ОШМУНУН ОПОЛ ТООДОЙ ИЙГИЛИГИ

  • 28.09.2020
  • 0

Өткөн аптада республикадагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери Ош мамлекеттик университетинде болуп, окуу жайда пандемия шартында билим берүүнү уюштуруу багытында жасалып жаткан иш-аракеттер, санарип университетти калыптандыруудагы алдыңкы тажрыйбалары менен таанышып  келишти.

ОШМУНУН ОПОЛ ТООДОЙ ИЙГИЛИГИ

Окуу жайдагы маалыматтар базасын сактаган жана маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылган Дата борбору менен студенттердин, кызматкерлердин түйшүгүн жеңилдеткен Бирдиктүү терезе, инвестиция тартуу, окуу корпустарын куруу, лабораторияларды ачуу сыяктуу бир катар иштер барган жетекчилердин купулуна толуп, алардын арасында жакшы пикирди жарата алды.

— Чынында, акыркы 5-6 жылда чоң бийиктиктерди багынтышкан кесиптештерге суктанса болот. Өзгөчө эки нерсени белгилеп кетким келет: биринчиси, санарип университет программасын ишке ашыруудагы кадамдары, экинчиси, заманбап медициналык факультетти бутуна тургузуу. Ошто чын эле университеттик кампус пайда болуптур. Эмгек жамааттын уюшкандыгы, ынтымагы, жетекчиликтин, ректораттын бийик менеджерлик сапаттары көрүнүп турат. Санариптештирүүдө ОшМУдан үйрөнчү көп нерселер бар экен, өзгөчө аймактык жож катары ушундай ийгиликтерди жаратканы таасирлентти. Мунун артында эмне деген аракет, ишмердүүлүк, өжөрлүк, стратегиялык пландоо турганы айтпаса да түшүнүктүү. Кесиптештерге дагы-дагы ийгиликтерди каалайм! Ош шаарынын, облусунун өнүгүүсүндө ОшМУ билим, илим, заманбап тажрыйба жаатында чыныгы локомотив болуп калыптыр. Бул өтө кубандырат, — дейт КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев.

Университеттин бардык маалыматтары ушул Дата борбордо “Булуттук” технология аркылуу ишке ашырылат. Анын эске сактоо көлөмү 148 теребайтты түзөт. Университет  “Түндүк” өз ара электрондук байланыш системасына дагы кошулган. Ал үчүн атайын Dell 210i маркасындагы сервер сатып алышкан жана ubuntu 18.04LTS системасын орнотушкан. Окуу жайдын  автоматташтырылган системасында студенттердин жүз кырк миңге чукул, окутуучу жана көмөкчү персоналдардын жети миңге жакын маалыматтык базасы сакталып, иштетилет.

ОШМУНУН ОПОЛ ТООДОЙ ИЙГИЛИГИ

Бул технологияны билим берүү процессинде пайдалануу ириде сапатты көтөрүүгө чоң импульс берип, чукул өнүгүүгө жол ачарын жана башка окуу жайлар ушул университеттен үлгү алса боло тургандыгын коноктор дагы жашырышкан жок.

— Жыйындар залына киргенде эле чет өлкөлөргө барганда көрүп жүргөн университеттерден эч калышпасы, ал турсун бизге үлгү кылып көрсөтүп жүргөн атактуу Үрүмчүдөгү Педагогикалык университеттин ичине киргендей сезим калтырды. Өзгөчө менин байкоомду коштогонсуп Өкмөттүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Саралаева Жаннанын: «Биз, борбордогулар башка дүйнөдө жүргөнүбүздү, ОшМУ башка дүйнө экенин көрүп, даярдап алган сөзүмдү окугум келбей калды. Биз үйрөтөбүз деп жүргөндү ОшМУ эбак эле ишке ашырып коюптур», — дегени менимче, борбордон барган атактуу деген окуу жайлардын ректорлорунун башын жерге салгандай кылды. Флагман Бишкекте эмес, аймакта экен, көрсө. Ага кошумча 1,5 миллиард сом бюджети, 30 миӊден ашык студенти, орточо 400-500 АКШ долларына чукул эмгек акысы, кенен, жарык заманбап залдары, аудиториялары, ж.б.у.с. толгон-токой ийгиликтери, ректору баш болуп жамааты пандемия мезгилинде аралыктан окутууну жогорку деӊгээлге жеткирип жатканы кимди болбосун сыймыктандырбай койбойт. Бул университет жалаӊ эле түштүк аймактыкы эмес, бүткүл Кыргызстандыкы деген жылуу сезим менен келдим. Жакын арада Орто Азиядагы беш алдыӊкы университеттин катарына кошулаарына толук ишеним жаралды. Эми башка окуу жайлар дагы ушуга түздөнүшүбүз керек, — дейт Кыргыз финансы жана экономика институтунун ректору Айылчы Сарыбаев.

ОШМУНУН ОПОЛ ТООДОЙ ИЙГИЛИГИ

Жетекчилер кызыккан “Бирдиктүү терезе” долбоору бул окуу жайда үч жыл мурун ишке киргизилген. Ал студенттердин дагы, кызматкерлердин дагы түйшүгүн жеңилдетип, убактысын үнөмдөөсүнө шарт түзөт. Буга чейин диплом алууга өлкөнүн булуң-бурчунан келген бүтүрүүчүлөр 10 пунктту камтыган айланма баракчаны толтуруп биринчиден, көп убактысын коротушса, экинчиден, бюрократиялык мамилелерге туш болуп келишкен. Эми болсо диплом алууга келген бүтүрүүчү эч кандай карызы жок болсо “Бирдиктүү терезеден” эле дипломун алып кете берет.

 

АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР

Пандемия бардык окуу жайларда аралыктан билим берүүнү уюштуруунун ыкмаларын ыкчам өздөштүрүүгө мажбур кылды. Карантин башталгандан бери ар бири дараметине жараша окуу процессин жүргүзүүнүн түрдүү чараларын иштеп чыгышып,  билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылышууда. Бул жаатта дагы Ош мамлекеттик университетинде мактоого арзырлык иштер бар. Мисалы, AVN системасы менен синхрондуу иштеген КелБил платформасы. Буга чейин бул мобилдик тиркеме студенттер үчүн электрондук жадыбал жана сабакка катышууну каттаган электрондук журнал катары гана кызмат кылса, азыр сабактардын окуу материалдарын да камтууда. Окутуучулар жадыбалга сабакта колдонгон бардык каражаттарын шилтеме же pdf форматында тиркешет. Башкача айтканда, AVN системасындагы “Билим берүү порталы” менен бирге эле Zoom, Google Classroom, YouTube ж.б. каражаттарды да кеңири колдонуп, бир системага топтоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Эми студенттер KelBil тиркемеси аркылуу эле бардык предметтерге кирип, окутуучулар жадыбалга илген шилтемелерди, окуу материалдарды кеңири колдонуп жатышат.  Аткарган тапшырмаларына окутуучунун кайтарым байланышын, алган упайларын да ушул жактан эле көрө алышат.

ОШМУНУН ОПОЛ ТООДОЙ ИЙГИЛИГИ

Университетте DATA-борборунда иштеп жаткан mail.oshu.kg почталык серверин колдонуу менен ар бир окутуучунун официалдуу электрондук дареги түзүлгөн. Ал аркылуу ар бир окутуучу башка тараптар менен кат алмаша алышат. Бул университетте ички жана сырткы тараптар менен маалыматтарды ыкчам алмашууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга дагы шарт түздү. Ал ички документтерди алмашууга дагы ыңгайлуу.

Студенттерге онлайн видео сабактарды сапаттуу уюштуруу максатында Мегаком компаниясы менен vks.megacom программасы да иштейт. Ал университеттин ар түрдүү денгээлдеги жыйналыштарын онлайн уюштурууга шарт түзүүдө. Мындан сырткары маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында университеттин өздүк bbb2.oshsu.kg/ деп аталган видеоконференция уюштуруучу байланыш системасы дагы иштелип чыккан. Бул система жогоруда аталган интернет каражаттары сыяктуу сапаттуу видеоконференцияларды, б.а. синхрондук байланышты уюштурууга шарт түзүп, маалыматтарды университеттин Дата борборунда гана сакталуусуна жол ачты.

Мына ушуга окшогон иштер мамлекеттеги башка окуу жайларда дагы бар. Мисалы, КР Президентине караштуу Башкаруу академиясы ар кандай электрондук платформалардын негизинде аралыктан окутуу, онлайн окутуу сыяктуу ыкмаларды кенен колдонушууда.

  • Zoom, Google Meet, What’s App, электрондук почта сыяктуу ыкмаларга басым жасап, окуу процессин жөнгө салып алдык. Албетте, кыйынчылыктар, каталар да болду. Анын үстүндө талыкпай иштеп келебиз, окутуучулар үчүн, студенттер үчүн ар кандай багыттагы тренингдерди өткөрдүк, инфраструктураны чыңдап келебиз. Ханнс Зайдель фондусу аркылуу видео сабактарды өткөрүү боюнча атайын заманбап классты жабдып, ишке киргиздик. 200дөн ашык видеолекцияларды тартып, окуу процессине колдоно баштадык. Бул маанилүү иш күнүгө уланып жатат. Буга Президент С. Жээнбековдун атайын буйругу менен академиянын курамына Улуттук АйТи Борбору кошулганы да чоң түрткү берди. Албетте, онлайн окуу ресурстарын кеңири колдонуу — бул замандын талабы. Муну туура түшүнүп, туура колдонуу маанилүү. Аудиториялык ыкмаларды аралыктан окутуу ыкмалары менен симбиоз кылып, ар биринин мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырып колдонгон ЖОЖдор гана атаандаштыкка жөндөмдүү боло алат дегенди биз жакшы түшүнөбүз, — дейт ректор А.Акматалиев.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер