ОШМУДА БЕШ КАБАТТУУ ВЕТЕРИНАРДЫК КЛИНИКАНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

  • 16.08.2022
  • 0

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде беш кабаттуу ветеринардык клиниканын имаратынын пайдубалына капсула салынды.

ОШМУДА БЕШ КАБАТТУУ ВЕТЕРИНАРДЫК КЛИНИКАНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫАземге окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, структура жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам, Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациясынын  президенти Рафаэль Лагенс баштаган коноктор катышты.

Жаңы курулуп жаткан клиника беш кабаттан туруп анда окуу лабораториялар, окуу кааналары, лекциялык, окуу залдары болот. Имараттын аянты 3000 чарчы метр, курулуштун жалпы сметасы 78 млн сом.

«Курулуп жаткан имаратыбыз окуу жайдагы окутулуп жаткан ветеринария, агрономия адистиктери үчүн болот. Студенттер окуу-илим-өндүрүш деген моделдин алкагында билим гана албастан окууга тапшыргандан тартып, илим менен алектенип, өндүрүштүк базаларда иштеп кесипкөй адис болуп чыгышат. Ветеринардык клиника окуу жайдын Медициналык клиникасы сыяктуу региондун, республиканын өнүгүшүнө салым кошот деп ишенебиз»- деди ректор Кудайберди Кожобеков.

Ветеринардык клиниканын курулушун  2023-жылдын март айларына бүткөрүү пландалган.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер