ОШМУНУН КЛИНИКАСЫНДА БАТКЕН ОБЛУСУНАН КЕЛГЕН АЛТЫ ЖАРАН ДАРЫЛАНУУДА

  • 21.09.2022
  • 0

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен айылдарынан эвакуацияланып келген жарандарды  ОшМУ тарабынан даярдалган жатаканаларга жайгаштыруу иштери уланууда. Бүгүнкү күндө, келген жарандардан  алтоо ОшМУнун медициналык клиникасында дарыланып жатат. Алардын көпчүлүгү кан басымы жогорулап кайрылган.

Бүгүнкү күндө клиниканын дарыгерлери тарабынан бардык анализдери алынып, УИД, ЭКГ, рентген сыяктуу бардык аппараттардан текшерүүдөн өтүп, дарылоо иштери башталган. Алар клиникада 10 күн дарыланышат.

“Үй-бүлөдө беш адамбыз. Алгач эл менен кошулуп баарыбыз Кадамжай районуна келдик. Ал жерде башымдын ооруганы басылбаганынан дарыгерлер томографияга түшүңүз деп Ош шаарына  жөнөтүштү. ОшМУнун штабындагылар жардам берип томографияга түшүрүп, андан кийин ушул клиникага алып келишти. Келгенден баштап, жакшы кабыл алып, кыздар жуунтуп, ысык тамак берип, дароо укол-дарыларын беришти. Бардык анализдерди алды. Керектүү бардык каражат, кийим-кече менен камсыздашты, төрт маал ысык тамак берип жатат. Бизди көңүл буруп, кам көрүп жаткандыгына баарына ыраазымын. Элибизде аманчылык болсо экен”, — деди Халима Юсупова.

“Биз эл менен агылып ОшМУга келип калдык. Жатаканага жайгашкандан тартып бизди ыктыярчылар аябай жакшы кабыл алды. Керектүү каражаттар, кийим-кече, тамак-аш менен камсыздап жатышты. Дарыгерлер текшерип, күнү-түнү жаныбызда болуп жатышат. Кечээ кан басымым көтөрүлгөнүнөн ушул клиникага алып келишти. Бардык анализдеримди алып, дарылап жатышат. Шарттары жакшы экен. Мекенибиз тынч болуп, балдарыбыздын келечеги кең болсо экен”, — дейт Согмент айылынын тургуну Бурмабү Матраимова.

Учурда “ОшМУ Баткен менен” штабы 24 саат жарандар менен иштешүүдө. Окуу жай тарабынан даярдалган жатаканаларга ушул тапта 682 жаран келип жайгашты. Алардын ичинен облустук ооруканага үч жаран, балдар ооруканасына төрт бала жөнөтүлдү. Ал эми  алты жаран ОшМУнун клиникасында дарыланууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер