ОШМУНУН РЕКТОРУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛГАН БЕЙТАПТАН КАБАР АЛДЫ

  • 30.01.2023
  • 0

ОШМУНУН РЕКТОРУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛГАН БЕЙТАПТАН КАБАР АЛДЫ

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университететтин медициналык клиникасында ашказан рагына операция жасалган бейтаптан кабар алды. Бейтапка 26-январда операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Өмүрбек Алишов менен биргеликте жасаган. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, дарыгердин көзөмөлүндө жакындарынын жардамы менен өзү басып жатат.
Кудайберди Кожобеков бейтапка ак калпак кийгизип, ден соолук каалады. Бейтап да клиниканын жамаатына, операция жасаган дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Мындан ары ОшМУнун медициналык клиникасында операциянын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

Февраль айында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лопороскоп аппараты алынып келинет, ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер