ОШМУДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИН АЛЬЯНСЫ ТҮЗҮЛӨТ

  • 16.03.2023
  • 0

Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү “Чет өлкөлүк лидер студенттердин ректор менен чай үстүндө жолугушуусу” иш-чарасын өткөрдү. Ага факультет жана колледждерден тандалып алынган 27 студент жана ректораттын өкүлдөрү катышты.

ОШМУДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИН АЛЬЯНСЫ ТҮЗҮЛӨТ

Жыйын чет өлкөлүк студенттерди администрация менен жакындан тааныштыруу, алардын саны, окуудагы жана жашоосундагы жаңылыктары, жетишкендиктери же көйгөйлөрү жөнүндөгү маалыматтарды жетекчиликке жеткирүү жана жаштар комитетине аналогия катары “Чет өлкөлүк студенттердин альянсын” түзүү максатын көздөдү.

ОШМУДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИН АЛЬЯНСЫ ТҮЗҮЛӨТ

ОШМунун ректору Кудайберди Гапаралиевич чет өлкөлүк студенттердин бирикмесин түзүү идеясын колдорун, бул уюм окуу жайдын жарыя-жаңылыктарын студенттердин кеңири катмарына оперативдүү жайылтууга салым кошо тургандыгын баса белгиледи.

ОШМУДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИН АЛЬЯНСЫ ТҮЗҮЛӨТ

Окуу бөлүмүнүн башчысы И. Н. Атабаев чет өлкөлүк студенттер менен өтүп жаткан иш-чаралар окуу жайдын эл аралык рейтингине зор таасир этерин билдирип, мындай жолугушууларды бат-бат өткөрүп турууну сунуштады. Студенттер өтүп жаткан жолугушуу жана чет өлкөлүк студенттердин альянсын түзүү иш-аракеттери бөтөн жерден келип окуп жаткан студенттерди достоштурууга, улуттар аралык биримдикти чыңдоого, тажрыйба алмашууга, интеграциялашууга, эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө, башка өлкөлөрдүн руханий жана маданий баалуулуктары менен таанышууга жол ача тургандыгын белгилешип, бирикмени түзүү сунушун жактырышып, ага мүчө болууга даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда, “Чет өлкөлүк студенттердин альянсын” түзүү жөнүндөгү жобо сунуштарды эске алуу менен толукталып, бирикменин курамын жобого ылайык тандоо чечими кабыл алынды.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер