ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИНИН ЭҢ МЫКТЫ ЭКИ ДОЛБООРУ ҮЧҮН ГРАНТТАР

  • 11.03.2023
  • 0

2023-жылдын 6-мартында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда студенттер жана магистранттар үчүн алты күндүк бизнес окутуу башталды.

ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИНИН ЭҢ МЫКТЫ ЭКИ ДОЛБООРУ ҮЧҮН ГРАНТТАР

Жаш стартаперлер жеке ишкердикти баштоонун этаптарын үйрөнүп жатышат.

АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID), Ага Хан фонду жана ОшМПУ тарабынан уюштурулган окутууга 100дөн ашуун студенттен өтүнмө түшүп, анын 30у тандалып алынган.

Белгилей кетсек, окутуунун соңку күнүндө бизнес-идеялардын сынагы уюштурулуп, эң мыкты деп табылган эки долбоорго 2000ден 4000 АКШ долларына чейин грант берилет.  

Бөлүшүү

Комментарийлер