ОшМПУда “ДЕН СООЛУК — 2022” СПАРТАКИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 26.01.2022
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде  жыл сайын салтка айланган факультеттер аралык профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосундагы “ДЕН СООЛУК  -2022” кышкы спартакиадасы болуп өттү.  Мелдеш 17-январдан 21-январга чейин окуу жайдын дене тарбия факультетинин жетектөөсүндө өтүп, бардык факультеттердин окутуучуларынан куралган жети команда оюн көрсөттү.

Алгач стол тенниси менен башталган спорттук оюндар шахмат, волейбол, тогуз коргоол, стол тенниси  менен аяктады. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде  бир жумалык таймаштын жеңүүчү командаларына жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга жетекчилик тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чараны уюштуруунун башкы максаты ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер