ОШМУ: БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧ!

  • 22.05.2023
  • 0

ОШМУ: БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧ!

ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобековдун абитуриенттерге кайрылуусу:

Кымбаттуу абитуриент!

Бүгүн силер билим, тарбия берип турмуштун узак жолуна аттантып жаткан мектебиңерге ыраазычылык айтып, колуңарга орто мектептин бүтүрүү аттестатын алуу алдында турасыңар.

Жашооңордун жаңы барагы ачылып, өлкөмдүн намысына жарасам, ата-энемдин аруу тилегин, мүдөөсүн аткарсам, эң негизгиси жүрөгүмдөгү бөпөлөп келген таттуу кыялдарымды ишке ашырсам деп турган чагыңар. Азыр ар бириңер университеттердин аброюн, билим берүү деңгээлин, илимий потенциалын, сапаттык салмагын, эл аралык беделин, студенттик күндөрдү мазмундуу жана маңыздуу өткөрүү үчүн түзүлгөн шарттарын карап, терең ойлонуп жаткан кезиңер.

Эгерде жүрөгүңөрдүн түпкүрүндө келечек муунга татыктуу тарбия жана билим берген педагог болууну каалап турсаңар, өмүр сакчысы болууну эңсеп жатсаңар, элдин укугун коргогон юрист болгуңар келсе, ыйман жолуна үндөгөн теолог болууга ниет кылып жатсаңар, экономиканы көтөргөн финансист, экономист же бизнесмен болгуңар келсе, заманбап IT адис, компьютердин тилин билген кесипкөй инсан болууну самасаңар, өлкө желегин желбиреткен спортсмен, кыргыз элинин улуттук маданиятын дүйнөгө тааныткан искусство адамы болууну эңсеп жүрсөңөр, мамлекеттер арасында достукта көпүрө болууну каалап англис, француз, немис, араб, кытай, корей, япон тилин өздөштүрүп, дипломат, тилчи мугалим, котормочу болууну кааласаңар, өлкөбүздүн энергетикалык булагын өнүктүргөн адис болууну кыялданып жатсаңар, акылмандуулукка умтулган философ, башкаруучу болгуңар келсе же жөн эле ак ниет менен элибизге кызмат кылган жакшы адам, татыктуу адис болууну кааласаңар, анда билим берүүнүн алтын уясы болгон Ош мамлекеттик университетин тандагыла.

Биздин окуу жайда гана Жаштар бизнес паркы аркылуу студент болуп туруп, талантыңа жана билимиңе тирек болгон кошумча билим алып, эң мыкты долбоорлорду алып чыгып, бизнестеги алгачкы чыйырыңды салууга болот! Чыныгы билим алууга дилгирленгендерге, таланттуу жана жөндөмдүүлөргө, мыкты адис болууну эңсегендерге, жакшы адам болууга умтулган улан-кыздарга Ош мамлекеттик университетинин билим эшиги дайыма ачык.

ОшМУда гана эң мыкты билим алган 10 студентте жылына 1,200 $ өлчөмүндө “Атуулдук стипендия” алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ар бир окуу жылынын аягында ТОП 20га кирген студенттерибизге жылына 10 000 сомдон стипендия ыйгарабыз.

Евразиядагы эң мыкты үч университеттин катарына кирген Ош мамлекеттик университетине куш келгиле!

Урматтуу абитуриент! Биздин окуу жай күн санап өнүгүү жолунда бара жатат. Кел, оку, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымыңды кош! Бардыгы сенин колуңда экенин унутпа!

ОШМУ: БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧ!

Ош мамлекеттик университети 2023-2024-окуу жылына төмөнкү багыттар/адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт:

КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: (, )

— Кыргыз тили жана адабияты;

— Өзбек тили жана адабияты;

— Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тил.

  1. Журналистика (, же )

— Мультимедиалык журналистика;

— IT жана мобилдик журналистика;

— Масс-медиа жана полингвизм.

ОРУС ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: (, )

— Орус тили жана адабияты.

531100 Лингвистика ()

— Чет тилдерди жана маданияттарды окутуунун теориясы жана методикасы.

ДҮЙНӨЛҮК ТИЛДЕР ЖАНА МАДАНИЯТ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: (, )

— Англис тили

— Немис тили

— Корей тили

531100 Лингвистика (, )

— Котормо жана котормо таануу.

ПЕДАГОГИКА ЖАНА ПСИХОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Педагогика: (, же )

— Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы;

— Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы.

  1. Психология ()

ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Дене тарбия ()

ИСКУССТВО ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Көркөм билим берүү: ()

Музыкалык искусство; Көркөм өнөр искусствосу.

  1. Эстраданын музыкалык өнөрү ()
  2. Дизайн: костюм дизайны; интерьер дизайны. ()
  3. Костюм жана текстиль искусствосу (, жөндөмдүүлүгүн сыноо)
  4. Актердук өнөр ()
  5. Режиссура-Кино, ТВ ()
  6. Кинооператорлук-Кино, ТВ ()

ТАРЫХ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ИШТЕР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Социалдык-экономикалык билим берүү — тарых (, )
  2. Социалдык иш ()
  3. Китепкана таануу жана документ жүргүзүү: Башкарууну документтик камсыздоо ()

Юридика факультети

  1. Юриспруденция (, )
  2. Укук коргоо иши ()
  3. Сот экспертизасы ()
  4. Бажы иши (, )

ТАБИЯТ ТААНУУ, ТУРИЗМ ЖАНА АГРАРДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Табигый-илимий билим берүү (Биология, Химия, География) (, же профилине жараша)
  2. Биология (, же )
  3. Химия , же )

— Химиялык-экологиялык, криминалистикалык экспертиза.

  1. География ()
  2. Туризм (, же )
  3. Ветеринария ()
  4. Агрономия ()
  5. Колдонмо геодезия ()

МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Физика-математикалык билим берүү: (, же )

— Математика; — Информатика.

510100 Математика (,  же )

510200 Колдонмо математика жана информатика (,  же )

  1. Колдонмо информатика: (, же )

— Экономикадагы колдонмо информатика;

— Архитектурадагы колдонмо информатика;

— Бизнес-процесстерди жана финансыны автоматташтырылган башкаруу.

  1. Информатика жана эсептөө техникасы: (, же )

— Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы (ПОВТАС);

— Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (АСОИУ).

  1. Информациялык системалар жана технологиялар: (,
    же )

— Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар.

  1. Маалыматтык коопсуздук (, же )

Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия ()

  1. Информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо: (, же )
  2. Программалык инженерия: (, же )

— Веб-технологиялар жана мобилдик системаларды программалык камсыздоо.

  1. Дизайн: графикалык дизайн ()

 

ФИЗИКА-ТЕХНИКА ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Физика-математикалык билим берүү — Физика (, же )
  2. Физика (, же )
  3. Электроэнергетика жана электротехника — Электр менен камсыздоо (, же )
  4. Агроинженерия ()
  5. Архитектура (, чыгармачылыгын сыноо).
  6. Программалык инженерия: (, же )

— Электромобилдер жана роботтук техникалык системаларды автоматтык башкаруу үчүн программаларды иштеп чыгуу.

  1. Техникалык физика: (,
    же )

— Медициналык физика;

— Криминалистикалык экспертизанын физикалык методдору.

Эмгек жана жалпы техникалык дисциплиналар ()

Бизнес жана менеджмент факультети

  1. Экономика (, ):

— Финансы жана кредит;

— Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;

— Ишканалардын экономикасы жана башкаруу;

— Салык жана салык салуу;

— Экономикадагы математикалык методдор.

  1. Менеджмент (, ):

Менеджмент; Уюмдун менеджменти; Персоналды башкаруу.

  1. Бизнес информатика (,
    )
  2. Бизнес жана башкаруу
    (, )
  3. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (, )
  4. Маркетинг (, )

 

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Эл аралык мамилелер
    (, же )
  2. Саясат таануу ()

 

ЧЫГЫШ ТААНУУ ИНСТИТУТУ

  1. Чыгыш таануу, африка таануу (, же )

Конфликтология ()

  1. Лингвистика: Котормо жана котормо таануу (корей, араб, фарс, япон тилдери).

 

Кыргыз-кытай факультети

  1. Кытай таануу ()
  2. Лингвистика: Котормо жана котормо таануу ()
  3. Филология: ()

— Филологиялык дисциплиналарды окутуунун методикасы (англис тили);

— Филологиялык дисциплиналарды окутуунун методикасы (кытай тили).

  1. Программалык инженерия: (, же )

— Информатика жана технология;

— Электрондук маалымат инженериясы.

 

Медицина факультети

  1. Дарылоо иши (, , )
  2. Педиатрия (, , )
  3. Медициналык алдын алуу иши (, , )
  4. Стоматология (, , )
  5. Фармация (, , )
  6. Медициналык айым иши (кечки).

ЭЛ аралык Медицина факультети

Дарылоо иши (чет элдик жарандар үчүн).

ТЕОЛОГИЯ факультети

  1. Теология ()

АРАШАН ГУМАНИТАРДЫК институту

  1. Теология ()

 

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР

(9, 11-кл. базасында):

050717 Теология

 

ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ЖОГОРКУ МЕКТЕБИ

РОССИЯЛЫК ЖАНА ЕВРАЗИЯЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ

  1. Аймак таануу: Чыгыш Азия (, же )

Россия менен кош дипломдуу программа;

Башталгыч билим берүү. Англис тили ()

Россия менен кош дипломдуу программа;

Математика жана компьютердик илимдер: Инженердик жана технологиялык долбоорлоодо компьютердик моделдөө ()

Россия менен кош дипломдуу программа;

Эл аралык мамилелердеги санариптик дипломатия. ()

Россия менен кош дипломдуу программа.

 

ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ИНТЕГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ

  1. Программалык инженерия (, же )
  2. Интернет технологиялар жана башкаруу (, же )
  3. Экономика: Дүйнөлүк экономика (, )
  4. Туризм: (, же )

— Туризм менеджменти жана мейманкана иши;

— Эл аралык туризм.

 

ЕВРОПАЛЫК ЖАНА АМЕРИКАЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ

  1. Европа таануу (, же )
  2. Бизнес жана башкаруу: Эл аралык бизнес (, )
  3. Юриспруденция: Эл аралык жана европалык укук (, )

Англис тили кошумча котормо жана котормо таануу профили менен ()

Англис тили кошумча компьютердик лингвистика профили менен ()

 

Индустриалдык-педагогикалык колледж

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай; 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  • Башталгыч класстарда окутуу;
  • Мектепке чейинки билим берүү;
  • Дене тарбия;
  • Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу (ПОВТАС);
  • Дизайн;
  • Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы;
  • Социалдык иш;
  • Социалдык патронаж;
  • Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү.

Эл аралык билим берүү программалары колледжи

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай; 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  • Чет тили
  • Котормо иши (англис, немис, корей, япон, араб, түрк, кытай)

STEM инновациялык колледжи

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай; 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  • Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)
  • Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо
  • Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо
  • Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо
  • Эсептөө техникаларынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө
  • Колдонмо информатика (экономика аймагында)
  • Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары
  • Ветеринария
  • Туризм
  • Колдонмо геодезия

 

IT академия

WEB–технология – окуу мөөнөтү – 1 жыл

Локалдык тармактар администратору – окуу мөөнөтү — 1 жыл

Программалоо курстары – окуу мөөнөтү – 3 ай

Робототехника – окуу мөөнөтү – 3 ай

 

МАГИСТРАТУРА

Окуу мөөнөтү – 2 жыл;

510100 Математика

510200 Колдонмо математика жана информатика

510400 Физика

520100 Химия

520200 Биология

530200 Саясат таануу

530300 Психология

530500 Юриспруденция

530800 Эл аралык мамилелер

530900 Чыгыш таануу, африка таануу

531000 Филология

531100 Лингвистика

531500 Аймак таануу

531600 Теология

532000 Дене тарбия жана спорт

532300 Кытай таануу

540200 Социалдык иш

550100 Табигый-илимий билим берүү

550200 Физика-математикалык билим берүү (математика, физика, информатика)

550300 Филологиялык билим берүү (кыргыз тили ж-а адабияты; орус тили ж-а адабияты; чет тили;)

550400 Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых)

550600 Көркөм билим берүү (музыкалык искусство; көркөм өнөр искусствосу)

550700 Педагогика

560100 Коомдук саламаттыкты сактоо

570700 Костюм жана текстиль искусствосу

580100 Экономика

580200 Менеджмент

580700 Бизнес жана башкаруу

581000 Маркетинг

600200 Туризм

640200 Электроэнергетика жана электротехника

710100 Информатика жана эсептөө техникасы

710200 Информациялык системалар жана технологиялар

710300 Колдонмо информатика

Билим берүүнүн менеджменти

Медициналык колледж

(11-класстын базасында)

Акушердик иш — 2 жыл 10 ай

Медициналык айым иши — 2 жыл 10 ай

Дарылоо иши — 3 жыл 6 ай

Ортопедиялык стоматология — 2 жыл 10 ай

Профилактикалык стоматология — 2 жыл 10 ай

Фармация — 2 жыл 10 ай

Лабораториялык диагностика — 2 жыл 10 ай

Өзгөн эл аралык медициналык колледжи

(11-класстын базасында)

Акушердик иш — 2 жыл 10 ай

Медициналык айым иши — 2 жыл 10 ай

Дарылоо иши — 3 жыл 6 ай

Ортопедиялык стоматология — 2 жыл 10 ай

Профилактикалык стоматология — 2 жыл 10 ай

Фармация — 2 жыл 10 ай

Физикалык терапия (9, 11-кл.баз.) — 1,2 жыл 10 ай

Финансы-юридикалык колледж

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай; 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  • Укук таануу
  • Укук коргоо ишмердүүлүгү
  • Экономика жана бухгалтердик эсеп
  • Финансы
  • Салык жана салык салуу
  • Банк иши
  • Теология

ОШМУ: БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧ!

Бөлүшүү

Комментарийлер