ПАНДЕМИЯДА МЕН КАНТИП БАШКАЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМ

  • 03.06.2020
  • 0

Пандемия биздин стереотиптерди өзгөрттү. Чынын айтсам, башында менде «Мугалимдер балдарды аралыктан окутууга даярбы?» деген кооптонуу бар болчу.

Бирок бекер эле кабатыр болупмун. Аралыктан окутуу мектептерде 8-апрелден башталмак, бирок 3-класстагы кызымдын класс жетекчиси Салтанат Болотбековна сабактарды бир жума эрте баштады. Ата-энелер да: «Жакшы болбодубу,  карантин учурунда балдарды эмне менен алек кылууну билбей жаттык эле!» дешип, жаш педагогдун демилгесин колдоого алышты.

ПАНДЕМИЯДА МЕН КАНТИП БАШКАЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМ
Окуучулар бир жума ичинде көп нерсеге жетишти. Мурдагы темаларын кайталап, окуган тексттери боюнча сүрөт тартышты.

Ушундай мазмундагы чыгармачыл иштерге ата-энелер да активдүү катышып жатканын байкадым.
Эң эле кызыгы, өзү жаш болсо да, мугалим деген улуу кесиптин ээси Салтанат Исембаева биздин баарыбызды:  ата-энелерди да, окуучуларды да  Билим дүйнөсүнө жетелеп баратты.

Жөнөкөй мугалимдин коомдун өнүгүүсүнө кошкон ушундай салымы тууралуу «Салтанат эжейдин саамалыгы» деген аталышта макала жазып коюну чечтим.

Анан эмне болду дебейсизби?  Окуучулар да, алардын ата-энелери да эжейди ватсаптан куттуктап киришти. Өзү тууралуу  учкай кабарга эжей да ыраазы болуп, мурдагыдан беш бетер эки эселенген күч менен аралыктан билим берди.

Мен болсо, азыркыдай кыйын кырдаалда  аралыктан билим берген мугалимге жакшы сөз дем-күч берерин түшүндүм.

Салтанат эжейдин аралыктан окутуу аракеттери тууралуу бекер жазбапмын. Издемчил мугалимдин классынан тогуз окуучусу Орусиянын «Билим» сынагында жеңүүчү аталып, дипломдор менен сыйланышты.

Дагы бир жолу 5-класстагы уулумдун Ватсап номеринде жайнаган лайктарды көрүп таң калдым. Ак тилек каалоолор кимге экенин сурасам, уулум орус тилинен берген мугалимге арналганын, эжейи жакында операция болуп, ооруканадан чыкканын айтты. «Бизге да сабак берген», — деди 3-класстагы кызым.

ПАНДЕМИЯДА МЕН КАНТИП БАШКАЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМ

Муну уккандан кийин «Балдардын жүрөгүнөн түнөк тапкан мугалим» деген куш кабар жазып, сайтка  койдум.
Мугалимдин кубанганын айтпаңыз! «Кубанганымдан ыйлап жатам. Доктурдун дарысынан да сиздердин жакшы сөзүңүздөр жогору болду», — деп жазыптыр мугалим редакцияга жолдогон учкай катында.

Сөздүн, болгондо да жакшы сөздүн күчүн көрүңүз! Балдардын жүрөгүнөн түнөк тапкан Жылдыз Башкармаева көп өтпөй оорусунан  айыгып, балдар менен кыздарга Пушкин менен Толстойдун тилин кайрадан  үйрөтө баштады.

Ушуга бир аз болсо да салым кошконума мен да кубанып турдум.
Борбор Азиянын чок ортосунан орун алган Кыргызстанда, 16-марттан башталган карантин учурунда, менде мындай жүрөк жылыткан окуялар көп болду. Ошол окуяларга таасирленип макала, кабар, жаңылыктарды арбын жаздым.

Карантин жарыяланганда, баарынан мурун ошого элди даярдоо маанилүү болчу. Бул иште дагы эле агартуучулар алдыда болушту. Алар эл-журтка кайрылуу жасап, ооруну ооздуктоо үчүн үйдө калуунун  маанисин түшүндүрүштү.

Мен болсо, журналист катары,  «Педагогдор «Үйдө бол!» акциясына үн кошту», «Үйдө олтурабыз!» акциясы жаштарды сабырдуулукка чакырат» деген учкай кабарларды даярдап, окурмандарга сунуш кылдым.

Ошол арада «Апам, атам жана мен, үй-бүлөбүздүн ынтымагы бекем», «Биз вируска каршыбыз!» сыяктуу үй-бүлөдөгү ынтымактын зор маанисин белгилеген кыска-нуска кабарлар жарык көрдү.

ПАНДЕМИЯДА МЕН КАНТИП БАШКАЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМ
Бишкек шаарынан Гүлүмкан Асанкадырова, Кара-Суу районунан Замира Атакулова өңдүү алдыңкы педагогдор карантинде баланы китеп окууга тартуу керектигин айтып жатышты.

Көп күттүрбөй «Китеп окуу стрессти азайтат», «Китеп, илим — тилсиз мугалим», «Карантин учурунда китеп окуйбуз» жана өнөрлүү жаш жеткинчектер тууралуу «Манас ааламына саякат» деген аталыштагы кабарларды сайтка койдум.

Башка өлкөлөрдө кандай болгонун билбейм, бирок пандемия Кыргызстанда үч кесиптин баркын, коомдогу ордун апачык көрсөттү.

ПАНДЕМИЯДА МЕН КАНТИП БАШКАЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМ

Мектеп окуучулары, ата-энелер өздөрүнүн видео кайрылууларында ак халатчан доктурларга, тартип сакчыларына жана ошондой эле аралыктан билим берген мугалимдерге өз ыраазычылыгын билдирип жатышты.

Мен «Эжей-агайга таазим», «Мекен жүгүн  алган мугалимге таазим», «Мугалимдин баркын эми билдик» деген кабарларды жазууга жетиштим.

ПАНДЕМИЯДА МЕН КАНТИП БАШКАЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМ

— Мурда балдардын тапшырмасын эрте-кеч карап койчубуз. Мугалимдин эмгегин эми билдик. Көрсө, агай-эжейлердин эмгеги оор экен, — дейт акыркы макаламдын каарманы  Элмира Дуйшембиева.

Албетте, мыкты мугалимдин эмгеги жерде калбайт. Аракетчил мугалим Миргүл Мадышова өзү эмгектенген мектепке Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун музейин ачса, элеттик соцпедагог Кенжегүл Бектемирова  социалдык жактан аз камсыз болгон төрт үй-бүлөгө демөөрчүлөрдөн телевизор, 500 окуучуга акысыз симкаларды алып берген.

ПАНДЕМИЯДА МЕН КАНТИП БАШКАЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМ

Ал эми Балдар чыгармачылык үйүнүн «Токуу» ийриминин мугалими Токтокан Чокоева карантин шартында дагы сабактарын токтотпостон, заман агымынан калбай эмгектенип келүүдө.

Жогорудагы кайратман мугалимдер тууралуу «Мыкты мугалим, мекенчил педагог», «Элеттик соцпедагогдун салымы», «Үймө-үй кыдырып сабак берген ыктыярчы», Өнөр сересиндеги өрнөктүү өмүр» аттуу макалалар жазылды.

ПАНДЕМИЯДА МЕН КАНТИП БАШКАЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМ

Быйыл прогрессивдүү адамзат  Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилеп жатат. Пандемияга байланыштуу биздин өлкөдө бул ирет негизги иш-чаралар аралыктан өткөрүлдү.

Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында 9-майга карата онлайн эскерүүгө  мектеп окуучулары активдүү катышты.

ПАНДЕМИЯДА МЕН КАНТИП БАШКАЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМ

-Бул сүрөттөгү жоокер менин чоң-чоң атам Арыков Паша. Ал 1939-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1943-жылы чоң атам оор жарадар болуп мекенине кайтып келген, — дейт Сарыбашева Адинай.

— Менин чоң—чоң атам Жунусов Арын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгон. Мен аны менен дайыма сыймыктанам, — дейт Жунусова Сумая.

Ошондогу биздин баатыр аталар,
Мекен үчүн аяшкан жок жандарын.
Өз жандарын берип жатып тилешти,
Өз жеринде өссүн деп балдарым.
Улуу Жеңиш колубузга тийгени,
Жетимиш беш жылга толду ушул күн,
Аталардын каны менен жаралган!— деп жазат кыргыз тили жана адабияты мугалими Тагаева Рахат.

Чыгармачылыкты кошо ала жүргөн мугалимдин таятасы Собурбеков Чонтай, чоң атасы Шайбеков Бекмырза, атасы Тагаев Бекберди Улуу Ата Мекендик согушта кан-жанын аябай немецтик баскынчылар менен аёсуз күрөшкөнүн белгилей кетели.

Бул жерде дагы бир педагогдун эскерүүсүнө орун берсек.

ПАНДЕМИЯДА МЕН КАНТИП БАШКАЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМ

— Менин атам Жолдошов Жумагул Украинанын Крым жарым аралын, Симферополь, Севастополь, Ялта, Армянск шаарларын немецтик фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан, —дейт баатыр жоокердин кызы Жолдошова Айнагүл.

Улуу Жеңиш майрамына арнап мен баш-аягы оңдой кат-кабар жаздым. Ушулардын ичинен экөөсү Майсалбектин катын мыкты окуган окуучуларга арналды.

«Энелер  — бул жашоонун сулуулары» аттуу макалам билим берүү тармагында эмгектенген энелердин агартуучулук жаратман ишин даңктайт.

Быйылкы окуу жылында эгемен өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу «Акыркы коңгуроо» кечелери онлайн форматта уюштурулду. Бул жолу бүтүрүүчүлөрдү шаар жетекчилери, мугалимдер, ата-энелер жана мурунку бүтүрүүчүлөр аралыктан куттукташты.

ПАНДЕМИЯДА МЕН КАНТИП БАШКАЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМ

«Сиз бизге дем-күч бердиңиз. Сиз бизди шыктандырдыңыз», — деп жазыптыр каракөлдүк агартуучулардын атынан шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева. Мындай ыраазылык каттарды мен ар бир кат-кабар жарык көргөн сайын алып жаттым.

ПАНДЕМИЯДА МЕН КАНТИП БАШКАЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМ

Биз кантип ийгиликке жеттик? Анткени багытыбыз туура болду. Январь айында  «Санарип журналист» стратегиясына өткөнбүз.  Башкы редактордун планы ушундай эле.

Айткандай эле, 16-марттан тартып аралыктан иштеп калдык. Эки жарым айдын ичинде  жаңы санарип көндүмдөргө ээ болдук.

Башкаларды өзгөрттүк, өзүбүз да өзгөрдүк.

Алимжан АЛИБЕКОВ, «Кут Билим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Бөлүшүү

Комментарийлер