ОШТУНУН “НАЗИК” БИЙ ТОБУ 10 ЖАШТА

  • 28.11.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжинин “Назик” бий тобунун 10 жылдыгына арналган музыкалык отчеттук концерти болуп өттү.

ОШТУНУН “НАЗИК” БИЙ ТОБУ 10 ЖАШТА

Аталган бий тобун Надилбек кызы Бегимай жетектейт. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, Ош шаардык маданият башкармалыгынын, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер жана ата-энелер катышты. Университеттин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору, доцент Асанбек Акматалиев “Назик” бий тобунун 10 жылдык мааракеси менен куттуктап, булак башатын ачып, балдардын шык-жөндөмүн арттырып, жол көрсөтүп келген Бегимай Надилбек кызына ыраазычылык билдирип, ОшТУнун ыраазычылык катын тапшырды. Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов куттуктоо сөзүн айтып, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалап, Ардак грамотасын тапшырды.

ОШТУНУН “НАЗИК” БИЙ ТОБУ 10 ЖАШТА

Иш-чаранын жүрүшүндө бийчи кыздар өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.

Белгилей кетсек, “Назик” бий тобу 2013-жылдын 10-декабрда ачылган. Ачылган күндөн баштап, азыркы күнгө чейин шаардагы, окуу жайдагы иш-чараларга активдүү катышып, шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө, кароосуз калган балдар үйүнө жардам көрсөтүп, акысыз концерт берип келет.

 

Асылзат ЭРГЕШОВА,
ОшТУнун басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер