ОШМУ: КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ ӨЗҮБҮЗ АНЫКТАЙБЫЗ

  • 28.12.2022
  • 0

ОшМУ өз ишмердүүлүгүн тынымсыз кеңейтип, билим мейкиндигин багындырууда. Заман талабына ылайык өнүгүп, улам жаңы долбоорлорду, максаттарды ишке ашырып, келечекке ишенимдүү кадам таштоодо. Учурда окуу жай дүйнөлүк университеттердин Qs рейтингине кирүү аракетин баштады.

ОШМУ: КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ ӨЗҮБҮЗ АНЫКТАЙБЫЗ

Жыл ичиндеги окуу жайдын жетишкендиктери, алдыдагы пландары тууралуу окуу жайдын ректору, профессор Кудайберди Кожобеков биз менен ой бөлүштү.

2022-жылы Президенттин Жарлыгы менен өлкөдөгү алдыңкы беш окуу жайга өзгөчө статус берилди. Анын катарында Ош мамлекеттик университети да бар. Өзгөчө макамдын негизги максаты — окуу жайды 4-муундагы университетке трансформациялоого өбөлгө түзүү болуп саналат. Президенттин тапшырмасы боюнча жакынкы беш жылдын ичинде биз кескин кадамдарды жасап, дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы  университеттердин катарына кирүүбүз керек. Бул макам академиялык, финансылык жана башкаруу саясатынын эркиндигин берип, окуу жайдын бийик максаттарын ишке ашырууга шарт түзөт.

Өлкөдөгү бир топ окуу жайлар кайра түзүлүп, айрым институт, академиялар университеттерге бириктирилди. Ушул ирилештирүү саясатына ылайык түштүк аймагында юристтерди даярдаган ири окуу жай Ош мамлекеттик юридикалык институту, Ош шаарындагы №12 кесиптик лицейи, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски аймагы менен бүтүндөй базасы ОшМУнун карамагына өттү. Бүгүнкү күндө бул мекемелердин аймагында  ири курулуштар башталды.

ОШМУ: КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ ӨЗҮБҮЗ АНЫКТАЙБЫЗ

БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨ ТААНЫЙСЫҢ

Акыркы бир жылда кырктан ашуун окуу жай менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдер түзүлүп, эл аралык байланышыбыз бир топ кеңейди. АКШ, Кытай, Малайзия, Германия, Франция, Польша, Түштүк Корея, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин бир нече  ЖОЖдору менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол койдук.

Алгачкы жолу ОшМУда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби түзүлдү. Мында эки жыл ОшМУда, эки жыл башка чет өлкөдөгү окуу жайда билим алып, эки университеттин дипломуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Кош дипломдуу эл аралык биргелешкен билим берүү программалары Кытай, Россия, Казакстан өлкөлөрү менен ийгиликтүү ишке ашууда. Ал эми Испания, Түркия, Германия, Корея, Өзбекстандын бир нече  университеттери менен биргелешкен программаларды түзүү үстүндө иш-аракеттер жүрүп жатат. Кош дипломдуу билим берүү программаларынын саны 20га жакындап калды.

2022-жылдын декабрында ОшМУда Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин  филиалы — казак тили жана маданияты борбору ачылды. Жакынкы күндөрдө Евразия улуттук университетинин базасында ОшМУнун филиалы ачылат.

Окуу жай академиялык мобилдүүлүк жана интернационалдаштыруу багытында дагы белгилүү ийгиликтерге жетүүдө. Жыл сайын 500гө жакын студент (магистрант), 300гө жакын окутуучу академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү 282 университетке барып, окуп, тажрыйба алмашып келүүдө.

ОШМУ: КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ ӨЗҮБҮЗ АНЫКТАЙБЫЗ

ЖАҢЫЛАНГАН ИНФРАСТРУКТУРА — ЖАГЫМДУУ АТМОСФЕРА

  • Өткөн окуу жыл ичинде 20дан ашуун окуу корпустар, жатаканалар, башка курулуштар заман талабына ылайык курулуп жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
  • Димедиус жана морфология окуу комплекси эки кабаттуу эки окуу имараты курулду.
  • ОшМУнун жогорку билим берүү программалар мектебинин беш кабаттуу окуу имараты салынып, пайдаланууга берилди.
  • “Билим” лицейинин үч кабаттуу окуу имаратынын курулушу бүтүп, пайдаланууга берилди.
  • Медициналык клиниканын операциялык, жандандыруу жана хирургия бөлүмдөрү, стоматологиялык клиника ишке кирди. Тез жардам унаасы алынды.
  • Медицина факультети үчүн эки, эл аралык медицина факультети үчүн эки заманбап лекциялык зал пайдаланууга берилди.
  • Медицина факультети толук капиталдык оңдоодон өттү.
  • “Ак-Буура” кампусунда спорттук аянтчалар заман талабына ылайык модернизацияланды.
  • Искусство факультетине кошумча окуу корпусу курулууда.
  • Учурда табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде ветеринардык клиниканын, “Ак-Буура” кампусунда беш кабаттуу окуу-лабораториялык корпустун курулушу жүрүүдө.
  • Жакынкы күндөрдө теология факультети үчүн спорт комплекси курулуп баштайт.
  • ОшМУнун курамына өткөн №12 кесиптик лицейинин жанына “Жаштар борбору” курулат.

ОШМУ: КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ ӨЗҮБҮЗ АНЫКТАЙБЫЗ

ОшМУ – САНАРИП МЕЙКИНДИК

Санарип чөйрөсүндө бардык кыймыл-аракеттер толук түрдө электрондук форматта ишке ашууда. Электрондук журнал, электрондук силлабус, электрондук архив, электрондук жадыбал, электрондук айланма баракча, электрондук табель, электрондук оорукана, онлайн шайлоо системасы, “ОшМУ окутуучу”, “ОшМУ студент”, “ОшМУ абитуриент” тиркемелери реалдуу иш-аракеттерде колдонулууда. ОшМУдагы санарип платформасын өлкөдөгү башка ЖОЖдор келип үйрөнүп, практикалап жатышат.

ОшМУ ГОРИЗОНТТОРДУ КЕҢЕЙТЕТ

Эл аралык таанууга ээ болуш үчүн көз карандысыз аккредитацияга жана рейтингге катышуунун мааниси чоң. Бул багытта университеттин жамааты бир нече жылдан бери QS дүйнөлүк рейтингинде системалуу иштерди аткарууда. ОшМУ университеттердин дүйнөлүк рейтингдерине кирүүнүн үч жылдык жол картасын түзүп, анын үстүнөн иштөөнү баштады.

Университетибиз НААР аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги  тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги” программасынын жыйынтыгы боюнча ГЕНЕРАЛДЫК  рейтингде катары менен беш жыл 1-орунду камсыздап келет.

ОШМУ: КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ ӨЗҮБҮЗ АНЫКТАЙБЫЗ

ОшМУ – ИЙГИЛИККЕ ШЫКТАНДЫРАТ

Университеттин негизги көрсөткүчү сапаттуу бүтүрүүчү болуп саналат. Андыктан өлкө башчыбыздын тапшырмасына ылайык ОшМУда атайын ойлоп табуучулардын чоң ордосу болгон “Жаштар бизнес паркы” түзүлүп, иштей баштады. Бул борбор студенттердин ойлоп тубууларын, долбоорлорун ишке ашырууга ыңгайлуу
база.

“Университет-ОшМУ” волейбол кыздар клубу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы тарабынан уюштурулган кыз-келиндер арасындагы клубдар аралык VIII ачык чемпионатында жана КР волейбол боюнча Президенттин кубогунда быйыл чемпион аталды. Аталган команда түштүк аймагында жалгыз волейбол клубу болуп эсептелет.

КР волейбол  боюнча жогорку лигасындагы клубдар аралык мелдеште ОшМУнун “Университет-ОшМУ” волейбол балдар клубу вице-чемпион болду.

Бир гана ОшМУда эң мыкты билим алган 10 студент ар жылы 1200$  стипендия ала алат. Ал стипендия өмүр бою университетте эмгектенген меценант агайдын колдоосу менен ишке ашууда. Ошондой эле 22 студент жыл сайын Окумуштуулар кеңешинин стипендианты болот.

Студенттерди колдоо максатында олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө атайын белгиленген акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле социалдык колдоого муктаж студенттерге 5 млн сомдон ашуун колдоолор көрсөтүлүп келет.

ОШМУ: КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ ӨЗҮБҮЗ АНЫКТАЙБЫЗ

ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ – КОММЕРЦИЯЛАШТЫРУУ

Төртүнчү муундагы окуу жай ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ- КОММЕРЦИЯЛАШТЫРУУ – компоненттерин бирдиктүү ишке ашырышы керек. Билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр, долбоорлор өндүрүшкө багытталып,  жергиликтүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуусу абзел.

Жогорку окуу жайларга илим-изилдөө багытында өзгөчө талаптар коюлду. Ар бир изилдөө, илимий эмгектер жана долбоорлор өндүрүш менен тыгыз байланышта болуп, ЖОЖ-илим-өндүрүш компоненттери бирдикте ишке ашырылышы керек.

Акыркы эки жылда илимий долбоорлор үчүн 17 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

Алгачкы жолу беш багытта PhD докторантура ачылып, иштей баштады.

Илимий журналдарынын  ишмердүүлүгү  Open  Journal  System (OJS) платформасына өткөрүлдү.

Окуу жайды өндүрүштүк университетке айлантуу максатында Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү” программасынын алкагында «Алдыңкы тажрыйба борбору» ачылды. Борбордун биринчи кабатында окуу-өндүрүштүк комплекс үчүн тигүү цехтери,  программалык жабдуу менен камсыздоочу өндүрүштөр орун алган. Экинчи кабатында региондордогу колледждерден билимин жогорулатуу үчүн келген мугалимдер, конок лекторлор, академиялык мобилдүүлүк багытында келген студенттер үчүн конок бөлмөлөр бар. «Окуу-өндүрүштүк комплекстен» даярдалган өндүрүштөр ОшМУнун фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгат.

Бүгүн ишенимдүү, туруктуу, креативдүүлүк менен бийиктикке багыт алган ОшМУда 18 факультет, эки институт, бир эл аралык жогорку билим берүү мектеби, алты колледж, бир илим-изилдөөчү институт, эки академия, алты мектеп-гимназия, медициналык клиника, 22 эл аралык борбор, 11 жатакана, Ысык-Көлдө “Үмүт” пансионаты, Ошто “Ак-Буура” эс алуу жайы, студенттик профилакториясы бар.

ОшМУ – башталгыч билим берүүдөн тартып докторантурага чейинки заманбап билим берүүнүн бардык баскычтарын өзүнө камтыган кластерлик мекеме.

Бөлүшүү

Комментарийлер