп келеатат.

Паралимпиада мелдештер түрлөрү

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТЧындыгына спорт тоскоолдуктарды тааныбай турганын майыптардын спорттук мелдештеринен көрүүгө болот. Алар турмуштун ар кандай сыноолорун кабыл алышып, жашоонун ырахатын сүрүүгө умтулушаарын жана кыйынчылыктарды жеңип, спорттук бийиктектерди дагы багындырууга болооруна алдыдагы Паралимпиада оюндарында күбө болобуз. Ден-соолугу чың, колу-буту соо спортчуларга Олимпиаданын эрежелери жана мелдештери кандай болсо, майыптар үчүн да ошол эле эрежедеги мелдештер өтөт.

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТ2024 Париж Паралимпиадалык оюндарында жаа атуу, ок атуу, бадминтон, жеңил атлетика,  футбол, бочче, каноэде жарыш, веложарыш, ат спорту, голбол, дзюдо, кайыктагы парус жарышуу, отуруп ойночу волейбол, отуруп ойногон баскетбол, сууда сүзүү, арабадагы теннис, таэквондо, фехтования, триатлон, пауэрлифтинг жана  арабадагы регби спорту боюнча мелдештер өтөт.

Коңшу өлкөлөр жана Кыргызстандан катышуучулар

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТАлгач Кыргызстандык спортчулардан баштасак. Жеңил атлетика боюнча Гүлназ Жүзбаева өлкө намысын коргойт.  Кыргызстандык спортчулардан Паралимпиада оюндарына биринчи жолдомону көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева жеңип алган. Аны жарыштарда жетектөөчү Юлия Фурнас коштоп барат.

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТАл паралимпиадалык жеңил атлетика боюнча 1 миң 500 метр аралыкка Паралимпиада оюндарына катышуунун нормативин  Ноттвиль шаарында (Швейцария) өткөн Эл аралык Гран-При мелдешинде аткарган. Гүлназ Жүзбаева Кыргызстандын азиздер федерациясынын  негиздөөчүсү. Уюм реабилитациялык тренинг аркылуу көрүүсү начар адамдарга көз карандысыз жашоо ыкмаларын үйрөтөт. Ал майыптарга ар тараптан жардам берип, жашоого болгон үмүтүн жандырып, спорттук жеңиштерге шыктандлырып келатат. карашта болгон майыптардын жаңы коомун түзүүдө. Гүлназ 2016-жылдан бери көрүүсү начар адамдар арасында билим берүү, маданий жана коомдук кайрымдуулук долбоорлоруна катышып, майыптарга камкордук көрүп келатат.

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТТриатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы жарышка чыгат. Триатлон сууда сүзүү, велосипед жана кросс спорту деп үчкө бөлүнөт. Пара-триатлон боюнча өлкө намысын Паралимпиадалык оюндарга квалификациялык системада стандартты аткарып лицензия жеңип алган Айтунук Жоомарт кызы катышат.

Айтунук триатлон менен 2021-жылдан бери алектенет. Ал эми 2022-жылы ал дүйнө Кубогунун этаптык мелдештеринде эки аралыкта коло медалга ээ болгон. 2023-жылы пара-триатлон боюнча Дүйнө Кубонунун күмүш байге ээси жана Азия чемпиону болгон. Айтунуктун машыктыруучусу спорттун заманбап беш түрү боюнча Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Азиянын көп жолку чемпиону, дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү Андрей Ханадеев болуп саналат.

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТПара дзюдочу Маматибраим Cуранов 73 кг салмакта килемге чыгат.  Ал азиздер арасында дзюдо боюнча өлкө намысын коргойт. Ал Азия чемпионатында эки ирет коло медаль тагынган. Пара-дзюдо боюнча ар бир салмак категориясында алдыңкы 12 орунду ээлеген спортчулар оюндарга жолдомо ыйгарылган. Суранов 73 кг салмакта 11-орунду ээлегендиги үчүн Парижге жолу ачылган. Маматибраимдин  жолдомо алганы, биздин спортчулар эл аралык аренада мыкты экенин далили. Ага ийгиликтерди, жеңиштерди каалайбыз.

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТПариж Паралимпиадасына төртүнчү жолдомо 39 жаштагы Миргүл Болоталиевага таандык, ал өлкө намысын пара-пауэрлифтинг, тактап айтканда, дубалдык пресс боюнча коргойт. Ал 86 килограммга чейинки салмак категориясында катышуучулар арасында күч сынашат.

Ал Кыргызстандагы пауэрлифтинг боюнча жалгыз майып айым спортчу. Миргүл дүйнө Кубогунда экинчи, үчүнчү орундарды камсыз кылган.  Буга чейин Болоталиева армрестлинг менен алектенип,  Кыргызстандын чемпиону аталган. 2024-жылкы Паралимпиадага бир нече ай калганда пауэрлифтинг боюнча өзүн сынап көрүүнү чечкен. Ошондой эле Миргүл спорттук жашоосунан тышкары жеке ишкер катары тигүү фабрикаларына уникалдуу үлгүлөрдү жаратат. Кесиби боюнча бухгалтер. Москва шаарындагы Жеңил өнөр жай университетинде дагы конструктор-дизайнер  адистиги боюнча билим алууда.

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТ-Мен өз кесибим менен көп жыл иштедим, бирок бир күнү мен башка нерсени кааладым жана спорт менен машыгууну чечтим. Мени бул спортко классташым, пауэрлифтинг боюнча эл аралык спорт чебери, Азия чемпиону, дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү, Паралимпиадалык оюндардын катышуучусу, майып спортчу Эсен Калиев алып келип, алгачкы устатым болду. Учурда башкы устат, эл аралык спорт чебери, майып спортчу Жыргалбек Орозбаев машыктырып, бул спорттун сырын, ыкмаларын үйрөтүүдө ,- дейт Миргүл.

Ал Бишкектеги кийим дизайн курсун аяктаган. Миргүл Болоталиева 86 кг салмакта пауэрлифтинг боюнча (оор атлетика) күч сынашат. Пауэрлифтинг оор штанганы 3 түрлүү жол менен көтөрүү. Аркадан далынын үстүндө штанганы кармоо, горизонталдуу отургучта стенд пресси жана штанганы көтөрүү.

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТКазакстандан спорттун 8 түрү боюнча 21 спортчу жолдомо алган. Пауэрлифтинг боюнча 5 спортчу, жеңил атлетикадан 3 спортчу, сууда сүзүүдө 4 спортчу, волейбол 1 спотчу, стол тенниси 1 спортчу, таэквондо 3 спортчу, каноэ 2 спортчу жана тапанчадан ок атуу боюнча 2 спортчу мелдешке катышат.

Өзбекстан өздөрүнүн тарыхында рекорд жаңыртып, 65 спортчусун Паралимпиадага жөнөткөнү соңку даярдыктарын көрүүдө. Алар жеңил атлетика, пауэрлифтинг, сууда сүзүү жана дзюдо боюнча күч сынашат.

Казакстандан спорттун 8 түрү боюнча 21 спортчу жолдомо алган. Пауэрлифтинг боюнча 5 спортчу, жеңил атлетикадан 3 спортчу, сууда сүзүүдө 4 спортчу, волейбол 1 спотчу, стол тенниси 1 спортчу, таэквондо 3 спортчу, каноэ 2 спортчу жана тапанчадан ок атуу боюнча 2 спортчу мелдешке катышат.

Өзбекстан өздөрүнүн тарыхында рекорд жаңыртып, 65 спортчусун Паралимпиадага жөнөтөт. Алар жеңил атлетика, пауэрлифтинг, сууда сүзүү жана дзюдо боюнча күч сынашышат.

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТПариж 2024 Паралимпиада оюндарына катышууда Түркиянын спортчулары да өз өлкөсүнүн тарыхында рекорд койду. Түркиянын Паралимпиадалык Улуттук курама командасынан 94 спортчу мелдешке катышат. Жолдомонун көпчүлүгүн кыз-келиндер алган.  Паралимпиадага катыша турган кыз-келин спортчулардын саны 49 болсо, эркектерден 45 спортчу медаль үчүн күч сынашат. Алар жаа атуу, ок атуу, жеңил атлетика, оор атлетика, стол тенниси, таэквандо, сууда сүзүү, дзюдо, триатлон, голбол боюнча мөөрөй талашат.

Майып спортчулардын рекорддору

ПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТПаралимпиада эрки күчтүү майып спортчуларды жолугуштуруп, күч сынашчу мелдеш. Мөрөй талашууда канчалаган эрдик жаралып, каармандык көрсөтүлөт. Буга чейинки Паралимпиаданын реккорддорун жаңырткандар тууралуу да учкай маалыматтарды айта кетели.

,ң1964 жылы Токио Паралимпиадасында италиялык Роберто Марсон жеңил атлетика боюнча 2 алтын медаль жеңип алган. Ал ошол эле учурда сууда сүзүү жана фехтование менен машыгып, 4 жылдан кийин Израилде аталган спорттун 3 түрү боюнча 9 медаль тагынган. 1976-жылы Торонто Паралимпиадасында канадалык 18 жаштагы Арни Больд көпчүлүккө үлгү болгон. 3 жашында 1 бутунан айрылган Больд бийиктикке секирүү боюнча дүйнөлүк рекорд койуп, 186 см багындырган. Ал 1980-жылы бул рекорддун 196 сантиметрге жеткирген. 2000жылы Сидней Паралимпиадасында австралиялык сууда сүзүүчү Сиобхан Пейтон дүйнөлүк рекорддорду жаңыртып, 6 жолу алтын медаль тагынган. Пейтон акПАРИЖДЕ ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ОТУ ЖАНАТыл-эсинин өсүшү жагынан өзү теңдүүлөрдөн артта калган спортчу болуп саналат. 2004-жылы Афина Паралимпиадасында америкалык сууда сүзүүчү Триша Зорн 40 жашында 55-медалын утуп алууга жетишкен. Анын көзү сокур болгон. 6 ирет Паралимпиадага катышып, 9 жолу дүйнөлүк рекорд жаңырткан. 2008-жылы Бээжин Паралимпиадасында африкалык, протездүү жөө күлүк Оскар Писториус 3-жолу олимпиада чемпиону аталган. Писториус 11 айында тубаса дарт менен 2 бутунан тең ажыраган спортчу болгон.

Келечекте Кыргызстандан да ушундай рекорддорду жаңырткан Паралимпиадачыларын чыгаарына үмүт, тилек кылалы. Жакында Париж шаарында баштала турган Паралимпиадасына жөнөп жаткан спортчуларыбызга ийгилик каалап, мекенине жемиштүү байгелер менен кайтышына тилектешпиз.

Бермет НУР

КР журналисттер союзунун мүчөсү, спорт баяндамачы

(Атайын Кут Билим сайты үчүн)

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер