ОШМУ АНДОНГ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ  МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 23.08.2022
  • 0

23-августта ОшМУ Түштүк Кореядагы Андонг улуттук университети менен кызматташтык боюнча меорандумга кол койду. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты. 

ОШМУ АНДОНГ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ  МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТЖыйынга Андонг улуттук университетинин ректору Квон Сун Тэ, университеттер менен айыл чарба багытындагы кызматташтыктарды жетектеген топтун башчысы, профессор Чжон Ик Чжон, окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Ким Бён Гю, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректор Замирбек Божонов, Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсунов, бөлүм башчылар,   программа жетекчилери катышты.

Жолугушууда ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов делегациянын курамын окуу жайда сапаттуу билим берүү, ички жана сырткы академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү, жаңы заманбап инфраструктураларды түзүү, көп тилдүү билим берүү, дүйнөлүк рейтингдерге кирүү багытында жасалып жаткан иш-аракеттер менен тааныштырды. Учурда ОшМУ дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндөгү 300дөн ашуун окуу жай менен келишимдерге кол коюп, кызматташып келерин айтты. Андан сырткары Түштүк Кореянын жогорку окуу жайлары менен байланыштарды  бекемдеп, академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.

Андонг улуттук университетинин ректору Квон Сун Тэ  делегациянын атынан ОшМУнун жамаатына ыраазычылык билдирип, түгөнгүс ресурстарга бай, алдыңкы  окуу жай менен кызматташууга кызыктар экендигин белгиледи. Эки окуу жайдагы окшош адистиктер ортосунда академиялык мобилдүүлүктү күчөтүп, айыл чарба багытында адистиктерди өнүктүрүү багытында жаңы технологиялар жаатында кызматташтыктарды бекемдөөгө кызыктар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайдын ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.

Делегация Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебиндеги аймак таануу адистиктери билим алган корей тили борборлорун көрүп, студенттерге корей тилин, маданиятын, салт-санаасын  үйрөнүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Андонг улуттук университетинин тарыхы 1947-жылдан башталган Түштүк Кореядагы алдыңкы окуу жайлардын бири.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер