ОШТО 43 МЕКТЕП ОКУУЧУСУ АТЫРДЫН ЖЫТЫНА УУЛАНДЫ

  • 30.03.2023
  • 0

29-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кумар Момбекова атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучулары атырдын жытына ууланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Равшан Мамедовго шилтеме берип билдирди.

ОШТО 43 МЕКТЕП ОКУУЧУСУ АТЫРДЫН ЖЫТЫНА УУЛАНДЫ

Маалыматта айтылгандай, сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү бардык окуучулар дарыгерлердин көмөзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна доо кетпегени үчүн үйлөрүнө коё берилген.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, учурда жергиликтүү дарыгерлер тарабынан бүгүн кайра үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер