ОШМУ БЕЛОРУССИЯНЫН ОКУУ ЖАЙЛАРЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУН БЕКЕМДЕЙТ

  • 26.01.2022
  • 0

Белоруссиядагы Барановичи мамлекеттик университети менен ОшМУнун ортосунда биргелешкен билим берүү программасын түзүү, семестрдик академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча видеоконференция өттү.

ОШМУ БЕЛОРУССИЯНЫН ОКУУ ЖАЙЛАРЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУН БЕКЕМДЕЙТ

Конференцияга Барановичи мамлекеттик университетинин ректору А.Унсович баштаган жетекчилер: биринчи проректор В.Климук, окуу иштери боюнча проректор О.Наранович, факультеттердин декандары катышса, ОшМУдан ректор Кудайберди Кожобеков башында турган ректорат өкүлдөрү, факультеттердин декандары, кафедра башчылар катышты.

Александр Унсович университетте бизнес билим берүүгө, студенттердин илимий потенциалын жогорулатууга, спорттук жана маданий ишмердүүлүктөрдү өнүктүрүүгө мыкты шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи. Илимий изилдөө иштеринин абалы боюнча биринчи проректор Владимир Владимирович айтып берди.

Кудайберди Кожобеков  ОшМУ эл аралык рейтингдердин сап башында турган, ар тараптуу билим берген классикалык окуу жай экендигин, анын көптөгөн багыттары БарМУдагы багыттарга дал келүүсүн, ошондуктан биргелешкен билим берүү программаларын түзүүгө толук шарттар бардыгын билдирди. Ошондой эле ал бул багытта ОшМУ Россиянын окуу жайлары менен жемиштүү кызматташып, бир нече адистиктер боюнча кош дипломдуулук программаларын иш жүзүнө ашырып жаткандыгын маалымдады.

Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев ОшМУ тууралуу презентация жасады. Жолугушууда академиялык мобилдүүлүк, жазгы жана кышкы мектептерди уюштуруу, илимий изилдөө багытында кызматташуу боюнча да сөз болду.

Барановичи мамлекеттик университетинин ОшМУ менен кызматташуу келишими 2019-жылдын 19-мартында түзүлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер