ОшМПУ – ОРДОЛУУ ОШТУН КУТУ, ООМАТТУУ БИЛИМ ЖУРТУ!

  • 24.05.2021
  • 0

Кыргызстандын орто мектептерине терең пайдубалдуу, жогорку квалификациялуу педагог адистерди даярдоонун түптүү устаканасына айланган Ош мамлекеттик педагогикалык университети 1925-жылы ачылып, түштүктөгү эң алгачкы педагогикалык окуу жай болуп негизделген. Кезинде Ош педагогикалык окуу жайы катары биринчилерден болуп өлкөбүздүн түштүгүндө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаган. Билимдин очогуна айланган аталган окуу жай жыл өткөн сайын жаңыланып, бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Белгилей кетсек, 1994-жылы Ош педагогикалык окуу жайы бир канча жаңы адистиктердин ачылуусу менен Ош педагогикалык колледжи болуп түзүлсө, 1996-жылы Ош жогорку колледжи болуп өзгөргөн, 2002-жылы Кыргыз өкмөтүнүн №316 токтомунун негизинде “Ош гуманитардык-педагогикалык институту” статусу ыйгарылган. Ошондой эле 2021-жылдын 5-апрелинде КР Билим берүү жана илим министрлигинин №368\1 буйругунун негизинде Ош мамлекеттик педагогикалык университети макамы берилди.

ОшМПУ – ОРДОЛУУ ОШТУН КУТУ, ООМАТТУУ БИЛИМ ЖУРТУ!

Ош мамлекеттик педагогикалык университети терең пайдубалдуу билимге ээ жогорку квалификациялүү атайын адистерди даярдоочу илимий мекеме катары ийгиликтүү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда. Окуу жайда жалпы 13787 студент таалим алып, 300гө жакын профессордук-окутуучулук курам алгылыктуу эмгектенүүдө. Учурда университетти – ынтымактуулук менен жамаатты алга сүрөп, педагогика илимдеринин доктору, профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович жетектеп келүүдө.

ОшМПУнун МИССИЯСЫ

Билим берүүдө сапат кепилдигин камсыздоо менен коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алган, интеллектуалдык потенциалы жогору, атаандашууга жөндөмдүү, дүйнөлүк деңгээлге интеграцияланган, педагогикалык, социалдык-экономикалык багыттагы жогорку жана орто кесиптик компетенттүү адистерди даярдоо.

ИЗДЕНҮҮ, ИЙГИЛИК, ЖАҢЫ БАСКЫЧТАР

Окуу жай өз арышын таштап, жаңы үлгүдөгү акыркы технологиялар менен жабдылган заманбап шарттарды колдонуу жолуна түшкөн мезгилден баштап күн сайын адистердин аркеттенүүсүн, мыкты кадрлардын кулач жайып, өз кесибинин мыктысы болуп чыгышына кадыресе көңүл коюу менен өз ишмердүүлүгүн улантуу аркылуу негизги талаптардын бири катары саналган материалдык-техникалык базаны чыңдоо иштерине абдан жакшы көңүл бура алды жана кыска убакыт аралыгында заманбап үлгүнүн шартталышына ылайык келген структураны түзүүгө жетише алды.

Азыркы учурда заман талабына жооп берген төрт окуу корпусу, 650 орундуу студенттик жатакана, жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылган компьютердик залдар, электрондук китепканалар, виртуалдык лабораториялар, заманбап мультимедиалык кааналар, видео-проекторлор менен жабдылган лекциялык залдар, окуу залдары, китепкана, спорттук жана теннистик корттор менен бирге атайын усулдук борборлор кызмат көрсөтүүдө.

ОшМПУ – ОРДОЛУУ ОШТУН КУТУ, ООМАТТУУ БИЛИМ ЖУРТУ!

Замандын талабы, мезгилдин агымы шарттаган «Бирдиктүү терезе» системасы ишке ашырылып, санариптештирүү багыты жолго коюлган.

ЗАМАНДАШ жана АТААНДАШ

Учурдун талабы ушул кадамдарга барууга мажбур да, муктаж да кылууда. Ал эмне? Албетте, бул – реалдуу, ачык, заманбап атаандаштыкты жүргүзө алуу жана анын талаптарына туруштук берүү.

Бул багыттан да алдыга чыгып, билим берүүнүн реалдуу чындыкка дал келген моделдерин ишке ашыруу менен эл аралык байланышты чындоо – бул алмашуу жана өнүгүү багытын колго алган негизги аракеттердин маанилүү этабы болуп саналат.

Окуу жай ички жана эл аралык байланышты чыңдоону колго алып, билим берүү майданында негизги атаандаштыкты жүргүзө алууга жетишти жана мобилдүүлүк боюнча алмашуу иш-аракеттерин туура багытта жүргүзө алды. Бул кадамдар ийгиликтин баскычтарын ашууга себеп болуп, анын негизинде бир топ студенттер билимин өркүндөтүп, көптөгөн мугалимдер тажрыйба алмашып келүүгө жетишти.

Бул колдоолор менен катар эле окутуучулардын жана студенттердин дүйнөлүк стандарттын негизинде компетенттүү адис болуп калыптануусу үчүн англис, орус, кытай, түрк, япон жана немец тилдери боюнча акысыз курстар уюштурулуп, анын алкагында студенттерге чет жактарга чыгып окуп, тажрыйба алмашып келүүсүнө мүмкүнчүлүктөр жаралды.

Билим алып жаткан студенттердин эртеңки педагогикалык ишмердүүлүгү жогорку деңгээлде болуусу үчүн өлкөбүздөгү дасыккан, тажрыйбалуу педагогдор, илимпоздор, маданий кызматкерлер, чет өлкөлүк коноктор менен жолугушуулар окуу жай тарабынан жөнгө салынып, максаттуу түрдө ишке ашып жатат. Бул багыттын катарында Чехия, Германия, Япония, Кытай, Польша, Америка, Түркия жана Россия өлкөлөрүнөн келген коноктор менен мыкты жолугушууларды, тажрыйба алмашууларды жөнгө салуу менен кызматтык келишимдер
түзүлдү.

ОшМПУ – ОРДОЛУУ ОШТУН КУТУ, ООМАТТУУ БИЛИМ ЖУРТУ!

СТУДЕНТ – ОКУУ ЖАЙДЫН БАЙЛЫГЫ

Ар бир иштин акыбети болот. Дал ошол сыңары окуу жайдын негизги ийгилигин билимдүү жаштар, интеллектуал студенттер түзөт. Бирок, ийгиликтүү кадамды баштоо үчүн аларга шарттар, мүмкүнчүлүктөр каралган болуусу шарт. Мындай багыттагы колдоолор биздин окуу жайда жогорку деңгээлде эске алынган жана түздөн-түз студенттерге тиешелүү болгон бир топ чоң суммалар түзүлгөн. Албетте, мунун баары өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууну эңсеген жаңы муундун калыптанышы үчүн максаттуу түрдө жолго коюлган багыттардын бир булагы.

Окуу жайдын деңгээлинен тартып дүйнөлүк, эл аралык бийиктиктерге кол сунган студенттер үчүн келишимдик окуунун суммасынан жеңилдиктер каралып, аларга карата колдоолор, каржылык жардамдар, стипендиялык төлөмдөр, акчалай сыйлыктар, атайын жеке демөөрчү ишкерлер тарабынан да акчалай колдоолор берилип
келет.

Долбоорлорду, мыкты түзүлгөн проектилерди ишке ашыруу үчүн түздөн-түз окуу жайдын эсебинен атайын студенттерге жогорку суммалар берилип келет.

Бул колдоолордун жемиши катары окуу жайдын студенттери өлкө ичинде өткөрүлгөн баардык багыттагы сынактарды алдыңкы орундарга жетишип, андан сырткары дүйнөгө, Азияга, Европага билими, таланты аркылуу кол сунган сыймыктарыбыз арбын болуп келүүдө. Жыл сайын алдыңкы студенттерибиз республикалык стипендияларга жетишип, анын алкагында Президенттик “Үмүт” стипендиясын, коомдук ишмер Аскар Салымбеков тарабынан демилгеленген “Наамыс”, “Тирек” стипендияларын ар тараптуу жетишкендигин көрсөтүп келген студенттер алып келүүдө. Окуудан сырткары мыкты окуган студенттерге өлкөбүздүн жети дубанын жана кошуна мамлекеттердин кооз шаарларын кыдырууга жолдомолор берилет. Булардын баардыгы мыкты адистин калыптанышы үчүн жасалган окуу жайдын максаттуу эмгеги.

МЕЗГИЛДИН АГЫМЫНДАГЫ АРАКЕТТЕР

Ош мамлекеттик педагогикалык университети билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу кепилдиги боюнча сунуштарга таянуу менен илимдин, маданияттын, экономиканын, технологиянын жана социалдык чөйрөлөрдүн өнүгүүсүн кабылдап, профессионалдык билим берүү программасын ишке ашыруу жолунда. Окуу жайда билим алып жаткан ар бир студенттин прогрессивдүү деңгээлдеги интеллектуалдык потенциалын, маданий өсүшүн жана кесиптик чеберчилигин арттырып ар тараптуу адис кылып тарбиялап, кылымга тете тарыхы, тажрыйбасы менен кең келечекке карай өз кадамын арыштап барууда. Мындан ары да ушул өңүттө ишмердүүлүк улантып, токтобогон илимий процессте ийгиликтерди жаратуу – окуу жайдын негизги тилеги.

ЖАБЫЛА КӨТӨРГӨН ЖҮК ЖЕҢИЛ

“Ынтымактуу жамааттын, ырыскысы түгөнбөйт” деген берекелүү, ары маңыздуу ураандын астында биригип бир тилек, бир билек менен иш алып бара жаткан окуу жайыбыздын жалпы профессордук-окутуучулар курамы, атайын адистер, кыйын кырдаалдан кеменгерлик менен алып чыккан кызматкерлер, укканга санат, учканга канат берген устаттар, алардан таалим-тарбия алган шакирттер, ийгиликтин ордосун илимден издеген илимпоздор, ар бир учурдун гүлдөгөн доору болгон сымал, күн сайын окуу жайдын көркүн ачкан аруу кыялга бай студенттер, чымыр денеси, кубаттуу кайраты менен кылчайнашкан таймаштан жеңишти камсыздап келген спортчуларыбыз, акылынын акыбети, билиминин бийиктиги аркылуу эчендеген эстүүлөрдү артка таштап алдыга озунган акылдуу жаштарыбыз, булардын баары биздин тагдырыбызды өз тарыхына байлаган Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин алга карай багыт алуусуна салым кошуп келүүдө. Тарбия ишинде танапис жоктугун эске алган мугалимдерибиздин колунан даярдалган кадрлар өлкөбүздүн эң абройлуу кызматтарын аркалап, мээнети, эмгеги аркылуу элдин жүгүн көтөрүүдө, мунун өзү чоң сыймык.

АБИТУРИЕНТ – 2021

Өлкөбүздүн билим берүү айдыңында өзүнүн кулачын кенен жайып, педагогикалык багыттагы сапаттуу кадрларды даярдоонун очогуна айланган Ош мамлекеттик педагогикалык университети 2021-2022-окуу жылына карата төмөндөгү багыттар боюнча абитуриенттерди жана магистранттарды кабыл алат.

Университетте бюджеттик жана келишимдик негизде жогорку жана орто билим берүү үчүн педагогикалык багыттагы баардык адистиктер боюнча кесип ээлери даярдалат.

КЫРГЫЗ-РОССИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү:

• Кыргыз тили жана адабияты

• Орус тили жана адабияты

• Кытай тили

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү:

• Англис тили

  1. Социалдык-экономикалык билим берүү:

• Тарых

  1. Социалдык иш
  2. Аймак таануу (япон тили)

ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Табигый-илимий билим берүү:

• Биология

• География

• Химия

ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Дене тарбия (ЖРТ милдеттүү эмес)

МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Педагогика:

• Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана усулу

• Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу

  1. Көркөм билим берүү, (музыка) (ЖРТ милдеттүү эмес)
  2. Психология

МАТЕМАТИКА ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Физикалык-математикалык билим берүү:

• Математика

• Информатика

КОЛЛЕДЖ

  1. Башталгыч класстарда окутуу
  2. Мектепке чейинки билим берүү
  3. Дене тарбия
  4. Социалдык иш
  5. Чет тили
  6. Котормо иши
  7. Башкарууну документтик камсыздоо жана архив жүргүзүү

МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ

 Магистранттарды кабыл алуу келишимдик негизде 2021-жылдын 1-июлунан 25-августуна чейин төмөндөгү багыттар боюнча жүргүзүлөт. Магистратурага кабыл алуу аңгемелешүүнүн негизинде ишке ашат. Окуу мөөнөтү –
2 жыл.

550700 — Педагогика (профили: башталгыч билим берүүнүн усулу, мектепке чейинки билим берүүнүн усулу) магистр;

550100 — Табигый илимий билим берүү (профили: биология, химия, география) магистр;

550300 — Филологиялык билим берүү (профили: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили) магистр;

550400 — Социалдык-экономикалык билим берүү (профили: тарых) магистр;

550200 — Физика-математикалык билим берүү (профили: математика, информатика) магистр.

Керектелүүчү документтер:

▶          Абитуриенттин арызы;

▶          АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ (түп нускасы);

▶          ЖРТнын сертификаты;

▶          3х4 өлчөмүндөгү алты даана сүрөт;

▶          Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

▶          Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

Биздин дарек:

Ош шаары, Н.Исанов көчөсү 73,

Кабыл алуу комиссиясы 120-каб.,

Телефон: 0(3222)4-35-30

0779 98 00 88, 0554 50 92 52, 0778 49 46 87, 0706 54 23 25

Сайт: www.ogpi.kg,    E-mail: [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер