ОШМУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА, ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК!

  • 12.06.2020
  • 0

Билим берүү сапарында 80 жылдык  бай тарыхы бар Ош мамлекеттик университети өзүнүн мааракесин 2020-жылы 28-майда 10 000ге чукул көрүүчүлөрдүн коштоосунда онлайн белгиледи.

ОШМУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА, ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК!

Ош мамлекеттик университетинин тарыхы 1939-жылы ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп түзүлүп, 1992-жылы Ош мамлекеттик университети болуп өзгөртүлгөн.

80 жылдык бай тарыхы бар Ош мамлекеттик университети мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө эбегейсиз чоң салымын кошуп келет.

Учурда билим алып жаткан 35 000 миңден ашуун студентти тейлөөгө, Ош мамлекеттик университетинин материалдык-техникалык базасы, илимий потенциялы жетиштүү.

Университет бала бакчадан тартып докторантурага чейинки заманбап билим берүүнүн бардык баскычтарын өзүнө камтыйт.

ОШМУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА, ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК!

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков: “ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ АР БИР БҮТҮРҮҮЧҮНҮН КЕСИПКӨЙ АДИС БОЛУУСУНА  КАМ КӨРӨТ”

Урматтуу мектеп бүтүрүүчүлөрү!

Сиздер үчүн ак мектептин акыркы коңгуроосу кагылса, мындан ары чыныгы турмуштун коңгуроосу кагыла баштады. Аруу тилек, изги үмүт, бийик кыялдар менен келечектин даңгыр жолуна кадам таштап, Кыргызстандын келечегине реалдуу салым кошкону  бел байладыңыздар!

Турмуш жолунда чырак болчу, Мекенибизди өргө тартчу,  өзүңүздөр сүйгөн кесипти тандоо алдында турасыздар!  Сиздердин кесипти туура тандооңуз – мыкты адис болууну шарттайт! Ар бириңиздердин кыялыңыздар орундалсын!

Эртеңки муунга билим азыгын, тарбия маңызын берген мыкты педагог болууну кааласаңыз, түпкүрдөгү талантыңызды эл алдына алып чыгып, кыргыз искусствосунун жылдызы болом десеңиз, рынок шартына шай келген экономист, финансист, бизнесмен болгуңуз келсе, дүйнө эшигин ачып, адамзаттын маданиятын билип, алардын тилинде түш жорууну кааласаңыз, табияттын сырын чечкен адис болууну ниеттенсеңиз, азыркы күндүн талабы болгон IT технологиялардын ааламына кирүүгө ышкыңыз болсо анда Ош мамлекеттик университети, сиз үчүн эшигин ачат! Ош мамлекеттик университети ар бир бүтүрүүчүнүн кесипкөй адис болуусуна, шык-жөндөмүнүн, чыгармачылыгын өнүгүүсүнө, ден соолугуна, маданий жана руханий көрөңгөсүнүнүн баюусуна ар тараптан кам көрөт.

Биз салттуу билим берүүнү айкалыштырып, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине чыктык. ОшМУга кабыл алынган ар бир студент окутуунун натыйжасын так билип, окуу мезгилинде окуган предметин жана окутуучуларды тандоо укугуна ээ.

Азыркы күндө ОшМУ 2 институт, 19 факультет, 4 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 2 академия, 6 мектеп-гимназия, 2 окуу борбору, 30 окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук ж.б. борборлор, 11 жатакана,  2 медициналык клиника, 18 спорт комплекси, Ысык- Көлдө “Үмүт” пансионаты, Ошто “Ак-Буура” эс алуу жайы, студенттик профилакторияны өз ичине камтыйт.

Учурда университетибиз 33 өлкөнүн 261 жогорку окуу жайы менен Алмашуу программаларынын алкагында кызматташат. ОшМУда окуп, дүйнөнүн бир нече университеттеринде окуп келүү мүмкүнчүлүгү ар бир студентте бар.

Студенттерибизди колдоо максатында олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө атайын белгиленген акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле социалдык колдоого муктаж студенттерге 5 000 000 сомдон ашуун колдоолор көрсөтүлүп келет.

Буга чейин жыл сайын эң мыкты 5 студентке берилип келген 1,200$ өлчөмүндөгү стипендия быйылкы жылы 10 студентке көбөйдү. Бул мыкты окуган студенттерибизге чоң стимул болот деп ишенем.

Жыл сайын ОшМУнун 1500дөн ашуун студенттери академиялык мобилдүүлүк алкагында Германия, Чехия, Испания, Италия, Түркия, Кытай, Япония, Корея, АКШ, Индия, Россия, Казахстан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрдүн алдыңкы университеттерине барып окуп келишсе, 400дөн ашуун окутуучуларыбыз тажрыйба алмашып келүүдө.

Акыркы жылдары ОшМУда 30дан ашуун окуу корпустары, жатаканалар, башка курулуштар заман талабына ылайык модернизацияланды. Окуу аудиториялары, лекциялык залдары, лабораториялары, китепканалар, спорт комплекстери заманбап эстетикалык обликке жана жабдууларга ээ болду. Мисалы, стоматологиялык клиниканын жана медициналык клиниканын  эл аралык медицина факультетинин, медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпусунун, Кыргыз-Кытай факультетинин окуу корпусун жана жатаканасын, финансы-юридикалык колледжинин, Өзгөн медициналык колледжинин окуу имараты жаңыдан курулду. Искусство факультети үчүн курулган 5 кабаттуу окуу имаратынын ачылуу аземи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү.  Жакында гана заманбап ачык жана жабык типтеги спорт комплексинин кызыл тасмасы кесилди. Ошондой эле “Заманбап колледж” долбоору аркылуу индустриалдык-педагогикалык колледжинин 3 кабаттуу жаңы окуу имараты, Ак-Буура кампусундагы 2 кабаттуу 2 окуу корпусу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. ОшМУнун 80 жылдык мааракесинин утурлай ОшМУнун алдында М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин  филиалынын курулуш иштери башталды. Бул саамалыкка улай эле Түштүк-Урал мамлекеттик университети менен Кыргыз-Россия факультетин ачуу жөнүндө келишимге кол койдук.

Ош мамлекеттик университети республикабызда биринчилерден болуп көз карандысыз, программалык жана интитутционалдык аккредитациялардан өтүүгө жетишти. Окуу жайыбыз 2018-2019-жылындагы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган көз карандысыз рейтингде 1-орунду багындырды. Окуу жайыбыздын акыркы жылдары жараткан ийгиликтери мамлекет тарабынан бааланып, 2017-жылы “Даңк” ордени менен сыйланды. Бул жетишилген ийгиликтер — университетибиздин эмгек жамаатынын талыкпаган бир топ жылдык эмгегинин натыйжасы.

Сүйүктүү абитуриент! Сиз тандап жаткан Ош мамлекеттик университети билим берүүдө жаңы технологияларды өздөштүрүп, билим берүү инфраструктурасын өркүндөтүп жатат.

Адамдар университеттерге жаңы идеялар үчүн, жаратмандык касиети үчүн келишет. Берилип жаткан билимдер турмуш үчүн, адамдар үчүн, жашоо үчүн, мамлекет үчүн пайдалуу.

ОшМУ терең тарыхы, бийик максаттары, кенен ой жүгүртүүсү жана  заманбап  билим  менен алдыга  умтула берет.

ОШМУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА, ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК!

Ош мамлекеттик университети 2020-2021-окуу жылына
төмөнкү багыттар/адистиктер боюнча абитуриенттерди
кабыл алууну жарыялайт:

 

КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: (негизги тест, кыргыз тили жана адабияты)

— Кыргыз тили жана адабияты;

— Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тил;

  1. Журналистика (негизги тест, тарых же англис тили)

 

ОРУС ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: (негизги тест, орус тили жана адабияты)

— Орус тили жана адабияты.

531100 Лингвистика (негизги тест)

— Котормо жана котормо таануу;

— Чет тилдерди жана маданияттарды окутуунун теориясы жана методикасы.

 

ДҮЙНӨЛҮК ТИЛДЕР ЖАНА МАДАНИЯТ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: (негизги тест, англис тили)

— Англис тили

— Немис тили

531100 Лингвистика (негизги тест, англис тили)

— Котормо жана котормо таануу;

 

ПЕДАГОГИКА, ПСИХОЛОГИЯ ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Педагогика: (негизги тест, кыргыз тили жана адабияты же орус тили жана адабияты)

— Башталгыч билим берүү;

— Мектепке чейинки билим берүү;

— Дене тарбия.

  1. 5303 Психология (негизги тест)
  2. Дене тарбия (ЖРТ милдеттүү эмес)

ОШМУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА, ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК!

ИСКУССТВО ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Көркөм билим берүү: (ЖРТ милдеттүү эмес)

— Музыкалык искусство;

— Көркөм өнөр искусствосу.

  1. Эстраданын музыкалык өнөрү (ЖРТ милдеттүү эмес)
  2. 570400. Дизайн: костюм дизайны; интерьер дизайны. (ЖРТ милдеттүү эмес)
  3. Костюм жана текстиль искусствосу (негизги тест, жөндөмдүүлүгүн сыноо)

 

ЧЫГЫШ ТААНУУ ЖАНА ТАРЫХ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Чыгыш таануу, африка таануу (негизги тест, англис тили же тарых)
  2. Социалдык-экономикалык билим берүү — Тарых (негизги тест, тарых)

 

ЮРИДИКА ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Юриспруденция (негизги тест, тарых)
  2. 5322 Укук коргоо иши (негизги тест)
  3. 530004. Бажы иши (негизги тест, математика)
  4. Социалдык иш (негизги тест)

 

ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Табигый-илимий билим берүү

— Биология; (негизги тест, биология)

— Химия; (негизги тест, химия)

— География; (негизги тест)

  1. Биология (негизги тест, биология же химия)
  2. Химия (негизги тест, химия же биология)
  3. География (негизги тест)
  4. Туризм (негизги тест, тарых же англис тили)
  5. Ветеринария (негизги тест)
  6. Агрономия (негизги тест)
  7. Колдонмо геодезия (негизги тест)

ОШМУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА, ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК!

МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Физика-математикалык билим берүү:

(негизги тест, математика же физика)

— Математика;

— Информатика.

510100 Математика (негизги тест, математика же физика)

510200 Колдонмо математика жана информатика (негизги тест, математика же физика)

  1. Колдонмо информатика (экономика аймагында)

(негизги тест, математика же физика)

  1. Информатика жана эсептөө техникасы:

(негизги тест, математика же физика)

— Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы (ПОВТАС);

— Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (АСОИУ).

  1. Информациялык системалар жана технологиялар:

(негизги тест, математика же физика)

— Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар.

  1. Маалыматтык коопсуздук (негизги тест, математика же физика)

Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия (негизги тест)

  1. 510700. Информациялык системдерди математикалык камсыздоо жана администрациялоо (негизги тест, математика же физика)
  2. Дизайн: графикалык дизайн (ЖРТ милдеттүү эмес)

 

ФИЗИКА-ТЕХНИКА ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Физика-математикалык билим берүү — Физика

(негизги тест, математика же физика)

  1. Физика
  2. Электроэнергетика жана электротехника

(негизги тест, физика же математика)

— Электр менен камсыздоо.

  1. 610300. Агроинженерия (негизги тест)

 

БИЗНЕС ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Экономика (негизги тест, математика):

— Финансы жана кредит;

— Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;

— Ишканалардын экономикасы жана башкаруу;

— Салык жана салык салуу;

— Экономикадагы математикалык методдор.

  1. Менеджмент (негизги тест, математика)
  2. Бизнес информатика (негизги тест, математика)
  3. Бизнес жана башкаруу (негизги тест, математика)
  4. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (негизги тест, тарых)

 

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Эл аралык мамилелер (негизги тест, англис тили же тарых)
  2. Аймак таануу (негизги тест, англис тили же тарых)
  3. Саясат таануу (негизги тест)

ОШМУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА, ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК!

КЫРГЫЗ-ЕВРОПА ФАКУЛЬТЕТИ

531700 Америка таануу (негизги тест, англис тили же тарых)

531800 Европа таануу (негизги тест, англис тили же тарых)

  1. Бизнес жана башкаруу: Эл аралык бизнес (негизги тест, математика)
  2. Туризм: (негизги тест, тарых же англис тили)

— Эл аралык туризм;

— Гид-экскурсия жана котормочулук кызматтарынын технологиясы жана аларды уюштуруу.

  1. Юриспруденция: Эл аралык жана европалык укук (негизги тест, тарых)

 

КЫРГЫЗ-ТҮРК ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: Түрк тили жана адабияты

(негизги тест)

  1. Экономика (негизги тест, математика):
  2. Журналистика: Коомчулук менен байланыш жана реклама иши

(негизги тест, тарых же англис тили)

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

(негизги тест, тарых)

  1. Туризм: туризм жана мейманкана иши

(негизги тест, тарых же англис тили)

  1. Программалык инженерия

(негизги тест, математика же физика)

 

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Кытай таануу (негизги тест)
  2. Лингвистика (негизги тест)

— Котормо жана котормо таануу;

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

050720- Котормо иши

ОШМУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА, ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК!

МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Дарылоо иши (негизги тест, химия, биология)
  2. Педиатрия (негизги тест, химия, биология)
  3. Медициналык алдын алуу иши (негизги тест, химия, биология)
  4. Стоматология (негизги тест, химия, биология)
  5. Фармация (негизги тест, химия, биология)
  6. Медициналык айым иши (кечки)

 

ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ

Дарылоо иши (чет элдик жарандар үчүн)

 

 

ТЕОЛОГИЯ факультети

  1. Теология (негизги тест)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

050717 Теология

 

АРАШАН ГУМАНИТАРДЫК институту

  1. Теология (негизги тест)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

050717 Теология

 

КИНО академиясы

(ЖРТ милдеттүү эмес)

  1. Актердук өнөр
  2. Режиссура (Кино, ТВ)
  3. Кинооператорлук (Кино, ТВ)

 

IT АКАДЕМИЯ

INTERNET–технология – окуу мөөнөтү 1 жыл

Локалдык тармактар администратору – окуу мөөнөтү 1 жыл

Программалоо курстары – окуу мөөнөтү 3 ай

Робототехника – окуу мөөнөтү 3 ай

 

МАГИСТРАТУРА ЖАНА PhD ДОКТОРАНТУРА

Окуу мөөнөтү – 2 жыл;

510100 Математика

510200 Колдонмо математика жана информатика

510400 Физика

520100 Химия

520200 Биология

520400 География

530200 Саясат таануу

530300 Психология

530500 Юриспруденция

531000 Филология

531100 Лингвистика

531500 Аймак таануу

531600 Теология

532300 Кытай таануу

540200 Социалдык иш

550100 Табигый-илимий билим берүү

550200 Физика-математикалык билим берүү (Математика, Физика, Информатика)

550300 Филологиялык билим берүү (Кыргыз тили ж-а адабияты; Орус тили ж-а адабияты; Чет тили;)

550400 Социалдык-экономикалык билим берүү (Тарых)

550600 Көркөм билим берүү (Музыкалык искусство; Көркөм өнөр искусствосу)

550700 Педагогика

560100 Коомдук саламаттыкты сактоо

570700 Костюм жана текстиль искусствосу

580100 Экономика

580200 Менеджмент

580700 Бизнес башкаруу

600200 Туризм

640200 Электроэнергетика жана электротехника

710100 Информатика жана эсептөө техникасы

710200 Информациялык системалар жана технологиялар

710300 Колдонмо информатика

Билим берүүнүн менеджменти

 

Медициналык колледж

(11-класстын базасында)

  1. Акушердик иш 2 жыл 10 ай
  2. Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай
  3. Дарылоо иши 3 жыл 6 ай
  4. Ортопедиялык стоматология 2 жыл 10 ай
  5. Профилактикалык стоматология 2 жыл 10 ай
  6. Фармация 2 жыл 10 ай
  7. Лабораториялык диагностика 2 жыл 10 ай

 

Өзгөн эл аралык медициналык колледжи

(11-класстын базасында)

  1. Акушердик иш 2 жыл 10 ай
  2. Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай
  3. Дарылоо иши 3 жыл 6 ай
  4. Ортопедиялык стоматология 2 жыл 10 ай
  5. Профилактикалык стоматология 2 жыл 10 ай
  6. Фармация 2 жыл 10 ай

ОШМУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА, ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК!

Финансы – юридикалык колледж

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. 030503. Укук таануу
  2. Укук коргоо ишмердүүлүгү
  3. Экономика жана бухгалтердик эсеп
  4. Финансы
  5. Салык жана салык салуу
  6. Банк иши
  7. Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертөө
  8. Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү

 

Индустриалдык-педагогикалык колледж

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

050709 Башталгыч класстарда окутуу;

050704 Мектепке чейинки билим берүү;

050721 Дене тарбия;

  1. Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу (ПОВТАС);
  2. Эсептөө техникаларынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө;
  3. Колдонмо информатика (экономика аймагында);
  4. Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары;

070602 Дизайн;

  1. Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы
  2. Социалдык иш.
  3. Социалдык патронаж.

 

Эл аралык билим берүү программалары колледжи

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. Чет тили

050720 Котормо иши (англис, немис, корей, япон, араб, түрк)

 

STEM инновациялык колледжи

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)
  2. Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо

200403 Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо

  1. Ветеринария
  2. Туризм
  3. Колдонмо геодезия

 

 

“АДИС” окуу борбору

(окуу курстарынын мөөнөтү 1-5 ай)

  • Компьютердик курстар (Web-программалоо, оператор, компьютердик графика, видеомонтаж);
  • Тил курстары (англис, кытай, орус, араб, фарс, түрк, корей, немец тилдери);
  • Экономика боюнча курстар (Бизнести долборлоо, 1С Бухгалтерия 8.2, Бухгалтердик эсеп, Салык, Финансылык эсеп, Мамлекеттик сатуу жана сатып алуулар);
  • Психология;
  • Музыкалык сабаттуулук курстары (комуз, гитара, аккордеон, фортепиано);
  • Кулинария (Ашпозчу-кулинар, бармен, официант);
  • Кийимдерди долборлоо жана конструкциялоо. Элиталык пардаларды тигүү;
  • Уюлдук телефондорду техникалык кароо, ремонттоо;
  • Декоративдик колдонмо искусство;

 

 

ОшМУнун ЖОЖго даярдоо борбору

(окуу мөөнөтү 1 жыл)

Жалпы республикалык тестке даярдоо

  • негизги тест (математика, кыргыз тили же орус тили)
  • медицина багыты(математика, кыргыз тили же орус тили, кошумча химия, биология)

 

Керектелүүчү документтер:

–  Абитуриенттин арызы;

–  АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ (түп нускасы);

–  ЖРТнын сертификаты;

–  3 х 4  өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;

–  Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, көчүрмөсү;

– Медициналык справка (орто кесиптик адистиктер үчүн гана);

–  Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

 

Биздин дарек:

Кыргыз Республикасы, Ош шаары 723500,

Ленин көчөсү 331, ОшМУнун башкы корпусу,

Кабыл алуу комиссиясы 136-каб.,

Телефон:  0(3222)70818

Факс: 0(3222)70915

Сайт: www.oshsu.kg, Е-mail: [email protected]

КРнын ББжИ минист. лиценз.: №D2018-0001 13.11.2018, №C2019-0021 26.07.2019

Бөлүшүү

Комментарийлер