ОшМУнун стартапчылары — жылдын мыкты ишкери

  • 16.01.2025
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин Бизнес паркынын резиденти болгон G-Тech компаниясы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча “Жылдын мыкты ишкери” аталды. Сыйлык Accelerate Prosperity инкубациялык платформасы уюштурган иш-чарада тапшырылды.

ОшМУнун стартапчылары - жылдын мыкты ишкери

Команданын мүчөлөрү өздөрүнүн алдыга койгон максаттары тууралуу айтып жатып, бул ийгилик алар үчүн башталышы гана экенин билдиришти. Келечекте дагы жаңы долбоорлор менен эл аралык деңгээлге чыгууга ниеттенишерин белгилешти.

Accelerate Prosperity платформасы жыл сайын ишкердикти жана стартап экосистемасын өнүктүрүүгө багытталган мыктыларды сыйлап келет. Бул жолу G-tech командасынын эмгеги жана ийгиликтүү ишмердүүлүгү жогору бааланып, Кыргызстандын жаш ишкерлери үчүн жаңы шыктандыруучу үлгү болду.

ОшМУнун Бизнес паркы студенттердин жана жаш окутуучулардын креативдүү, инновациялык бизнес идеяларын ишке ашырууга багытталган инкубациялык борбор болуп саналат. G-Тech командасынын жетишкендиги бул платформанын ийгилигин дагы бир жолу тастыктады.

G-Тech – ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери тарабынан негизделген. Компания өз идеяларынын инновациялык мүнөзү жана ишкердикке болгон өзгөчө мамилеси менен айырмаланып, бир катар ийгиликтерге жетише алды. Тактап айтканда, “Студенттик стартап” программасынын алкагында мамлекеттик грант жана эл аралык уюмдардын байгелерин жеңип алышты. Эркечтам бажы пунктунун ишин автоматташтырууга салым кошту. Стартаптер студенттеринин демилгеси Бизнес паркта башталып, бүгүнкү күндө өлкөдө бизнес жана технология тармагында үлгү катары көрсөтүлүп келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер