ПАМИРДЕН КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАР КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ОКУТУЛАТ

  • 05.04.2024
  • 0

Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы №67-кесиптик лицейдин администрациясы жана өндүрүштүк окутуунун устаттары Афганистандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар менен жолукту.

ПАМИРДЕН КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАР КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ОКУТУЛАТ

Жолугушууда окуу жайда окутулуп жаткан кесиптер боюнча кеңири маалымат берилип, “Электргазширетүүчү”, “Айдоочулук”, “Тигүүчүлүк” адистиктери боюнча окуй турган талапкерлер тизмеленди.

Тизмеге катталган жарандар боюнча лицейдин администрациясы Алай райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүнө кат жолдошкон.

ПАМИРДЕН КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАР КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ОКУТУЛАТ

Жыйынтыгында, Памирден келген жарандар жумушсуздардын катарына кошулуп, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде кийинки жылдын 8-январынан баштап №67-кесиптик лицейине окууга жөнөтүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер