ОШТУда ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ

  • 26.11.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери Ж.Абдрахмановдун жана К.Тыныстановдун 120 жылдыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Эгемен Кыргызстан: өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чарага Азербайжандын, Тажикстандын, Казакстандын окумуштуулары онлайн режиминде, ал эми Өзбекстандын окумуштуулары, Кыргыз Республикасынын башка аймактарындагы окуу жайлардын жана илимий мекемелердин өкүлдөрү оффлайн катышты.

Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө улуу инсандардын тарых жараткан эмгектери элдин түбөлүк болушун шарттайт. Бүгүнкү эгемендүүлүк шартында өткөндү эскерүү менен келечекке карай багыт алуу азыркы муундун негизги милдети болуп саналат. Бул максатта аталган илимий иш-чарага коңшулаш жана алыскы чет өлкөлөрдөн өздөрүнүн илимий баяндамалары менен илимдин кандидаттары, докторлору катышты. Ар бир жазылган илимий макала бүгүнкү күндөгү биздин муундун тарых барактарында калып кеткен улуу инсандарыбыздын эмгегин эскерип, мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндөгү алардын аракеттерин баалоого багытталган. Мындан сырткары, өлкөбүздүн ушул күнгө жетишинде орун алган ар кандай коомдук, тарыхый окуяларга баа берилип, аларды тарых илиминдеги ордун аныктоого аракеттер көрүлүүдө. Анткени ар бир жүз берген окуя тарых болуп эсептелип, убакыт өткөн сайын алардын ар бири кандайдыр бир коомдук өзгөрүүнүн башаты болуп калышат.

Илимий конференцияга жүз элүүдөн ашык илимий макала жазылып,  төрт секцияда окулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер