ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ БУУнун СЕССИЯСЫНДА

  • 11.03.2023
  • 0

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ БУУнун СЕССИЯСЫНДА

Ош технологиялык университетинин эки студенти Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясында гендердик теңчилик боюнча баяндама жасады.  

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ БУУнун СЕССИЯСЫНДА ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ БУУнун СЕССИЯСЫНДА

Иш-чарага ОшТУнун студенттери Аматова Гулнура жана Эркинбек кызы Назик менен бирге Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова баштаган Кыргызстандын делегациясы катышты. Сессияда өлкөнүн санариптик жетишкендиктеринде  IT-технологияларды колдонууда аялдардын жана кыздардын ордунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча кеңири талкуу жүрдү.  Туруктуу өнүгүү үчүн талап кылынган экономикалык, экологиялык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн негизги катышуучулары болгон тоолуу аймактарда жашаган аялдар жана кыздар үчүн жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө көңүл бурууну жана инвестицияны көбөйтүү зарылдыгы белгиленди.

Бул темалар боюнча Ош технологиялык университетинин студенттеринин презентациялары виртуалдык форматта өткөрүлдү жана алар бир катар мамлекеттердин өкүлдөрүн кызыктырды.

Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева ОшТУнун жамаатына ыраазычылык билдирип, кыргыз студенттери ар дайым алдыда экендигин белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер