ОШМУДА БИЛИМ БЕРҮҮ ОН-ЛАЙН РЕЖИМИНЕ ӨТТҮ

  • 17.03.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө окуган студенттер үчүн окуу процессинин лекциялык жана теориялык сабактары окутуунун дистанттык технологияларын колдонуу (avn.oshsu.kg “Билим берүү порталы”, KelBil тиркемеси ж.б.) менен жүргүзүлө баштады.

Университетте  Коопсуздук кеңешинин чечимине жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйруган ылайык 16-марттан баштап бардык иштер  он-лайн режимине өтө баштады. Ал үчүн окуу жай  жетекчилиги атайын буйрук чыгарды. Буйрукта биринчи кезекте академиялык тайпалардын семестрдик пландарында дистанттык окутуу технологияларын колдонуу менен уюштурулаган лекциялык жана теориялык сабактардын сааттары көбөйтүлүп, сабактардын практикалык, семинардык, лабораториялык ж.б. түрлөрүнүн сааттарын мөөнөтүнөн мурда каникулдан кийинки убактарга жылдыруу менен окуу процессин уюштуруу милдеттендирилди. Педагогикалык кызматкерлер окуу-усулдук иштерин уюштуруп, лекциялык жана теориялык сабактардын окуу материалдарын окутуунун дистанттык технологияларын колдонуу менен avn.oshsu.kg “Билим берүү порталы”, KelBil тиркемеси, ж.б. каражаттарына жүктөп башташты. Декандар, дирекциялар жана кафедра башчылары студенттер менен байланышты күчөтүшүп, ички жана тышкы мобилдүүлүк менен келген же кеткен студенттер менен байланышып, тиешелүү иш-чараларды аткарышууда.

“Үмүт” телестудиясы тарабынан факультет жана коллеждерде уюштурулган үлгүлүү on-line лекцияларды видеого тартуу, прессага жарыялоо колго алына баштады.

Бөлүшүү

Комментарийлер