ОШТУДА НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Ош технологиялык университетинде Нооруз майрамынын урматына арналган майрамдык салтанат болуп өттү.

ОШТУДА НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Жалпы жамааттын жана студенттердин катышуусунда сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү болуп, кайнатылып жаткан сүмөлөктү майрамдык салтанатка келген ар бир катышуучу тилектерин айтып, аралаштырышты. Университеттин ректору Ж. Ж. Турсунбаев майрамдык салтанатка катышып, жалпы жамаатты Нооруз майрамы менен куттуктап, окуу жайдын келечекте өсүп-өнүгүп, мыкты кадрларды даярдай берген куттуу окуу жай боло беришине тилектештигин билдирди. Майрамдык иш-чара университеттин маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлеринин жана студенттердин обон созгон жагымдуу музыкалык чыгармалары менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер