ОТ КЕЧКЕН БАШКЫ РЕДАКТОРЛОР

  • 10.05.2023
  • 0

“Кут Билимдин” (мурунку “Мугалимдер газетасынын”) үч башкы редактору: Дүйшөке Орозалиев, Макай Усупов, Жунай Мавлянов Улуу Ата Мекендик согушта   кан кечип, ажал менен бет келип Мекенди коргогон асыл инсандар эле. Фашистик баскынчылар менен болгон салгылашууларга катышкан  агартуучу башкы редактор агаларыбызды Улуу жеңиштин 78 жылдыгында тике туруп эскерип, артында калган эрдигине, эмгегине, изине таазим кылабыз.

ОТ КЕЧКЕН БАШКЫ РЕДАКТОРЛОР

ЖУНАЙ МАВЛЯНОВ

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, КРнын эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавлянов өзүнүн эскерүүсүндө кан күйгөн согушка 1942-жылы кетиптир. Азаптуу согуштун 1943-жылында Украинанын Запорожьедеги кармашында бутунан оор жаракат алып, госпиталга түшөт. Госпиталдан 1944-жылы түз эле Мекенине  кайтып келип, кайра эле көнгөн  агартуучулук иш менен алектенет. Адегенде Авлетим айылындагы жети жылдык мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, деректир  болуп иштейт. Жунай ага агартуу тармагында иштөө менен бирге жазуучулук өнөрүн өркүндөтүп, адегенде ыр жазып баштап, кийин кара сөзгө өтүп, аяк башы жыйырмага жакын китептин автору болгон. Жунай агай өзү “Бизди согуш жазуучу кылды” деп баса белгилегендей, чыгармаларында фронттун тагы, кайгысы таасирдүү берилген.

Тынчтык күндөрдө агайыбыз агартуу жана жазуучулук майданында тынымсыз жана натыйжалуу иштеди.  Ал кездеги “Мугалимдер газетасында” (азыркы “Кут Билимде”) 17 жыл башкы редактор болду.

Жунай Мавлянов 1995-жылы 5-8-май күндөрү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 50 жылдыгын майрамдоо үчүн  Франциянын президенти Франсуа Миттеран жана Англиянын ханышасы Елизаветанын чакыруусу менен Лондон жана Париж шаарларында майрамдык иш-чараларга катышып келген. Андан соң,  9-майда Россиянын президенти Борис Ельциндин чакыруусунда Москва шаарындагы Жеңиш парадына да  катышкан. Ж.Мавляновдун эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланган. Эл жазуучусу төрт ордендин- Ата мекендик согуш ордени, “Манас” ( экинчи даражадагы) ордени, “Даңк” медалы баштаган бир нече медалдарды, Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарынын ээси болгон.

ОТ КЕЧКЕН БАШКЫ РЕДАКТОРЛОР

ДҮЙШӨКЕ ОРОЗАЛИЕВ

Дүйшөке агабыздын баскан жолу оңойго турбаптыр. Ал 1939-жылы армияга чакырылып, ошол бойдон апаат согуш бүткөнчө жүргөн. Алгач Түндүк-Батыш, үчүнчү Украина жана экинчи Украина фронтторунда душмандар менен салгылашкан. Майдандагы эрдиги үчүн бир канча орден, медалдар менен сыйланган. Кан күйгөн согуш анын жигиттик эркин майтара алган эмес. Согуштан кайтып келген соң, советтик-партиялык жооптуу кызматтарда иштеген. Өзү Ысык-Көлдүн Сары-Камыш айылынан болот. Башында Пржевальскидеги ( азыркы Караколдогу) педагогикалык окуу жайын аяктаган. 1950-жылы Республикалык партиялык мектепти аяктагандан кийин Талас облустук гезитине редакторлукка жөнөтүлөт. 1953-1957-жылдары КПСС БКнын Жогорку  партиялык мектебинин угуучусу болгон. Окууну аяктап келген соң “Мугалимдер газетасына” башкы редакторлукка дайындалып, бул жооптуу кызматта 1971-жылга чейин үзүрлүү эмгектенет. 1994-жылы эс алууга чыкканга дейре өз өмүрүн журналисттик кесип менен байланыштырып келген. «Эл агартуунун отличниги», Кыргыз ССР мектептерине эмгек сиңирген мугалими ардак наамдардын ээси.

ОТ КЕЧКЕН БАШКЫ РЕДАКТОРЛОР

МАКАЙ УСУПОВ

Тарых илимдеринин кандидаты, таанымал илимпоз, изилдөөчү, журналист Усупов
Макай Ысык-Көлдүн Каракол жергесинде 1924-жылы  туулган. Согуш бир үйдүн жалгыз баласын да тылда калтырган эмес экен. Ал 1942-жылы согушка алынып, бир жыл даярдыктан өткөрүлгөн соң, алгач Прибалтика аймагына түшөт. Кийин агабыз өзү айткандай, Беларуссияда, Польшада жөө басып, ачык асманда уктап, ачка, ток калып, көрбөгөн азапты көрүп, Германияга чейин жетет. Жеңишти желегин желбиретип, туу сайып кубанганы менен, кайра эле Кытайдагы граждандык согушка жөнөтүлөт. Ал жерде кадимки кыргыздан чыккан генерал И. Мониев менен бирге жүрүп, бөлүктүн командири болот.      Советтик армиянын катарынан бошотулгандан кийин, 1947-1951-жылдары Караколдогу мугалимдер институтунда, андан соң Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда билим алган. 1951-1957-жылдары институтта окутуучу, кийин «Мугалимдер газетасы» гезитинде жооптуу редактор кызматын аркалаган. Ал бир катар жогорку партиялык кызматтарда, илимий институттарда да ийгиликтүү иштеген.

1991-жылы  Макай  Усупов “Эскерме” китебинин редакциялык коллегиясына ишке чакырылып, киришүү, корутунду жана «Кыргызстан Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде» томунун жыйынтыктоочу негизги 8 главасын жазып чыккан. Макай агабыз 115 басма табак көлөмүндөгү илимий эмгектерин (анын ичинде тең автор катары) жарыялаган.  Ага Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи даражадагы ордени,  «Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн», «Кенигсбергди алгандыгы үчүн», «Германияны жеңгендиги үчүн» жана башка медалдар ыйгарылган.  Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасына эки ирет татыган.

Бөлүшүү

Комментарийлер