ОШМУНУН ОКУТУУЧУСУ КМШНЫН МЫКТЫ ЖАШ ИЛИМПОЗУ АТАЛДЫ

  • 12.01.2024
  • 0

Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Амиралиев Семетей Манасович Казакстандын Астана шаарындагы «Бобек» жалпы улуттук ассоциациясы КМШ окуу жайларынын жаш илимий кызматкерлеринин ортосунда өткөрүлгөн конкурста «Мыкты жаш илимпоз – 2023» наамына татыктуу болуп, 1-даражадагы диплом жана медаль менен сыйланды.

ОШМУНУН ОКУТУУЧУСУ КМШНЫН МЫКТЫ ЖАШ ИЛИМПОЗУ АТАЛДЫ

«Бобек» бирикмеси конкурстун алкагында даярдаган VIII эл аралык китеп басылмасында жаш окумуштуулардын макалалары жарыяланды. Алардын арасында С.М. Амиралиевдин илимий макаласы дагы бар.

ОШМУНУН ОКУТУУЧУСУ КМШНЫН МЫКТЫ ЖАШ ИЛИМПОЗУ АТАЛДЫ

ОшМУнун окутуучусу түркмөнстандык, өзбекстандык, казакстандык кесиптештери менен катар бул конкурска Кыргызстандан жалгыз өзү катышкан.

ОШМУНУН ОКУТУУЧУСУ КМШНЫН МЫКТЫ ЖАШ ИЛИМПОЗУ АТАЛДЫ

Эсиңиздерге сала кетсек, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин илимий-билим берүү мекемелеринде эмгектенген кызматкерлердин арасында жыл сайын өтүүчү «Мыкты жаш илимпоз» эл аралык конкурсу 18-декабрда Астана шаарында жыйынтыкталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер