ОШТУНУН ИЛИМПОЗ АЙЫМДАРЫНЫН ИЙГИЛИГИ

  • 29.04.2023
  • 0

Салттуу түрдө белгиленип келаткан 26-апрель — Бүткүл дүйнөлүк жана улуттук  интеллектуалдык менчик күнүндө Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жыл сайын өткөрүлүп келаткан “Илимде, ойлоп табуучулукта жана инновацияда аялдардын образы” конкурсунда ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы үч номинация боюнча жеңүүчү деп табылды.  

ОШТУНУН ИЛИМПОЗ АЙЫМДАРЫНЫН ИЙГИЛИГИ

“Аялдар командасы илимде” номинациясында “БЭжА” кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Айнура Хамзаева, э.и.к., доцент Каныкей Самиева, э.и.к., доцент Саламат Астанова, э.и.к., доцент Перизат Алишева, э.и.к., ОшТУнун доценти Чынара Эргешова,  ОшТУнун аспиранты Кызжибек Мамытова жеңүүчү деп табылды. Ал эми “Аял — илимпоз” номинациясы боюнча т.и.к., доцент, “ААКИТ” кафедрасынын башчысы Жылдыз Ирматова мыктылыгын көрсөтсө, «Илимдеги кыздар» номинациясында калыстар тобу БУиА-19 Татина Алмаматова жана Рег-19дан Гүлнур Аматованын эмгектерин белгилешти.ОШТУНУН ИЛИМПОЗ АЙЫМДАРЫНЫН ИЙГИЛИГИ

Бөлүшүү

Комментарийлер