ОШТУНУН ГИС ЛАБОРАТОРИЯСЫ ЖАҢЫЛАНДЫ

  • 24.03.2022
  • 0

Ош технологиялык университетининде Эразмус+ программасынын алкагында “Арменияда жана Кыргызстанда тармактар аралык аспирантура программаларын өнүктүрүү жана геомаалыматтык технологиялар чөйрөсүндө илимий тармактарды чыңдоо” долбоору боюнча жолугушуу жана семинар-тренинг өтүүдө.

ОШТУНУН ГИС ЛАБОРАТОРИЯСЫ ЖАҢЫЛАНДЫ

Долбоор Европанын Валенсия политехникалык университети, Швеция технологиялык институту, Словения университети, Бельгия университети, Кыргызстандын Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз мамлекеттик геология жана тоо иштери университети, Мамлекеттик картография жана Ош технологиялык университетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө. Долбоордун негизги максаты – геомалыматтар технологиясы тармагындагы адистиктерди даярдоо максатында магистранттарды жана PhD докторантурасын Кыргызстан жана Армения университеттеринде түзүү.

ОШТУНУН ГИС ЛАБОРАТОРИЯСЫ ЖАҢЫЛАНДЫ

Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо кафедрасынын адистештирилген ГИС лабораториясы “Арменияда жана Кыргызстанда тармактар аралык аспирантура программаларын өнүктүрүү жана геомаалыматтык технологиялар чөйрөсүндө илимий тармактарды чыңдоо” долбоорунун алкагында 2021-2024-жылдары Европа Бирлигинин ERASMUS+ программасы тарабынан каржыланып, жаңы жабдуулар менен жаңыртылды. Аталган лабораториянын ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүү жана геомаалымат системасындагы программаларды иштеп чыгууда магистрлердин илимий иштерин жүргүзүү Кыргыз Республикасында геомаалыматтык технологиялар чөйрөсүндө инновациялык долбоорлорду жана биргелешкен илимий-изилдөө иштерин шайкеш келтирүү  максатында атайын долбоордун негизинде Ош технологиялык университетине чет өлкөлөрдөн атайын өкүлдөр келип, семинар-тренинг өтүүдө. Аталган семинар-тренингге  Ош технологиялык университетинин окутуучулары активдүү катышып, кесипкөйлүгүн жогорулатып жатышат. Мындан сырткары, Бишкек шаарынан жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү да катышты.

Кыргыз Республикасындагы геомаалыматтык технологиялар боюнча Улуттук изилдөө борборунун Консультативдик кеңеши (Miopa|Keseagsi Mödede t Seos{ogteinop Teppó\oples — MKM-ST) 18 мүчөдөн, мекеме жетекчилеринен жана алдыңкы эксперттерден турат. Геомаалыматтык технологиялар чөйрөсү Европа Бирлигинин ERASMUS+ программасы тарабынан каржыланган SeoTAK долбоорунун алкагында түзүлгөн.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер