ОШТУДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ПРОГРАММИСТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 13.09.2022
  • 0

13-сентябрда Ош технологиялык университетинде бүткүл дүйнөлүк программистер күнүнө арналган иш-чара өттү.

Гумантардык-технологиялык колледжинин информатика, программалоо жана байланыш кафедрасы тарабынан маалыматтык технология багытында билим алып жаткан студенттердин ортосунда конкурс жарыяланган. Анын негизги максаты IT тармагын тандап келген биринчи курстун студенттерин бул кесиптин өзгөчөлүгүнө багыттоо, аларды салтанаттуу түрдө студенттик катарга кабыл алуу, бул багыттын орду тууралуу так маалымат берүү болуп саналат.

Иш-чарага шаардагы IT тармагында иш алып барган борборлордон коноктор келип, мыкты студенттерге окуу төлөмүнө отуз пайыздык арзандатуу сертификаттарды тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер