ОШМУ МЕНЕН УММУНУН КОШ ДИПЛОМДУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНА ҮЧ ЖЫЛ

  • 23.03.2023
  • 0

ОшМУга иш сапары менен келген Урал  мамлекеттик медициналык университетинин перспективалык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча проректору Михаил Флягин жана  Чет элдик студенттер факультетинин деканы Елена Богданова окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолугушту.

ОШМУ МЕНЕН УММУНУН КОШ ДИПЛОМДУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНА ҮЧ ЖЫЛ

Жолугушууда Урал мамлекеттик медициналык университети менен ОшМУнун келечектеги билим берүү, илим, маданият багыттарындагы кызматташтыктары талкууланды. Андан сырткары кош дипломдуу билим берүү багытында ишке ашып жаткан кызматташтыктар, медицина факультетинин дарылоо иши, стоматология адистиктерине тапшырган студенттердин окуу программалары, студенттерди кабыл алуудагы иш-аракеттер боюнча сөз болду.

Урал мамлекеттик медициналык университетинен келген делегация ОшМУда үч күн болушат. Алар окуу жайдын факультеттеринде болуп, билим берүү, илим изилдөө багыттарында түзүлгөн шарттар менен таанышат. Кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча билим алып жаткан студенттер менен жолушуп, пикир алышат. Медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы менен биргелешкен окуу пландарын, алдыдагы кызматташтыктарды талкуулашат.

ОшМУ Урал  мамлекеттик медициналык университети менен 2021-жылы дарылоо иши, стоматология, педиатрия багыттарында кош дипломдуу билим берүү боюнча келишимге кол койгон. Учурда стоматология жана дарылоо иши адистиктеринин 1-2-курсунда 35 студент билим алып жатышат. Студенттер үч жыл ОшМУда,  үч жыл Урал  мамлекеттик медициналык университетинде билим алып, эки окуу жайдын дипломуна ээ болушат. Ошондой эле эки университеттин студенти катары окуу жайдагы бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат.

ОШМУ МЕНЕН УММУНУН КОШ ДИПЛОМДУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНА ҮЧ ЖЫЛ

Бөлүшүү

Комментарийлер