ОШМУ – САПАТТЫН КЕПИЛДИГИ, БИЛИМДИН МЕЙКИНДИГИ!

  • 22.05.2019
  • 0

Ошму  класикалык университеттен — изилдөөчү, инновациялык университетке карай!

Ош мамлекеттик университети – Кыргызстандагы эң ири жана бай тарыхый тажрыйбасы бар, “Даңк” ордендүү окуу жай. “Данк” ордени Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 30-августунда чыгарган Жарлыгына ылайык берилген.  Бул университеттин жалпы жамаатынын акыркы жылдардагы жаратмандык эмгегине, жаңы технологияларды жана инфраструктураны өркүндөтүүгө, билимдин сапатын көтөрүүгө, мыкты адистерди даярдоого кошкон салымы үчүн мамлекет тарабынан берилген татыктуу баа болуп саналат.

Учурда университетти   филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, Эл аралык Ч.Айтматов академиясынын академиги, профессор  Исаков Каныбек Абдуваситович жетектеп келет.

ОШМУ – САПАТТЫН КЕПИЛДИГИ, БИЛИМДИН МЕЙКИНДИГИ!

Университеттин келечекке карай максаты

ОшМУну классикалык университеттен — дүйнөлүк деңгээлдеги изилдөөчү жана инновациялык университетке трансформациялоо.

Стратегиялык максаты

Дүйнөнүн алдынкы ТОП-700 изилдөөчү университеттеринин катарына кирүү. ОшМУну Борбор Азиядагы  эң алдынкы 3 университеттердин бирине айландыруу.

ОшМУ- Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн лидери!

1939-жылы (Кыргыз ССР Эл комиссарлар Советинин 1939-жылдын 10-августундагы № 1142-токтомунун негизинде) түптөлгөн окуу жай быйыл өзүнүн 80 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат.

Учурда ОшМУда 19 факультет, 2 институт, 2 академия, 1 педагогикалык, психологиялык окуу-усулдук борбор, 4 колледж, 126 кафедра, 6 гимназия, 2 окуу борбор, 30 окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук борборлор, 10 жатакана, 2 медициналык клиника билимдүү кадрларды тарбиялоого кызмат кылат. ОшМУнун жайгашкан жалпы аянты 50 гектарды түзөт.

Синьцян университети менен Кыргыз-Кытай факультети, билим экспортуна негизделген Эл аралык медицина факультети, Испаниянын Кадис университети менен биргеликте Кыргыз-Европа факультети ачылды. Заман талабына шайкеш адистерди даярдоону максат кылган IT академия, Киноакадемия ачылып, адистерди даярдоону баштады. Түркиянын Кастамону университети менен биргеликте Кыргыз-Түрк факультети ачылып, андагы окуган студенттерге кош диплом алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Бүгүнкү күндө ОшМУда 32 000 студент, магистрант, докторант билим алууда.

 

ОШМУ – САПАТТЫН КЕПИЛДИГИ, БИЛИМДИН МЕЙКИНДИГИ!

ОшМУ – сапаттын кепилдиги, билимдин мейкиндиги!

Окутуучулук-профессордук курамдын 70и илимдин доктору, профессорлор, 405и илимдин кандидаты, доценттер болуп саналат. ОшМУдагы 6 диссертациялык кеңештер иш алып барат. Акыркы 5 жылда ОшМУнун окумуштуулары тарабынан 79 патент алынган.

2018-жылдын 18-майында Казакстандык эл аралык НААР агенттиги Кыргызстандык жогорку окуу жайлардын улуттук рейтингин чыгарды. ОшМУ 7 багыт боюнча 1-орунду  жана эки багыт боюнча 2-орунду камсыздап, генералдык рейтингде 1-орунга ээ болду.

“Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында жер-жерлердеги билим берүүнүн сапатын көтөрүү жана абитуриенттердин контингентин өстүрүү үчүн Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат райондорунда ОшМУнун мектеп-гимназиялары ачылды.

 

ОШМУ – САПАТТЫН КЕПИЛДИГИ, БИЛИМДИН МЕЙКИНДИГИ!

ОшМУ- билим экспорту өнүккөн университет

         ОшМУ 33 алыскы чет өлкөлөрдөгү 196 университет менен тыгыз иш алып барат. ОшМУда алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн Чехия, Испания, Түркия, Польша, Россия, Украина, Индия, Пакистан, Бангладеш, Судан, Кытай, Корея, Казахстан, Өзбекстан, Тажикистан ж.б. өлкөлөрдөн келип түрдүү адистиктерде 3514 студент билим алып жатат.

Жыл сайын ОшМУнун 1500дөн ашуун студенттери академиялык мобилдүүлүккө Германия, Чехия, Испания, Италия, Түркия, Кытай, Япония, Корея, АКШ, Индия, Россия, Казахстан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрдүн алдыңкы университеттерине барып окуп келишүүдө.

Эл аралык мамилелерибиз артып, кошуна Фергана, Андижан, Наманган, Ходженттеги 7 университет менен байланыш бекемделди. Ал эми алыскы өлкөлөрдөн Чехиянын Плзень университети, Прагадагы Агрардык университет, Кытайдагы Цинхуа, Пекин Чет тилдер университети, Испаниянын Кадис, Германиянын Йена, Гумбольдт университеттери, Индия, Румыния, Хорватия, Корея, Япония, Малайзиянын университеттери, Туркиянын Ардахан, Кастамону университеттери, Россия, Казакстандын, Европанын университеттери менен өз ара кызматташуунун натыйжасында көптөгөн студенттерибиз, 300дөй окутуучуларыбыз сырткы мобилдүүлүктөн өтүп келишти.

 

ОШМУ – САПАТТЫН КЕПИЛДИГИ, БИЛИМДИН МЕЙКИНДИГИ!

ОшМУ–ички мобилдүүлүктүн инициатору!

Студенттердин ички мобилдүүлүгүн өнүктүргөн “Ош Декларациясынын” алкагында өлкө аймагындагы ЖОЖдордон 1200дөн ашуун студент ички мобилдүүлүктөн өттү. 100дөн ашуун профессор, окумуштуулар конок лекцияларын өткөрүштү.

Студенттердин академиялык мобилдүүлүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана ОшМУнун дипломдорунун чет өлкөлөрдө таанылышына өбөлгө түзүү максатында диплома-саплемент үлгүсү ишке киргизилди.

 

ОШМУ – САПАТТЫН КЕПИЛДИГИ, БИЛИМДИН МЕЙКИНДИГИ!

ОшМУ – туу туткан баалуулуктар:

  • АДАМ РЕСУРСУ – университеттин негизги байлыгы;
  • АРДАГЕРЛЕРИБИЗ – университетибиздин куту.
  • ОРТО МУУН – окуу жайыбыздын жүзү.
  • ЖАШТАРЫБЫЗ – университетибиздин келечеги.
  • СТУДЕНТТЕРИБИЗ – элибиздин эртеңи.
  • Муундар ортосундагы байланышты бекем кармоо аркылуу КЛАССИКАЛЫК БИЛИМ+ИЛИМ жана ИННОВАЦИЯ+РУХАНИЙ    МАДАНИЯТТЫ айкалыштырган университетти өркүндөтүү!

 

ОшМУ талпынган жакынкы  5 жылдагы  максаттар:

  1. ОшМУ 2024-жылы дүйнөлүк университеттердин ТОП-700дүн катарына кирет;
  2. Борбордук Азиядагы эң алдыңкы 3 университеттин бири болот;
  3. “Санариптик технологиялардын университетине” айланат;
  4. “Коопсуз университет” түзүлөт;
  5. “Экологиялык университет” статусуна ээ болот;
  6. Билимдин сапаты эл аралык стандарттарга дал келет;
  7. “Социалдык жоопкерчилиги жогору болгон” университетке айланат.
  8. 2 эсе кщп инвестициялар тартылат.

ОШМУ – САПАТТЫН КЕПИЛДИГИ, БИЛИМДИН МЕЙКИНДИГИ!

ОШМУ МЕЙКИНДИКТЕРДИ БАГЫНДЫРЫП БАРАТКАН КУШ СЫЯКТУУ!

Өлкөдөгү  жаштардын алдыңкы сабында болуп, заманбап билим, татыктуу тарбия алып, келечектүү адис болууну самаган келечек ээлерин  Ош мамлекеттик университети кучак жайып күтүп алат!

ОшМУ — КЛАССИКАЛЫК БИЛИМ+ИЛИМ жана ИННОВАЦИЯ+РУХАНИЙ    МАДАНИЯТТЫ айкалыштырган  университет!

 

Лицензия №: LD170000279 кат.№17/0130, LC0000179 кат.№17/0127

 

Ош мамлекеттик университети 2019-2020-окуу жылына
төмөнкү багыттар/адистиктер боюнча абитуриенттерди
кабыл алууну жарыялайт:

 

КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: (негизги тест, тарых)

— Кыргыз тили жана адабияты;

— Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тил;

  1. Журналистика (негизги тест, тарых же англис тили)

 

ОРУС ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: (негизги тест, тарых)

— Орус тили жана адабияты.

531100 Лингвистика (негизги тест)

— Котормо жана котормо таануу;

— Чет тилдерди жана маданияттарды окутуунун теориясы жана методикасы.

 

ДҮЙНӨЛҮК ТИЛДЕР ЖАНА МАДАНИЯТ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: (негизги тест, англис тили)

— Чет тили

531100 Лингвистика (негизги тест, англис тили)

— Котормо жана котормо таануу;

531300 Маданият таануу (негизги тест)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

  1. Чет тили

050720 Котормо иши

 

ПЕДАГОГИКА ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Педагогика: (негизги тест, тарых же биология профилине жараша)

— Башталгыч билим берүү;

— Мектепке чейинки билим берүү;

— Дене тарбия.

  1. 5303 Психология (негизги тест)
  2. Дене тарбия (ЖРТ милдеттүү эмес)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

050720 Дене тарбия.

 

ИСКУССТВО ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Көркөм билим берүү: (ЖРТ милдеттүү эмес)

— Музыкалык искусство;

— Көркөм өнөр искусствосу.

  1. Эстраданын музыкалык өнөрү (ЖРТ милдеттүү эмес)
  2. 570400. Дизайн: костюм дизайны; интерьер дизайны. (ЖРТ милдеттүү эмес)
  3. Костюм жана текстиль искусствосу (негизги тест, жөндөмдүүлүгүн сыноо)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

070602 Дизайн.

 

ТАРЫХ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Социалдык-экономикалык билим берүү — Тарых (негизги тест, тарых)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

  1. Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү;
  2. Китепкана таануу.

 

юридика факультети

  1. Юриспруденция (негизги тест, тарых)
  2. 5322 Укук коргоо иши (негизги тест)
  3. 530004. Бажы иши (негизги тест, математика)
  4. Социалдык иш (негизги тест)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

  1. Укук коргоо ишмердүүлүгү;

 

Табият таануу жана география факультети

  1. Табигый-илимий билим берүү

— Биология; (негизги тест, биология)

— Химия; (негизги тест, химия)

— Химия–биология; (негизги тест, биология же химия)

— География; (негизги тест)

  1. Биология (негизги тест, биология же химия)
  2. Химия (негизги тест, химия же биология)
  3. География (негизги тест)
  4. Жаратылышты колдонуу жана экология (негизги тест)
  5. Туризм (негизги тест, тарых же англис тили)
  6. Ветеринария (негизги тест)
  7. Агрономия (негизги тест)
  8. Колдонмо геодезия (негизги тест)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

  1. Ветеринария
  2. Туризм
  3. Мейманкананы тейлөө
  4. Колдонмо геодезия

 

МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Физика-математикалык билим берүү:

(негизги тест, математика же физика)

— Математика;

— Информатика.

510100 Математика (негизги тест, математика же физика)

510200 Колдонмо математика жана информатика (негизги тест, математика же физика)

  1. Колдонмо информатика (экономика аймагында)

(негизги тест, математика же физика)

  1. Информатика жана эсептөө техникасы:

(негизги тест, математика же физика)

— Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы (ПОВТАС);

— Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (АСОИУ).

  1. Информациялык системалар жана технологиялар:

(негизги тест, математика же физика)

— Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар.

  1. Маалыматтык коопсуздук (негизги тест, математика же физика)
  2. Системалык анализ жана башкаруу (негизги тест, математика же физика)
  3. 531200. Компьютердик лингвистика (негизги тест, англис тили)

Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия (негизги тест)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

  1. Колдонмо информатика (экономика аймагында);
  2. Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (экономика аймагында);

 

 

ФИЗИКА – ТЕХНИКА ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Физика-математикалык билим берүү — Физика

(негизги тест, математика же физика)

  1. Электроэнергетика жана электротехника

(негизги тест, физика же математика)

— Электр менен камсыздоо.

  1. 610300. Агроинженерия (негизги тест)
  2. Транспорттук жараяндардын технологиясы — Транспорттогу бажы иши

(негизги тест, математика же физика)

  1. 680200. Биотехникалык системалар жана технологиялар

(негизги тест, физика же биология)

  1. Дизайн: Архитектура чөйрөсүндөгү дизайн (ЖРТ милдеттүү эмес)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

  1. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)
  2. Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо

200403 Медицин алык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо

 

Бизнес жана менеджмент факультети

  1. Экономика (негизги тест, математика):

— Финансы жана кредит;

— Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;

— Ишканалардын экономикасы жана башкаруу;

— Салык жана салык салуу;

— Экономикадагы математикалык методдор.

  1. Менеджмент (негизги тест, математика)
  2. Бизнес информатика (негизги тест, математика)
  3. Бизнес жана башкаруу (негизги тест, математика)
  4. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (негизги тест, тарых)

 

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Эл аралык мамилелер (негизги тест, англис тили же тарых)
  2. Аймак таануу (негизги тест, англис тили же тарых)
  3. Чыгыш таануу, африка таануу (негизги тест, англис тили же тарых)
  4. Саясат таануу (негизги тест)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

050720- Котормо иши

 

Кыргыз-европа факультети

531700 Америка таануу (негизги тест, англис тили же тарых)

531800 Европа таануу (негизги тест, англис тили же тарых)

  1. Лингвистика: Котормо жана котормо таануу (негизги тест, англис тили)
  2. Бизнес жана башкаруу: Эл аралык бизнес (негизги тест, математика)
  3. Туризм: Эл аралык туризм (негизги тест, тарых же англис тили)
  4. Юриспруденция: Эл аралык жана европалык укук (негизги тест, тарых)

 

Кыргыз-ТҮРК факультети

  1. Филологиялык билим берүү: Түрк тили жана адабияты

(негизги тест)

  1. Экономика (негизги тест, математика):
  2. Журналистика: Коомчулук менен байланыш жана реклама иши

(негизги тест, тарых же англис тили)

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

(негизги тест, тарых)

  1. Туризм: туризм жана мейманкана иши

(негизги тест, тарых же англис тили)

  1. Программалык инженерия

(негизги тест, математика же физика)

 

Кыргыз-кытай факультети

  1. Кытай таануу (негизги тест)
  2. Лингвистика (негизги тест)

— Котормо жана котормо таануу;

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

050720- Котормо иши

 

Медицина факультети

  1. Дарылоо иши (негизги тест, химия, биология)
  2. Педиатрия (негизги тест, химия, биология)
  3. Медициналык алдын алуу иши (негизги тест, химия, биология)
  4. Стоматология (негизги тест, химия, биология)
  5. Фармация (негизги тест, химия, биология)
  6. Медициналык айым иши (кечки)

 

ЭЛ аралык Медицина факультети

  1. Дарылоо иши

 

 

ТЕОЛОГИЯ факультети

  1. Теология (негизги тест)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

050717 Теология

 

АРАШАН ГУМАНИТАРДЫК институту

  1. Дин таануу (негизги тест)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

050717 Теология

 

КИНО академиясы

(ЖРТ милдеттүү эмес)

  1. Актердук өнөр
  2. Режиссура (Кино, ТВ)
  3. Кинооператорлук (Кино, ТВ)

 

IT академия

INTERNET–технология – окуу мөөнөтү 1 жыл

Локалдык тармактар администратору – окуу мөөнөтү 1 жыл

Программалоо курстары – окуу мөөнөтү 3 ай

Робототехника – окуу мөөнөтү 3 ай

 

МАГИСТРАТУРА ЖАНА PhD ДОКТОРАНТУРА

Окуу мөөнөтү – 2 жыл;

510100 Математика

510200 Колдонмо математика жана информатика

510400 Физика

520100 Химия

520200 Биология

520400 География

530200 Саясат таануу

530300 Психология

530500 Юриспруденция

531000 Филология

531100 Лингвистика

531500 Аймак таануу

531600 Теология

540200 Социалдык иш

550100 Табигый-илимий билим берүү

550200 Физика-математикалык билим берүү (Математика, Физика, Информатика)

550300 Филологиялык билим берүү (Кыргыз тили ж-а адабияты; Орус тили ж-а адабияты; Чет тили;)

550400 Социалдык-экономикалык билим берүү (Тарых)

550600 Көркөм билим берүү (Музыкалык искусство; Көркөм өнөр искусствосу)

550700 Педагогика

560100 Коомдук саламаттыкты сактоо

570700 Костюм жана текстиль искусствосу

580100 Экономика

580200 Менеджмент

580700 Бизнес башкаруу

600200 Туризм

640200 Электроэнергетика жана электротехника

710100 Информатика жана эсептөө техникасы

710200 Информациялык системалар жана технологиялар

710300 Колдонмо информатика

Билим берүүнүн менеджменти

 

 

Финансы – юридикалык колледж

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. 030503. Укук таануу
  2. Экономика жана бухгалтердик эсеп
  3. Финансы
  4. Салык жана салык салуу
  5. Банк иши
  6. Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертөө

040101 Социалдык иш.

 

Индустриалдык-педагогикалык колледж

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

050709 Башталгыч класстарда билим берүү;

050704 Мектепке чейинки билим берүү;

  1. Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы (ПОВТАС)
  2. Эсептөө техникаларынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө.

130503 Мунай жана газ чыккан жайларды иштетүү жана пайдалануу

 

Медициналык колледж

(11-класстын базасында)

  1. Акушердик иш             2 жыл 10 ай
  2. Медициналык айым иши             2 жыл 10 ай
  3. Дарылоо иши             3 жыл 6 ай
  4. Ортопедиялык стоматологиясы 2 жыл 10 ай
  5. Профилактикалык стоматология 2 жыл 10 ай
  6. Фармация                         2 жыл 10 ай
  7. Лабораториялык диагностика 2 жыл 10 ай

 

Өзгөн эл аралык медициналык колледжи

(11-класстын базасында)

  1. Акушердик иш             2 жыл 10 ай
  2. Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай
  3. Дарылоо иши             3 жыл 6 ай
  4. Ортопедиялык стоматологиясы 2 жыл 10 ай
  5. Профилактикалык стоматология 2 жыл 10 ай
  6. Фармация                         2 жыл 10 ай

 

 

“АДИС” окуу борбору

(окуу курстарынын мөөнөтү 1-5 ай)

  • Компьютердик курстар (Web-программалоо, оператор, компьютердик графика, видеомонтаж);
  • Тил курстары (англис, кытай, орус, араб, фарс, түрк, корей, немец тилдери);
  • Экономика боюнча курстар (Бизнести долборлоо, 1С Бухгалтерия 8.2, Бухгалтердик эсеп, Салык, Финансылык эсеп, Мамлекеттик сатуу жана сатып алуулар);
  • Психология;
  • Музыкалык сабаттуулук курстары (комуз, гитара, аккордеон, фортепиано);
  • Кулинария (Ашпозчу-кулинар, бармен, официант);
  • Кийимдерди долборлоо жана конструкциялоо. Элиталык пардаларды тигүү;
  • Уюлдук телефондорду техникалык кароо, ремонттоо;
  • Декоративдик колдонмо искусство;

 

Керектелүүчү документтер:

–  Абитуриенттин арызы;

–  АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ (түп нускасы);

–  ЖРТнын сертификаты;

–  3 х 4  өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;

–  Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, көчүрмөсү;

–  Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

 

Биздин дарек:

Кыргыз Республикасы, Ош шаары 723500,

Ленин көчөсү 331, ОшМУнун башкы корпусу,

Кабыл алуу комиссиясы 136-каб.,

Телефон:  0(3222)24525

Факс: 0(3222)24066

Сайт: www.oshsu.kg, Е-mail: [email protected]

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер