ОШМУ МЕНЕН ММУ КЫЗМАТТАШАТ

  • 03.03.2023
  • 0

Москва шаарында Евразиялык университеттердин ассоциациясынын XV съезди өтүүдө. Иш-чарага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация да катышууда.

ОШМУ МЕНЕН ММУ КЫЗМАТТАШАТ

 

Съезддин алкагында 2-мартта ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков  Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий менен ММУнун «Ломоносов» атындагы борборун ОшМУда ачуу боюнча  келишимге кол коюшту.  Андан сырткары, эки окуу жайдын ректорлору  туризм (бакалавриат),  эл аралык мамилелер, математика жана компьютердик илимдер, колдонмо математика жана информатика (магистратура) багытындагы  кош дипломдуу билим берүү программалары боюнча да  келишимге кол коюшту.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер