ПАРИЗАТ УЮШТУРГАН БРЕЙН РИНГ

  • 18.03.2023
  • 0

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Паризат Акулова ай сайын мугалимдердин өздүк билимин өркүндөтүүсү үчүн брейн рингдерди өткөрүп келет.

ПАРИЗАТ УЮШТУРГАН БРЕЙН РИНГ

Катышуучуларга дүйнөлүк жана ата мекендик агартуу, элдик педагогика, билим берүүнүн философиясы, окуучулар менен иштөөнүн жолдору, мектеп турмушу боюнча суроолор берилет. Март айындагы таймашта математиктердин «Прогресс» жана тарыхчылардын «Билимдүүлөр» топтору өз күчтөрүн сынап көрүштү. Бүйүрдү кызыткан мелдеште Акмөөр Ерматова жетектеген «Прогресс» тобу жеңүүчү деп табылды.

Тайир АШИРБАЙ, Лейлек району

Бөлүшүү

Комментарийлер