ОШТУДА БАТКЕН ЭЛИ ҮЧҮН АТАЙЫН ШТАБ ИШТЕП ЖАТАТ

  • 22.09.2022
  • 0

Ош технологиялык университетинин штабы бүгүнкү күндө тынымсыз иштеп жатат. Учурда штабга окутуучулар, студенттер азык-түлүк, кийим-кече керектүү гигиеналык каражаттарды алып келип, акчалай дагы жардам көрсөтүүдө.

Окуу жайдын жатаканаларында Баткенден эвакуацияланып келген жарандар жайгаштырылган. Аларга үч маал ысык тамак берилип, керектүү жууп тазалоо каражаттары, кийим-кече берилди. Үй-бүлөлөргө, жаш балдарга биринчи психологиялык жардам да көрсөтүлдү.

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун психологдору Баткенде жардам берүүдө.

Бишкекке учак менен кеткен төрт жарандын жол акысы ОшТУнун окутуучулары тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү

Комментарийлер