ПАРИЖ-24: МЭЭРИМ ЖУМАНАЗАРОВАНЫН КҮМҮШ МЕДАЛЫ

  • 07.08.2024
  • 0

ПАРИЖ-24: МЭЭРИМ ЖУМАНАЗАРОВАНЫН КҮМҮШ МЕДАЛЫ

Сүйүнчү!!! Дагы бир күмүш медаль!

Бишкек убактысы боюнча 7-августка караган түнкү саат 2ден өткөндө  Кыргызстандын намысын туу кылган, өлкөбүздү эл аралык аренада тааныткан дүйнө жана Азия чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси  Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасында  финалда америкалык балбан Элор Амит  менен беттешип, эгемен Кыргызстандын тарыхында дагы бир олимпиадалык күмүш медаль утуп, кыргыз элин кубанычка бөлөдү!

ПАРИЖ-24: МЭЭРИМ ЖУМАНАЗАРОВАНЫН КҮМҮШ МЕДАЛЫМээрим кечээ  кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта 1/8 финалда дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда дүйнө жана Азия эки жолку чемпиону жапониялык Нонока Озакини 8:6 эсебинде утуп,  жарым финалдык беттеште Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, Африканын 13 жолку чемпиону, нигериялык 35 жаштагы Блессинг Оборудуду менен күч сынашып, атаандашын утуп, финалга чыккан эле.

ПАРИЖ-24: МЭЭРИМ ЖУМАНАЗАРОВАНЫН КҮМҮШ МЕДАЛЫ

Мээрим алтын  медаль үчүн чечүүчү финалдык күч сынашууда  72 кг салмакта дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык 20 жаштагы балбан Элор Амит менен күрөштө 3:0 эсебинде утулуп, атаандашына алтынды алдырып койду. Ошондой болсо дагы Мээрим тарыхый эрдик жаратып, кыргызстандык спортчуларда эки жолку олимпиадалык байге уткан алгачкы балбан болуп калды.

ПАРИЖ-24: МЭЭРИМ ЖУМАНАЗАРОВАНЫН КҮМҮШ МЕДАЛЫТарыхый эрдик, каармандык жараткан Мээрим менен  Жоламанды,  Мээримдин алгачкы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу , атасы Дүйшөн Жуманазаровду, жеке устаты ардагерлер арасында дүйнөнүн көп жолку чемпиону Чынарбек Изабековду, Жоламандын да машыктыруучуларын, жеке устаты 85 жаштагы Хаким Махмудовду, Мээрим менен Жоламандын ата-энесин, мугалимдерин, Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал Мелис Турганбаев башында турган жамааты,  жалпы кыргызстандык күйөрмандардын атынан жеңиштери менен куттуктайбыз.

Кыргызстандан Париж Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Учурда бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкканы эле колунда коло байгеси бар экенин билдирип турат.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону олимпиада оюндарында 3 күмүш, 4 коло байгелүү болуп, алтын медалга жете элек. Парижде Жоламан бир коло медалды эсепке кошту.  Мээрим эгемендүү Кыргызстанга олимпиадалык күмүш байгени тартуулады.  Ал Токио олимпиадасында коло медаль уткан. Эми 2028-жылы Лос-Ангелесте өтчү олимпиадада алтын медаль утуп алышына тилектешпиз! Баатыр кыз башты жерге салба, келме кезегиң келип, элиңди дагы сүйүнтөөрсүң!

Ошондуктан Парижде намыс талашып, кыргызды дүйнөгө тааныткан балбандарды сүрөөнгө алып, колдоп туралы!

Кабыл Макешов,Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  

 спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер